Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы

0
2 185 просмотров

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2016-жылдын 7-июну № 78

Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө

I БӨЛҮМ. ӨРТ КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ КЫЛУУНУН ЖАЛПЫ ПРИНЦИПТЕРИ

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Ушул Мыйзамдын максаты жана колдонуу чөйрөсү

  1. Ушул Мыйзам жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүн, мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү өрттөн сактоого багытталган, өрт коопсуздугу жаатында техникалык жөнгө салуунун негизги жоболорун аныктайт жана продукцияларга, коргоо объекттерине, анын ичинде имараттар менен курулмаларга, өндүрүш объекттерине, өрт-техникалык продукцияларына жана жалпы арналыштагы продукцияларга карата өрт коопсуздугунун жалпы талаптарын белгилейт.
  2. Ушул Мыйзамдын талаптары төмөнкүлөрдү аткаруу үчүн милдеттүү болот:

1) курулуш объекттерин долбоорлоодо, курууда, профилин кайра өзгөртүүдө, кайра пландаштырууда же реконструкциялоодо, капиталдык оңдоодо, коргоо объекттерин техникалык кайра жабдууда, техникалык тейлөөдө, эксплуатациялоодо жана утилдештирүүдө;

2) өрт коопсуздугунун талаптарын камтыган коргоо объекттерине ченемдик укуктук актыларды, техникалык документтерди иштеп чыгууда, кабыл алууда, колдонууда жана аткарууда.

  1. Аскердик арналыштагы объекттерге, радиоактивдүү жана жарылуучу заттар менен материалдарды өндүрүү, кайра иштетүү, сактоо объекттерине, куралдарды жана жардыруучу каражаттарды жок кылуу жана сактоо, тоо-кен иштетүү, токой объекттерине ушул Мыйзам менен катар Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын талаптары да сакталууга тийиш.

2-берене. Негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:

1) авариялык чыгуучу жер — эвакуация жолуна түздөн-түз сыртка же коопсуз зонага алып баруучу чыгуучу жер (эшик, люк, терезе) жана ал адамдарды куткаруу үчүн кошумча чыгуучу жер катары колдонулат, бирок өрт болгондо адамдарды коопсуз эвакуациялоо шарттарына зарыл сандагы жана өлчөмдөгү эвакуация жолдорунун жана чыгуучу жерлердин ылайыктуулугун баалоодо эсепке алынбайт;

2) коопсуз зона — адамдар өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасирлеринен корголгон же өрттүн коркунучтуу факторлору жок зона;

3) жарылуу — чөйрөгө энергиянын бөлүнүп чыгышы жана кысылган газдардын пайда болушу менен коштолгон химиялык тез айлануу;

4) жарылууга коркунучтуу аралашма — аба менен күйүүчү газдардын, оңой жалындоочу суюктуктардын, күйүүчү чаң же буланын абада тең салмак абалга кыймылсыз бөлүштүрүлгөн абалга өткөндө от алуунун төмөнкү концентрациялык чеги 65 г/куб.м чейин жеткен аралашмасы, ал белгилүү концентрацияда жана жарылууга түрткү берүүчү булак пайда болгондо жарылууга жөндөмдүү;

5) коргоо объектинин жарылуу — өрт коркунучу — коргоо объектинин жарылуу пайда болуу жана өрттүн өнүгүү ыктымалдыгы менен мүнөздөлгөн абалы;

6) күйүүчү чөйрө — тутануу булагынын таасиринен от чыгып кетүүгө жөндөмдүү чөйрө;

7) тутануу булагы — күйүүнүн келип чыгышына түрткү болуучу энергиялык таасир этүүчү каражат;

8) имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин конструктивдүү өрт коркунучунун классы — имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин өрттүн күчөшүнө жана өрттүн коркунучтуу факторлорунун пайда болушуна курулуш конструкцияларынын катыш деңгээли менен аныкталуучу классификациялык мүнөздөмөсү;

9) имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин функционалдык өрт коркунучунун классы — имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин арналышы жана эксплуатациялоонун өзгөчөлүктөрү, анын ичинде аларда жүрүүчү өндүрүштүн технологиялык процесстеринин өзгөчөлүктөрү менен аныкталуучу классификациялык мүнөздөмөсү;

