КР ӨКМнин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын түзүлүү тарыхы

0
1 079 просмотров

Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешинин Президиумунун 1970-жылдын 11-декабрындагы Жарлыгынын негизинде Нарын жана Ысык-Көл облустары түзүлгөндүгүнө байланыштуу («Кыргыз ССРнин Жогорку Кещешинин Президиумунун Жарлыгына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз ССРнин 1970-жылдын 25-декабрындагы № 1446 VII — буйругу, Кыргыз ССРнин министрлер Кещешинин 1970-жылдын 24-декабрындагы № 478-токтому) 1971-жылы Нарын облусунун Жарандык коргонуу штабы түзүлгөн.

  • 1991-жылга чейин СССР Коргоо министринин Орто Азия аскер округунун

Нарын облустук Жарандык коргонуу штабы.

  • 1991-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын коргонуу иштери боюнча

Мамлекеттик комитетинин алдындагы Жарандык коргонуу башкармалыгынын Нарын облустук Жарандык коргонуу штабы.

  • 1993-1996-жылдары Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жана

өзгөчө кырдаалдар боюнча Мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Жарандык коргонуу башкармалыгынын Нарын облустук Жарандык коргонуу штабы.

  • 1996-2001-жылдары Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жана

өзгөчө кырдаалдар боюнча министрлигинин Жарандык коргонуу башкармалыгынын Нарын облустук Жарандык коргонуу штабы.

  • 2001-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын экология жана өзгөчө

кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу башкы башкармалыгынын Нарын облустук Жарандык коргонуу башкармалыгы.

  • 2005-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар

министрлигинин Чыгыш регионалдар аралык башкармалыгынын Нарын облусу жана Нарын шаары боюнча бөлүмү.

  • 2009-жылы Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгы.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу жөнүндө” 2016-жылдын  8-декабрындагы № 648 токтомунун негизинде, КР ӨКМнин Нарын облусу боюнча башкармалыгы менен Өрткө каршы мамлекеттик  кызмат башкармалыгы бир структурага бириктирилип, бүгункү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгы болуп түзүлгөн.

Print Friendly, PDF & Email