Жалал-Абад облусунун аймактык мүнөздөмөсү

0
5 063 просмотров

Жалал-Абад облусунун административдик–аймактык бөлүнүшү

Жалал-Абад облусу 1990-жылы түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын түштүк батышында жайгашкан, жалпы аянты  33,7 миң км2, түштүк – батышынан Узбекистан  Республикасы , түндүгүнөн Талас облусу менен, чыгышынан Нарын облусу менен, туштүк чыгышынан  Кыргызстандын Ош  облусу менен чектешет.

Облустун аймагы 8 административдик районго бөлүнөт: Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо, Токтогул жана Чаткал.

Облуста 7 шаар, шаар түрүндөгү 7 кыштак, 68 айылдык округ жана 420 айылдык калктуу конуш бар. Административдик борбору болуп Жалал-Абад шаары эсептелет.

2009-жылкы эл каттоодон алынган маалымат боюнча калкынын жалпы саны  1 009 889 адамды түзөт, анын ичинен шаардагылар 238 301 адам, айылдагылар 781 558 адам. Анын ичинде: Аксы району – 113 010 адам; Ала-Бука району – 87 460 адам;  Базар-Коргон району – 142 951 адам;  Ноокен району – 117 055 адам; Сузак району – 241 198 адам; Тогуз-Торо району – 22 136 адам; Токтогул району – 86 306  адам; Чаткал раойону – 22 490 адам; Жалал-Абад  шаары 97 172 адам; (шаар калкы 89 004 адам, айыл калкы  8 168 адам); Кара-Көл шаары – 22 502 адам (шаар калкы 20 744 адам,  Кетмен-Төбө к/ш -1 758 адам,  Жазы-Кечүү а/б 1 758  адам);  Майлуу-Суу шаары – 22 853 адам; Таш-Көмүр шаары – 34 756 адам (шаар калкы 31 480 адам, айыл калкы 3 276 адам); Көк-Жангак шаары 10 451 адам.

Жалал-Абад облусу боюнча калктын орточо жыштыгы 1 км2  ка  30  киши туура келет. Сузак районунда каллктын орточо жыштыгы 1 км2  ка  86,6,   Базар-Коргон районунда – 70,7, Ноокен районунда – 47,7, Ала-Бука районунда – 29,4, Аксы районунда – 24,6, Токтогул районунда – 10,0, Тогуз-Торо районунда – 5,6 жана Чаткал районунда – 3,6 киши туура келет.

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН КЫСКАЧА МҮНӨЗДӨМӨСҮ

Климаты, рельефи, жаратылыш шарттарынын корутундусу

Рельефи Жалал-Абад областынын релефинин тузулүшү татаал, амплитуда бийиктигинин белгисинде 500-4500 м.ге чейин. Рельеф тегиздиктерден адырлардан жарлардан, бийик, орточо бийиктиктеги тоолорго бөлүнөт. Адырлар менен тегиздиктердин ортосундагы дөнчөлөрдүн бийиктиги дениз денгээлинен 900 — 3000 метрди түзөт.

Бийик жана орточо бийиктеги тоолор дениз денгээлинен 3000 м. бийиктикте турат, ошондой эле бийик аска тоолордун түзүлүшү таштардан майдаланган шагалдардан турат. Бийик аска тоолор түндүк — батыш жагынан Чаткал тоолору туштүк -чыгыш жагынан Пскемск Ала-Бука-Караван, Пишкар, Айрыйтма тоолору дениз денгээлинен 800 — 1200 м.ге чейин жайгашкан. Бийик тоолордо мөнгүлөр, жайыттар, каралар бар.

Фергана өрөөнү Чаткал тоолорунун түндүк жагынан башталып экиге бөлүнөт. Түндүк — чыгышка бийиктегенде дениз денгээлинен  3300-3500 м. бийиктиките турат.

Түндүк – чыгыштан, түштүк —  батыштка карай бири бирине толкун түрүндө байланышкан тоолордун кеңдиги 100 чакырым. Фергана өрөөнүнүн башталышын адырлар түзөт. Орточо бийиктиктеги  тоолордун ортосунда 800-1400 метр бийиктикте Кок-Арт өрөөнү жайгашкан.

Өрөөндүн түндүк – батыш жагынан Нарын дарыясы агып чыгат жана Таш-Комур шаары шаары жайгашкан. Фергана өрөөнү менен  Кетмен-Төбө, Тогуз-Торо тоолору чектешет.