10) сырткы орнотмо — имараттардан сырткары жайгашкан аппараттардын жана технологиялык жабдуулардын комплекси;

11) эвакуацияга зарыл убакыт — өрт чыккан учурдан тартып өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринин натыйжасында өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирбестен адамдардын коркунучсуз зонага эвакуацияланууга тийиш болгон убактысы;

12) коргоо объекти — аларга карата өрт коопсуздугунун талаптары белгиленген же белгиленүүгө тийиш болгон жеке жана юридикалык жактардын мүлкү, мамлекеттик же муниципалдык мүлк (аймакты, имараттарды, курулмаларды, транспорт каражаттарын, технологиялык түзүлүштөрдү, жабдууларды, агрегаттарды, буюмдарды жана башка мүлктөрдү кошкондо);

13) кычкылдандыргычтар — алардын күйүүсүн пайда кылуучу, ошондой эле анын ургалдуулугун көбөйтүүчү күйүүчү заттар менен реакцияга кирүү жөндөмүнө ээ болгон заттар менен материалдар;

14) өрттүн коркунучтуу факторлору — алардын таасири адамдын жаракат алышына, ууланышына же өлүмүнө жана (же) материалдык зыянга алып келиши мүмкүн болгон өрт факторлору;

15) жарылуунун коркунучтуу факторлору — алардын таасири объекттердин (курулуштардын) бузулушуна (кыйрашына), адамдардын жаракат алышына, өлүмүнө жана (же) материалдык зыянга алып келиши мүмкүн болгон жарылуу факторлору;

16) өрттүн очогу — өрттүн алгачкы чыккан жери;

17) өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары — өрттүн алгачкы стадиясында өрт өчүрүү үчүн пайдаланылуучу өрт өчүрүүнүн алып жүрмө же көчмө каражаттары;

18) өрт — материалдык зыян, жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына залал келтирүүчү контролдонбоочу күйүү;

19) өрт маалымдагыч — өрт жөнүндө белги берүүгө арналган техникалык каражат;

20) өрт кабарлагыч — адамдарга өрт жөнүндө кабар берүүгө арналган техникалык каражат;

21) коргоо объектинин өрт коркунучтуулугу — коргоо объектинде өрт чыгуу жана өрттүн күчөө мүмкүнчүлүгү, ошондой эле адамдарга жана материалдык баалуулуктарга өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасир тийгизүүсү менен мүнөздөлгөн абалы;

22) заттар менен материалдардын өрт коркунучтуулугу — заттар менен материалдардын күйүүсүнүн же жарылуусунун чыгуу коркунучу;

23) коргоо объектинин өрт коопсуздугу — өрттүн келип чыгуусун жана күчөөсүн болтурбоо, ошондой эле өрттүн коркунучтуу факторлорунун адамдарга жана материалдардын баалуулуктарга таасир тийгизүүсүнүн мүмкүнчүлүгү менен мүнөздөлгөн коргоо объектинин абалы;

24) өрт депосу — өрт коопсуздугун камсыз кылуу органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл өрт техникасын сактоо жана аны техникалык тейлөө үчүн жайлар, жеке курамды жайгаштыруу үчүн кызмат жайлары, өрт жөнүндө кабарларды кабыл алуу үчүн жай, техникалык жана көмөкчү жайлар жайгашкан өрт коопсуздугун камсыз кылуу органдарынын объекти;

25) өрт отсеги — өрткө каршы дубал жана өрткө каршы калканч же өрткө туруктуулук чеги бар жабуу менен бөлүнгөн, өрттүн узактыгынын ичинде өрттүн анын чегинен тышкары таралып кетпешин камсыз кылуучу имараттын (курулманын) бөлүгү;

26) заттар менен материалдардын орт-жарылуу коркунучу — заттар менен материалдардын алардын физикалык-химиялык касиеттери жана (же) өрт шартындагы аракеттери менен мүнөздөлгөн, күйүүчү (өрттөнүү коркунучу же жарылуу коркунучу бар) чөйрөнү пайда кылуу жөндөмдүүлүгү;

