КР ӨКМнин Ош облусунун аймактык мүнөздөмөсү

0
1 759 просмотров

Ош облусу – Кыргызстандагы ири административдик-аймактык бирдик. Кыргыз Республикасынын түштүгүндө жайгашкан. Түндүгүнөн Жалалабат облусунун Сузак району, түндүк-батышынан Өзбекстан, батышынан Баткен облусу,түштүгүнөн Тажикстан, түндүк-чыгышынан жана чыгышынан Нарын облусу, Кытай менен чектешет. Ош облусу 1939-ж. 21-ноябрда уюшулган.1959-ж. 27-январда Жалалабат облусу менен биригип, 1990-ж. 14-декабрда кайра эки облуска – Ош жана Жалалабат облустарына ажыраган. 1999-ж. Ош облусунун курамынан Баткен облусу бөлүнгөн. Облус 7 районго (Алай, Араван, Каракулжа, Карасуу, Ноокат, Өзгөн, Чоң Алай), 3 шаарга (а. и. Ош шаары облуска, Карасуу, Өзгөн районго баш ийет), 2 шаарчага (Найман, Сарыташ), 82 айыл өкмөтүнө, 469 айылга бөлүнөт. Аянты 29,2 миң км2. Калкы 1247,3 миң (2003).

Борбору – Ош шаары.

Табияты. Ош облусу Памир–Алай жана Батыш Теңир-Тоо аймагында, Амударыя менен Сырдарыянын алаптарында жайгашкан. Тоолуу рельеф мүнөздүү, деңиз деңг. бийиктиги түндүгүндө 500 мден түштүгүндө 7000 м бийиктикке чейин өзгөрөт; тоо аралык өрөөндөрү жана ойдуңдары 900 мден 3000 мге чейинки бийиктиктерде жайгашкан. Түрдүү абс. бийиктиктерде жайгашкан бийик тоолор менен адырлардын, тоо аралык ойдуңдар- дын татаал айкалышы аймактын рельефинин өзгөчөлүгүн түзөт. Ош облусунун түш.бөлүгүн Памир-Алай тоо системасына кирген Алай, Чоң Алай кырка тоолору, түн.-чыгышын Батыш Теңир-Тоо системасындагы Фергана тоо тизмеги, түндүгүн Фергана ойдуңунун түш. чет жакасы жана аны чектеп турган кырка тоолорду этек тоолору ээлейт. Алай кырка тоосунун (бийикт. 6000 мге чейин) Фергана өрөөнүн караган түн.капталы жантайыңкы келип, узатасынан созулган бир нече тоолор менен татаалданган. Аны түштүктө Алай өрөөнү (деңиз деңг. орт. бийиктиги 3000 м) Чоң Алай кырка тоосунан бөлүп турат. Чоң Алай кырка тоосунун эң бийик чокусу – Ленин – 7134 мге чейин көтөрүлөт; түн. капталы Ош облусуна, түш. капталы Тоолуу Бадакшанга карайт. Бул кырка тоолор негизинен кумдук-чопо, акиташ тектери жана аларды жиреп чыккан магма тоо тектеринен түзүлүп, альп тибиндеги рельеф мүнөздүү; алардын капталдары дарыя өрөөндөрү менен тилмеленген, бийик кыркаларын түбөлүк кар, мөңгүлөр ээлейт. Облустун түн.-чыгыш чегин Фергана тоо тизмеги түзүп (эң бийик жери Тар суусунун алабындагы Үчсейит массивинде, 4948 м), анын структурасында кристаллдык тектер басымдуулук кылат. Анын жазы, жантайыңкы түш.-батыш капталы дарыя өрөөндөрү менен тилмеленген. Фергана тоо тизмегинен түш.-чыгышты карай Алайкуу (эң бийик жери 4733 м) жана Академик Адышев (4745 м) кырка тоолору созулуп жатат.Облустун эң түн. бөлүгүн, Фергана өрөөнүнун чет-жакасын адырлар тилкеси ээлейт; адырлардын негизин конгломерат тектери түзүп, үстү лёсс жана лёсс сымал тектер менен капталып, Алай кырка тоосунан агып түшкөн суулар менен тилмеленген; облустун аймагынан күрөң жана таш көмүр (Алмалык, Өзгөн ж. б.), ысык жана минералдуу суулар(Өзгөн, Карашоро ж. б.), курулуш материалдары ж. б. кендер чыгат.