Климаты: Жалал-Абад областынын климаты түштүк — батыш жагында жайгашкандыктан Республиканын өзгөчө жылуу аймагына кирет. Түштүк циклондордун таасиринин негизинде башка аймактарга салыштырмалуу кышкысын суук болот. Жалал-Абад областынын Фергана өрөөнүну менен чектешкен аймакта жайкысын абанын температурасы кургак келет, күз-кыш мезгилдеринде суук болот.

Фергана өрөөнүнүн жакын жайгашкан жерлерде кышкысын кар аз болот, жайкысын курукчулук болот.  900-1050 м.ге чейинки Фергана тоолорунда  жаан чачындардын калындыгы 50-70% ке чейинки орточо аймагында жылдын суук мезгилин түзөт. Кар катмарынын орточо калыңдыгы 10 -25 см азыраак, кыштын 50% ойдуңдун астыңкы бөлүгүндө кар катмары болбойт. Жогорку зооналарда кыш 4 айга чейин созулат.

Абанын жылдык орточо температурасы 11…14о ысык.

Кышы суук, 100–130 күнгө созулат. Январдагы орточо температура 2…10о, орточо эң төмөнкү температура 15… 17о, абсолюттук минимум  21…25о суук. 10о жогору ысыктагы суткалык температурадагы бир кыйла ысык мезгилдин узактыгы 150–170 күн. Кээ бир жылдары үшүк алуулар ал тургай июндун ортосунда жана августтун аягында да байкалат. Июлдагы орточо  температура 26о, орточо жогорку температура 34о, абсолюттук максимум 39…43о ысык.

Чаткал тоолорунда 3-3.5 айга чейин кардын катмары 20-30см түзөт жана түштүк-чыгыш жагындагы Пача-Ата, Гава-Сай дарыялары агып чыккандыктан абанын температурасы мэлүн болот.

Абанын суткалык орточо температурасы январь айында 0…28о чейин 7…8о ысыктан жогорку туруктуу мезгили такыр болбойт.

Чаткал тоолору Кыргызстандын бирден бир кар көп жааган аймагы. Кардын калындыгы  65-100 см. түзөт жана 4-4,5 айга чейин ээрибей  турат.

Жаан-чачындын  жылдык  нормасы 440мм. түзүп  58% суук  мезгил болот. Максималдык  жаан-чачын март  айына тура келет, минималдык  жаан-чачын  август-сентябыр  айларына  тура келет. Абанын  жылдык температурасы  2 жылуу.

Суук  мезгилдин  кунумдук температуурасы    0 томон жана  145-165 кунго созулат.

Январь айында кунумдук температура 14 о, орточо минималдык температура 21 о,жогорку  температура 42 осуук.

Дениз  денгээлинен 1800м. бийиктикте жылуу  мезгилде  10жогору болуп  136-140 кунго чозулат.Июль айында  кунумдук  температура  17 о ысык, орточо максималдык температура 26 о жылуу,жогорку температура 36 ожылуу.

Токтогул-Кетмен-Төбө котлованында жылдык  абанын  температуурасы 40,жылдык температура 9. Суук  мезгилде кунумдук  абанын температурасы 0 жана 100-115 кунго созулат. Январь айында орточо температура 15 минимальная температура 22, жогорку температура 40 о суук.

Жылуулук мезгил  190 күнгө созулат 10 о жылуу болот. Орточо абанын температурасы  24-25 о жылуу, жогорку температура 42 о жылуу.

Жылдык жаан чачын көлөмү 300-380 мм түзөт мол жаан чачы май айында орточосу сентябрь айында болот. Кыш мезгили 3-5 айга созулат, кардын калындыгы 40 – 60 см ге чейин жетет, башка жылдары 80 смге чейин жетет.

Дарыялар:

Кыргызстандын эң ири дарыяларынын бири Нарын дарыясы облусубуздун аймагынан агып өтөт.  Чоң манилүү Кара-Дарья, Көк-Арт, Кара-Ункур, Чаткал, Пача-Ата, Майлуу-Суу, Чангет, Тентек-Сай, Кара-Суу дарыялары ири талааларды, жерлерди суу менен  камсыз кылат.

 Фергана өрөнүндөгү жана Чаткал тоолорундагы мөнгүлөрдүн эришинен жаз мезгилинде дарыялардын суу денгээли көтөрүлөт.

Суу ресурстарын туура колонуш үчүн облусубуздун аймагында суусактагычтар, каналдар курулган.  Электр энергиясын колдонууга Нарын дарыясына КАСКАД ГЭСи курулган.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here