27) өрт коркунучу (жарылуу коркунучу) бар зона — туюк же ачык мейкиндиктин бөлүгү, анын чектеринде күйүүчү заттар (жарылууга кооптуу аралашмалар) дайыма же мезгил-мезгили менен өтүп турат жана алар мында технологиялык процесстин нормалдуу же өрттүн келип чыгышына өтө кооптуу бузулуу (авария) режиминде болушу мүмкүн;

28) өрт-техникалык изилдөө — өрт коопсуздугунун талаптарынын бузулушун табуу жана аларды жоюу боюнча чараларды көрүү максатында жүргүзүлүүчү изилдөө;

29) долбоордук документтерди өрт-техникалык экспертизалоо — тиешелүү корутунду берүү менен долбоорлоодо ушул Мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузууларды (четтөөлөрдү) болтурбоо максаттарында коргоо объекттеринин долбоордук документтерин карап чыгуу жана макулдашуу;

30) өрт автоматикасын башкаруу прибору — өрт өчүрүүнүн жана (же) түтүндү жок кылуунун жана (же) кабарлоонун автоматтык каражаттарын башкаруу жана (же) башка түзүлүштөр менен сигналдарды берүү үчүн арналган техникалык каражат;

31) өрт автоматикасынын кабыл алуучу-контролдоочу прибору – өрт кабарлагычтарынан сигналдарды кабыл алуу, өрт сигналдарынын шлейфинин бүтүндүгүн, окуялардын жарык индикациясын жана үн сигналын, өрт автоматикасын башкаруу приборун иштетүүнүн баштапкы импульсун калыптандырууну жүзөгө ашыруу үчү арналган техникалык каражат;

32) конструкциянын отко туруктуулук чеги — өрт таасири башталгандан тартып ал конструкция үчүн отко туруктуулугу боюнча четки абалдар үчүн ченемделгендин ичинен бири болгонго чейинки убакыт;

33) өндүрүш объекттери — өнөр жайлык жана айыл чарбалык арналыштагы объекттер, анын ичинде кампалар, инженердик жана транспорт инфратүзүмүнүн (темир жол, автомобиль, аба жана өткөрмө түтүк транспорту), байланыш объекттери;

34) өрткө каршы бөгөт — өрткө туруктуулуктун ченемделген чеги жана өрт коопсуздугунун конструкциялык классы бар курулуш конструкциясы, имараттын (курулманын) бир бөлүгүнөн башка бөлүгүнө же имараттардын (курулмалардын, бак-дарактардын) ортосунан өрттүн таралуусун болтурбоо үчүн арналган имараттын көлөмдүк элементи же башка инженердик чечим;

35) өрткө каршы ажырым (өрткө каршы аралык) — имараттардын жана (же) курулмалардын ортосундагы өрттүн таралышын болтурбоо үчүн белгиленген ченемделүүчү аралык;

36) өрткө каршы коргонуунун автоматтык тутумдары — өрт чыкканда адамдарга өз убагында кабарлоо, адамдарды эвакуациялоону, эвакуациялык жолдорду жана жайларды түтүндөн коргоону, өрттү табууну жана өчүрүүнү башкаруу үчүн арналган техникалык орнотмолордун, тутумдардын, приборлордун жана жабдуулардын жыйындысы;

37) өрт жөнүндө кабарлоолорду берүү тутуму — кайтарылуучу объекттеги өрт жөнүндө маалымдоолорду борборлоштурулган байкоо пунктунда байланыш жана кабыл алуу каналдары боюнча кызматтык жана контролдук-диагностикалык маалымдоолорду берүү үчүн, ошондой эле телебашкаруунун командаларын берүү жана кабыл алуу үчүн (кайра берүү каналы болгондо) арналган биргелешип иштөөчү техникалык каражаттардын жыйындысы;

38) өрт сигналдарынын тутуму — бир объектке орнотулган жана жалпы өрт постунан контролдонуучу өрт сигналдарынын орнотмолорунун жыйындысы;

39) өрттү болтурбоо тутуму — коргоо объектинде өрттүн чыгуусунун мүмкүнчүлүгүн болтурбоочу уюштуруу иш-чараларынын жана техникалык каражаттардын комплекси;

40) өрткө каршы коргонуу тутуму — адамдарды жана мүлктү өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен коргоого жана (же) коргоо объектине алардын тийгизген таасиринин кесепеттерин чектөөгө багытталган уюштуруу иш-чараларынын жана техникалык каражаттардын комплекси;

