КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын түзүлүшүнүн тарыхы

0
1 181 просмотров

1) Кыргыз ССРдин жарандык  коргоо министринин мыйзамынын негизинде “Кыргыз ССРнин областарды жакшыртууда жана жаны областарды түзүү” Жарандык коргоо, башчысынын директивасы , ССРдин коргоо министринин орун басарынын №235/4/031 28.01.1991-ж,  Кыргыз Республикасынын жарандык коргоо штаб башчысынын №40 16.04.91-ж буйругунун негизинде Жалал-Абад областтык жарандык короо штабы түзүлгөн.

Жарандык коргоо башчысынын — СССРнин  жарандык коргоо министринин орунбасарынын №31 10.04.91-жылдагы буйругунун негизинде   Жалал-Абад областтык жарандык короо  башчысынын орун басары — штаб башчысы кызматына  подполковник Шатемиров Таалайбек Бейшекеевич дайындалган.

2)  Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик  коргонуу комитетинин 1992-жылдын  19-февралындагы №01 буйругунун  негизинде  подполковник  Аманбеков Жолдошбай Джуманбаевич Жалал-Абад областынын  жарандык  коргонуу  штабынын  башчысынын  орун  басары  болуп  дайындалган.

3) Кырыгыз Республикасынын Жарандык коргоо жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 1999-жылы 26- январь №03 буйругунун негизинде Жалал-Абад областтык жарандык короо  башчысынын орун басары — штаб башчысы кызматына полковник Укашев Жыргалбек Исакеев дайындалган.

4)  Кыргыз Республикасынын   Экология жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин орун  басарынын  2002-жылдын  10-майдагы  буйругунун  негизинде  майор Атабеков Т.А   Жалал-Абад  областынын  жарандык  коргонуу  штабынын  башчысынын  убактылуу  милдетин  аткаруучу  болуп  дайындалган.

5)  Америка кошмо штатынан  кызматтык  иш-сапардан  келгендигине  байланыштуу  Кыргыз Республикасынын   Экология жана Өзгөчө кырдаалдар  орун  басарынын  2003-жылдын  14-апрелиндеги № 14 буйругунун  негизинде  Укашев Жыргалбек Исакеевич  милдетин  аткарууга  киришкен.

6)  Жарандык коргоо штабынын башчысынын- Кыргыз Республикасынын   Экология жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин орун  басарынын  2003-жылдын  24-апрелиндеги №172  буйругунун  негизинде  полковник Аманбеков Жолдошбай Жаманбаевич  Жалал-Абад  областтык  жарандык  коргонуу  боюнча орун  басары — штаб башчысы  болуп  дайындалган.

7)  Жалал-Абад  областтык  жарандык коргонуу штабы  2004-жылдын  6-февралынан баштап Жалал –Абад  областтык  Жарандык  коргонуу  башкармалыгы  болуп  өзгөртүлгөн.

8)  2005- жылдын  17-мартында  полковник Кенжебаев Пайзулла  Алимбекович    жарандык  коргонуу  башкармалыгынын  башчысы –Жалал-Абад  областтык  жарандык  коргонуу  боюнча орун  басары  болуп  дайындалган.

9)  2006- жылдын  февраль айында  жарандык  коргонуу  башкармалыгы  Жалал-Абад шаардык жана  Жалал-Абад  областы боюнча  өзгөчө кырдаалдар  бөлүмү  болуп  өзгөртүлгөн.

10)  2007-жылдын  25-июнунда Жалал-Абад областы Жалал-Абад шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгнын башчысы болуп полковник Багишев Эркин Илясович дайындалган.

11)  Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин 2008-жылдын 11-мартта №06 буйругунун негизинде  Жалал-Абад областтык Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысы болуп полковник Багишев Эркин Илясович дайындалган

12) 2009-жылдын 2-февралын Жалал-Абад областык Өзгөчө кырдаалдардан коргоо башкормалыгынын башчысы болуп полковник Кыдыралиев темур Эламанович дайындалган.

13) 2009-жылдын 11-ноябрында Жалал-Абад областык Өзгөчө кырдаалдардан коргоо башкормалыгынын башчысы болуп полковник Мамбетов Тезекбай Абышович дайындалган.

14)  2011-жылдын 24-сентябрынан  тартып Жалал-Абад областык Өзгөчө кырдаалдар коргоо башкармалыгнын башчысы болуп подполковник Кадыров Алмазбек Батырбекович дайындалган. Жалал-Абад областык Өзгөчө кырдаалдардан коргоо башкармалыгынын башчысынын милдеттин аткарып жатат.

15)  2014-жылдын январь айынан баштап башкармалыкты майор Отомбаев Сонун Орозалиевич жетектеген.

16) КР ӨКМнин 2016-жылдын 16-июлундагы №692 буйругу менен Кыргыз Республикасынын  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы болуп Бекилов Абдишарип Тажимаматович дайындалган.

 17) 2017-жылдын 1-августунан баштап  башкармалыктын башчысы кызматында КР ӨКМнин 2017-жылдын 31-июлундагы №869 буйругу менен башкармалыктын башчысы болуп дайындалган подполковник Каримов Дайырбек Абдурасулович кызмат өтөп келет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрындагы №648 «Кыргыз Республикасынын  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишин оптималдаштыруу жөнүндө» токтомунун жана Кыргыз Республикасынын  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2017-жылдын 11-июлундагы  №768 буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы Өрткө каршы мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облустук өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгын, облустун райондук,шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмдөрүн кошу жолу менен кайра уюштурулган.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here