Облустун климаты негизинен мелүүн жана тропик кеңдиктеринин аба массаларынын таасиринен түзүлгөн; мелүүн алкактын аба массалары негизинен кыш, тропиктик аба массалары жай мезгилдеринде үстөмдүк кылат. Аймактын климатына батыштан соккон аба агымынын мааниси зор, ал 3000 м жана андан жогорку бийиктиктерде үстөмдүк кылып, тоолордун шамал агымын караган батыш жана түш.-батыш капталдарына жаан-чачынды мол алып келет (мис., Фергана тоо тизмегине ж. б.). Климатынын негизги өзгөчөлүгүн анын бийиктик алкактуулук боюнча өзгөрүүсү түзөт. Деңиз деңг. 600–1000 м бийиктикте жайгашкан жерлердин климаты жылуу, жарым чөлдүү; кышы мелүүн, жылуу (январдын орт. темп-расы –3… –4°С), кыска. Жайы ысык (июлдуку 24–25°С),кургакчыл. Аптап ысыкта 40°Сге чейин көтөрүлөт. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү 200 ммдей; көбүнчө кышында жаайт. Вегетация мезгили 210–215 күн. 1100–2000 м бийиктикте мелүүн, жылуу климат өкүм сүрөт. Кышы мелүүн суук ( январдын орт.темп-расы –3… –7°С), жайы жылуу (июлдуку 20°С). Жылдык жаан-чачыны 400–600 мм,басымдуу бөлүгү жазында жаайт. Вегетация мезгили 142–195 күн. 2000 м бийиктиктен жогору жана 3000 мге чейин климаты мелүүн. Кышы салыштырмаалуу суук келип, узакка созулат. Жайы салкын (июлдун орт.темп-расы 18–11°С). Жаан-чачындын жылдык өлчөмү 600 ммден ашат. Вегетация мезгили 95–110 күн. Тоолордун кыр бөлүктөрүндө (3000 мден жогору) климаты катаал, суук (июлдун орт. температурасы 10°Сден төмөн).

Облустун эң ири дарыясы – Карадарыя; ал Фергана тоо тизмегинен башталган Кара-Кулжа жана Тар сууларынын кошулушунан пайда болуп, Өзбекстандын аймагында Нарынга куюп, Сырдарыяны түзөт. Анын ири куймалары: Жазы, Куршаб, Карадарыя ж. б. Фергана тоо тизмегинен башталган дарыялар негизинен кардын эриген сууларынан куралат. Ал эми Сырдарыянын алабына кирген Алай, Кичи Алай кырка тоолорунан башталган башкы суулары (Акбуура, Аравансай ж. б.) негизинен мөңгү сууларынан куралып, суусу июнь-июль айларында кирет. Алар Сырдарыяга жетпей Фергана өрөөнүнө чыга бериште Өзбекстан, Тажикстандын жерлерин сугаруу үчүн сугат тармактарына бөлүнүп кетет. Алай өрөөнү аркылуу батышты (Батыш Кызылсуу) жана чыгышты (Чыгыш Кызылсуу) карай аккан ири суулар Амударыянын жана Таримдин алабына кирет.

Облустун аймагында жайгашкан тоолордо жалпы аянты 1546,3 км2 болгон 1,5 миңден ашык мөңгү бар. Алардын көбү Алай кырка тоосунун түн. (жалпы аянты 538,1 км2)жана түш. (138,3 км2) капталдарында жайгашкан. Ири мөңгүлөрү Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталынан орун алган; мында жалпы аянты 693,3 км2 жеткен 215 мөңгү бар; ирилери: Корженевский, Ленин, Корумду ж. б. Облустун оёң бөлүктөрүндөгү лёсс сымал кумай топурактарда деңиз деңг. 1500 м бийиктикке чейин боз (ачык боз, күңүрт, боз) жана кадимки боз топурактары тараган.

1500–3000 м бийиктиктерде күрөң топурактардын түрдүү (кадимки, карбонаттуу) типтери, нымдуурак жерлеринде, арчалуу токойлордун астында жегичтүү күңүрт күрөң топурактары өөрчүгөн. Субальп алкагында шалбаалуу талаа жана тоонун шалбаа топурактары мүнөздүү. Алай өрөөнүндө тоо шалбаа топурактарынан сырткары коңур(каштан) топурактары да кездешет.Өсүмдүктөрү да бийиктик алкактуулук боюнча өзгөрөт. Түндүгүндөгү адырларда 1500 м бийиктикке чейин шыбак-эфемер-баялыш өсүмдүктүү жарым чөл үстөмдүк кылат. Тоо этектеринде, адырларда жана жапыз тоолордо 2000 м бийиктикке чейин бетеге-аккылкандуу талаа (батышында түктүү буудайык, пияз түптүү арпа, чыгышында сарындыз) өсүмдүктөрү таралган. 3000 м бийиктиктен жогору субальп жана шалбаалуу талаа өсүмдүктөрү ээлейт; айрым жерлеринде аскалар чыгып жатат. Жаан-чачын мол жааган чыгыш бөлүгүндө бетеге-аккылкандуу талаадан жогору бийик тоолуу шалбаа (анда аксокто, таран ж. б.), шалбаалуу талаа (пияз түптүү арпа, бадалдар – итмурун, шилби, ыргай, чычырканак) зоналары жатат. Андан жогору токой тилкеси, жаңгак-мөмө жемиш токою (негизинен Фергана кырка тоосунун капталында), акчечек, арча жана карагай токойлору ээлейт. 3000 мден жогору субальп шалбаасы жана шалбаалу талаа таралып, анда аскалуу кырлар көтөрүлүп жатат, капталдары корум-таштуу. Облустун түштүгүндө , Алай өрөөнүндө, 3000 м бийиктикке чейин субальп, альп шалбаалары,талаа өсүмдүктөрү, шалбаалуу талаа жана бийик тоо чөлдөрү кездешет.

Калкы. Облустун калкы (1247,3 миң) респ-нын калкынын 25,0%ин түзөт, а. и. 288,5 миңи (облустун калкынын 23,1%и) шаар калкы, 958,8 миңи (76,9%и) айыл калкы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here