41) түтүнгө каршы коргонуу тутуму — өрттө имараттарды жана курулмаларды түтүн басуу коркунучун, ошондой эле анын кооптуу факторлорунун адамдарга жана материалдык баалуулуктарга таасир тийгизүүсүн болтурбоого же чектөөгө багытталган уюштуруу иш-чараларынын, көлөмдүк-пландаштыруучу чечимдердин, инженердик тутумдардын жана техникалык каражаттардын комплекси;

42) курулма — тиреп туруучулардан, ал эми айрым учурларда тосмо конструкциялардан да турган жана ар түрдүү өндүрүштүк процесстерди аткаруу, материалдарды, буюмдарды, жабдууларды сактоо, адамдардын убактылуу болуусу, адамдардын, жүктөрдүн ж.б.у.с. орун которуу үчүн арналган көлөмдүү, жалпак же узунунан кеткен, жердеги, жер үстүндөгү же жер астындагы курулуш тутуму;

43) имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин отко туруктуулугунун даражасы — имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин колдонулуучу курулуш конструкцияларынын отко туруктуулугунун чектерин аныктоочу классификациялык мүнөздөмө;

44) кабарлоо жана эвакуацияны башкаруунун техникалык каражаттары — өрт жөнүндө адамдарга кабарлоо үчүн арналган техникалык каражаттардын (кабарлоочулар, өрт кабарлоочулары тарабынан башкарылуучу приборлор) жыйындысы;

45) технологиялык чөйрө — технологиялык аппараттарда (технологиялык тутумда) жүгүртүлүүчү заттар менен материалдар;

46) өрттө коргоо объектинин туруктуулугу — коргоо объектинин өрттүн коркунучтуу факторлорунун жана алардын экинчи кубулуштарынын таасиринде конструкциялык бүтүндүктү жана (же) функционалдык арналышын сактап калуу касиети;

47) өрт сигнализациясын орнотуу — өрттү табуу, өрт жөнүндө кабарды берилген түрдө иштеп чыгуу, берүү жана өрт өчүрүүнүн жана түтүндү басуунун автоматтык орнотмолорун, технологиялык жана инженердик жабдууларды, ошондой эле өрткө каршы коргоонун башка түзүлүштөрүн иштетүүгө атайын маалымат жана (же) команда берүү үчүн арналган техникалык каражаттардын жыйындысы;

48) эвакуация — өрттүн коркунучтуу факторлорунун аларга таасир тийгизүүсүнүн мүмкүнчүлүгү болгон жайлардан адамдарды тышка же коопсуз зонага уюштурулган өз алдынча (өз алдынча эмес) кыймылынын (орун которуусунун) процесси;

49) эвакуациялоо жолу (эвакуациялык жол) — адамдардын өрттө түздөн түз тышка же коопсуз зонага алып барган кыймылынын жана (же) орун которуусунун жолу;

50) эвакуациялык чыгуучу жер — эвакуациянын түздөн түз тышка же коопсуз зонага алып баруучу жолуна чыгуучу жер;

51) байланыш кызматы — өрт коопсуздугун камсыз кылуу органдарынын мамлекеттик өрткө каршы кызматынын (мындан ары — МӨК) бөлүмдөрүнүн тутуму, ошондой эле өрт коопсуздугун камсыз кылуу органдарындагы байланышты камсыз кылуу, байланыш каражаттарын натыйжалуу комплекстүү колдонуу жана башкаруу органдарында жана бөлүмдөрүндө ал каражаттарды квалификациялуу техникалык эксплуатациялоо боюнча иштин түрү;

52) байланыш — Кыргыз Республикасынын аймагында МӨК тутумундагы башкарууну камсыз кылуучу бирдиктүү уюштуруучулук-техникалык комплекс катары иштеген байланыш тармактарынын жана кызматтарынын жыйындысы;

53) байланыш каражаттары — маалыматты жыйноо, иштетүү, топтоо жана бөлүштүрүү процессин камсыз кылуу үчүн техникалык база.

3-берене. Өрт коопсуздугу жаатында техникалык жөнгө салуунун укуктук негиздери

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуу маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары өрт коопсуздугун камсыз кылуунун укуктук негизи болуп саналат.

