КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынын түзүлүшүнүн тарыхы

0
1 214 просмотров

1952-жылдын 1-январь күнү Ош облусу боюнча жергиликтүү аба күчтөрүнө каршы коргоо Штабы уюшкан, ал эми 1961-жылдын 18-мартынан   Ош облустук жарандык коргоо  тутумун уюштуруу жана башкаруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин буйругу менен Ош облустук жарандык коргоо Штабы түзүлгөн.

1991-жылдын 31- август күнү Кыргыз Республикасы өзүнүн көз карансыздыгын кабыл алып жана ошол күндөн баштап Ош облустук жарандык коргоо Штабы өз ишмердүүлүгүнүн түзүмүн баштады.

1991- жылдын август айынан 1993- жылдын июль айына чейин   Ош облустук жарандык коргоо Штабынын башчысы    — подполковник Иванов Виктор Яковлевич, 1994- жылдын январь айынан 1998- жылдын февраль айына чейин-  подполковник  Кузнецов Алексей Александрович,  1998 –жылдын март айынан баштап 2001- жылдын февраль айына чейин  — полковник М.А. Чекирбаев, 2001 -жылдын март айынан баштап 2003 — жылдын февраль айына чейин – полковник Д.Д.Аманбеков, 2003- жылдын февраль айынан баштап 2005 -жылдын май айына чейин – полковник Д.И. Укашев,2005-жылдын май айынан 2006-жылдын февраль айына чейин –полковник Эрмаматов С.О. болгон.

2006- жылдын  февраль айында  Ош облустук жарандык коргоо Штабы кайрадан уюштурулуп, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын карамагына кирген, ошондой эле 2006- жылдын  февраль айынан май айына чейин  полковник Бейшеев Э.А.,  май айынан полковник Мавлянов А.И.  Ош облусуна жоопту болуп дайындалышкан.

2008-жылдын март айынан баштап  2009-жылдын февраль айына чейин КР ӨКМ Ош облустук башкармалыгынын башчысы  мамлекеттик кызматкер Маллаев Халил Маллаевич, ал эми  2009 -жылдын февраль айынан баштап  2014-жылдын 28-февралына чейин   полковник Джумагазиев Замирбек Джумагазиевич болгон.

2014-жылдын 28-февралынан 2017-жылдын 1-августтуна  чейин майор   Каримов  Дайырбек Абдурасулович Ош облусу боюнча башкармалыгынын  башчысы болгон.

2017-жылдын 10-августтунан 2019-жылдын 10-январына  чейин полковник Курбанбаев Сабиржан Сатарович КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынын  башчысы болгон.

2019-жылдын 30-майынан бүгүнкү күнгө чейин подпорлковник Эргешов Исабек Мырзаевич КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынын  башчысы болуп кызмат өтөөдө.

Жогоруда көрсөтүлгөн ар бир  жетекчилер калкты жана аймакты өзгөчө кырдаалдан коргоо иш-чараларына, облустук жарандык коргоо структурасын өнүктүрүүгө жана кадрларды даярдоо тутумунда олуттуу салымдарын кошушкан.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here