4-берене. Өрт коопсуздугун камсыз кылуу органдары

  1. Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугун камсыз кылуу органдары, ошондой эле Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугу жаатында саясатты жүзөгө ашыруучу өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча негизги орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
  2. Өрт өчүрүү жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн бардык шарттарды камсыз кылуучу өрткө каршы алдын алуу жана өрткө каршы ченемдөө мүмкүн болуучу өрттү болтурбоонун негизи болуп саналат.
  3. Жеке жана юридикалык жактар, менчигинин формасына карабастан чарба жүргүзүү объекттери тарабынан өрт коопсуздугу жаатындагы мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын талаптарынын аткарылышын контролдоо максатында өрт коопсуздугун сактоого мамлекеттик өрт көзөмөлү жүргүзүлөт.
  4. Өрткө каршы объекттик бөлүмү бар ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын аймагында чыккан өрт, бул бөлүмдөрдүн өз күчү жана каражаттары менен өчүрүлүшү мүмкүн.
  5. Өрт өчүрүү жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын объекттик (ведомстволук) өрткө каршы бөлүмдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыктыярдуу өрттөн куткаруучу түзүлүштөрү, ошондой эле айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү тартибинде мыйзамдарга ылайык аларга берилген ыйгарым укуктардын чектеринде муниципалдык өрттөн куткаруу түзүлүштөрү тартылышы мүмкүн.

5-берене. Коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуу

  1. Ар бир коргоо объектинин өрт коопсуздугун камсыз кылуу тутуму болууга тийиш.
  2. Коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуу тутумун түзүүнүн максаты өрттү болтурбоо, адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана өрттө мүлктү коргоо болуп саналат.
  3. Коргоо объектинин өрт коопсуздугун камсыз кылуу тутуму милдеттүү түрдө өрттү болтурбоо тутумун, өрткө каршы коргоо тутумун, өрттүн чыгуу мүмкүнчүлүгүн болтурбоочу жана өрттүн натыйжасында адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү коркунучун болтурбоого багытталган, ошондой эле чыккан өрттү ойдогудай жоюуга, адамдарды жана материалдык баалуулуктарды өз убагында жана коопсуз эвакуациялоого өбөлгө болуучу өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча уюштуруу-техникалык иш-чаралардын комплексин өзүнө камтыйт.

6-берене. Коргоо объектинин өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келүү шарттары

  1. Эгер ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларынын милдеттүү талаптары толук көлөмдө аткарылса, коргоо объектинин өрт коопсуздугу камсыз кылынды деп эсептелет.
  2. Шаардык, айылдык калктуу конуштарда, жабык объекттерде жана менчигинин формасына карабастан коргоо объекттеринде өрт коопсуздугунун чараларын ишке ашыруу бардык юридикалык жана жеке жактар тарабынан жүзөгө ашырылат.
  3. Карамагында коргоо, улуттук коопсуздук, жазык-аткаруу тутумунун, мамлекеттик чек араны коргоо маселелери болгон Кыргыз Республикасынын эксаймактык объекттеринин, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын, ошондой эле жер астындагы иштеп чыгуу жана шахталардын объекттериндеги, темир жол объекттериндеги өрт коопсуздугу өз күчтөр жана каражаттар же өрт коопсуздугунун чараларын ишке ашыруунун алкактарында — өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүнүн макулдашылган пландарына ылайык камсыз кылынат.
  4. Токой жана тоо массивдериндеги өрт коопсуздугу өз күчтөрү жана аларга өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана токой чарба органдарынын каражаттары менен же өрт коопсуздугунун чараларын ишке ашыруунун алкактарында — өрттүн алдын алуу жана өчүрүү жаатындагы, ошондой эле өрт коопсуздугу жаатындагы көзөмөл жана контроль Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүнүн макулдашылган пландарына ылайык камсыз кылынат.

2-глава. Өрттөрдү жана өрттүн коркунучтуу факторлорун классификациялоо

7-берене. Өрттөрдү жана өрттүн коркунучтуу факторлорун классификациялоонун максаты

  1. Өрттөрдү күйүүчү материалдардын түрлөрү боюнча классификациялоо өрттү өчүрүү каражаттарын колдонуу жаатын белгилөө үчүн пайдаланылат.
  2. Өрттөрдү өчүрүү кыйынчылыгына жараша классификациялоо өрткө каршы бөлүмдөрдүн жана өрттөрдү өчүрүү үчүн зарыл башка кызматтардын курамынын күчүн жана каражаттарын аныктоодо пайдаланылат.
  3. Өрттүн коркунучтуу факторлорун классификациялоо өрттө адамдарды жана мүлктү коргоо үчүн зарыл өрт коопсуздугунун чараларын негиздөөдө пайдаланылат.

8-берене. Өрттөрдү классификациялоо

Өрттөр күйүүчү материалдардын түрлөрү боюнча классификацияланат жана төмөнкү класстарга бөлүнөт:

1) күйүүчү катуу заттар менен материалдардын өрттөнүшү — «А» классы;

2) күйүүчү суюктуктардын же эрүүчү катуу заттар менен материалдардын өрттөнүшү — «В» классы;

3) газдардын өртү — «С» классы;

4) металлдардын өртү – «D» классы;

5) чыңалуудагы электр орнотмолорунун күйүүчү заттар менен материалдарынын өрттөнүшү — «Е» классы;

6) ядролук материалдардын, радиоактивдүү калдыктардын жана радоактивдүү заттардын өрттөнүшү — «Р» классы.

9-берене. Өрттүн жана жарылуунун коркунучтуу факторлору

  1. Өрттүн адамдарга жана материалдык баалуулуктарга таасир этүүчү коркунучтуу факторлоруна төмөнкүлөр кирет:

1) жалын жана учкун;

2) жылуулук агымы;

3) айлана-чөйрөнүн жогору температурасы;

4) күйүүнүн жана заттардын термикалык ажыроосунун уулуу продуктуларынын жогорку концентрациясы:

5) кычкылтектин төмөнкү концентрациясы;

6) түтүндөн көрүүнүн төмөндөшү.

  1. Жарылуунун адамдарга жана материалдык баалуулуктарга таасир этүүчү коркунучтуу факторлоруна төмөнкүлөр кирет:

1) жарылуунун максималдуу басымы жана температурасы;

2) жарылуу басымынын өсүү ылдамдыгы;

3) жарылуу коркунучу бар чөйрөнүн майдалоочу жана фугастык касиети.

Фронттогу кысым жана согуу толкуунун кысуу фазасынын импульсу жарылуу менен коштолгон авариялар үчүн кыйла мүнөздүү жабыркатуучу факторлор болуп саналат.

  1. Өрттүн жана жарылуунун коркунучтуу факторлорун коштоочу көрүнүштөргө төмөнкүлөр кирет:

1) талкаланган аппараттардын, агрегаттардын, түзүлүштөрдүн жана конструкциялардын сыныктары, бөлүктөрү;

2) талкаланган аппараттардан жана орнотмолордон айлана-чөйрөгө тараган радиоактивдүү жана уулуу заттар менен материалдар;

3) конструкциялардын, аппараттардын жана агрегаттардын ток өткөрүүчү бөлүктөрүнө жогорку чыңалууну чыгаруу;

4) өрттүн кесепетинен болгон жарылуунун коркунучтуу факторлору;

5) өрт өчүрүүчү заттардын таасири.

3-глава. Заттар менен материалдардын өрт-жарылуу коркунучунун жана өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү жана классификациясы

10-берене. Заттар менен материалдарды өрт-жарылуу коркунучу жана өрт коркунучу боюнча классификациялоонун максаты

  1. Заттар менен материалдарды өрт-жарылуу коркунучу жана өрт коркунучу боюнча классификациялоо заттар менен материалдарды алууда, пайдаланууда, сактоодо, ташууда, кайра иштетүүдө жана аларды утилдештирүүдө өрт коопсуздугунун талаптарын белгилөө үчүн пайдаланылат.
  2. Имараттардын, курулмалардын конструкцияларына жана өрткө каршы коргоо тутумдарына карата өрт коопсуздугунун талаптарын белгилөө үчүн курулуш материалдарын өрт коркунучу боюнча классификациялоо пайдаланылат.

11-берене. Заттар менен материалдардын өрт-жарылуу коркунучунун жана өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү

  1. Заттар менен материалдардын өрт-жарылуу коркунучу тандап алуу заттардын (материалдардын) колдонуу шарттарына жана агрегаттык абалына көз каранды көрсөткүчтөр менен аныкталат:

1) газдар — 25ºС температурада жана 101,3 кПа (килопаскаль) басымда каныккан буулардын басымы 101,3 кПа ашкан заттар;

2) суюктуктар — 25ºС температурада жана 101,3 кПа басымда каныккан буулардын басымы 101,3 кПа жетпеген заттар. Суюктуктарга ошондой эле эрүүчү катуу заттар да кирет, алардын эрүү же тамчы тамуу температурасы 50ºСдан төмөн;

3) катуу заттар менен материалдар — эрүү же тамчы тамуу температурасы 50ºСдан жогору болгон жеке заттар жана алардын аралашмалык композициялары, ошондой эле эрүү температурасы болбогон заттар (мисалы, жыгач, кездемелер ж.б.у.с.);

4) чаңдар — бөлүкчөлөрүнүн өлчөмү 850 мкм (микромиллиметр) кичине болгон майдаланган катуу заттар менен материалдар.

  1. Көрсөткүчтөрдүн номенклатурасына ылайык өрт коопсуздугун жана жарылуу коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тутумдарды иштеп чыгуу үчүн алгачкы маалыматты алуу максатында көрсөткүчтөрдүн классификациясын белгилөөнүн жана алар боюнча ченемдик талаптарды киргизүүнүн мерчеми боюнча заттар менен жана материалдардын өрт-жарылуу коркунучунун жана өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү курулуш материалдары үчүн колдонулуучу усулдар менен аныкталат.

Көрсөткүчтөрдүн номенклатурасы жана заттар менен материалдардын өрт-жарылуу жана өрт коркунучун мүнөздөө үчүн аларды колдонуу белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттардын талаптарына ылайык аныкталат.

Өндүрүш, кайра иштетүү, ташуу жана сактоо шарттарында заттар менен материалдардын өрт-жарылуу жана өрт коркунучун мүнөздөө үчүн көрсөткүчтөрдүн зарыл жана жетиштүү санын объектинин өрт-жарылуу коопсуздугун камсыз кылуу тутумун иштеп чыгуучу же затка (материалга) стандартты жана техникалык шарттарды иштеп чыгуучу аныктайт.

12-берене. Заттар менен материалдарды өрт коркунучу боюнча классификациялоо

  1. Заттар менен материалдарды өрт коркунучу боюнча классификациялоо алардын өрттүн же жарылуунун коркунучтуу факторлорун пайда кылуу касиеттерине жана жөндөмдүүлүгүнө негизделет.

Күйгүчтүгү боюнча заттар менен материалдар (курулуш жана текстиль материалдарын кошпогондо) төмөнкү топторго бөлүнөт:

— күйбөөчү — абада күйүүгө жөндөмсүз заттар менен материалдар. Суу, абадагы кычкылтек же бири-бири менен өз ара аракеттенүүдө күйүүчү продуктуларды бөлүп чыгаруучу күйбөөчү заттар менен материалдар өрт-жарылуу коркунучтуу болушу мүмкүн;

— кыйындык менен күйүүчү — тутануу булагынын таасиринде абада күйүүгө жөндөмдүү, бирок аны четтеткенден кийин өз алдынча күйүүгө жөндөмсүз заттар менен материалдар;

— күйүүчү (күйүп кетүүчү) — өзүнөн өзү от алып кетүүгө, ошондой эле тутануу булагынын таасири астында тутанууга жана аны четтеткенден кийин өз алдынча күйүүгө жөндөмдүү заттар менен материалдар. Күйүүчү суюктуктар оңой жалындап кетүүчү жана өзгөчө коркунучтуу оңой жалындап кетүүчү деген топторго бөлүнөт, алардын буулары Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы ченемдик укуктук актылар менен аныкталган төмөн температурада от алып кетет.

  1. Заттар менен материалдардын күйгүчтүгүнүн топторун аныктоо белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттардын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.

13-берене. Курулуш, текстиль жана булгаары материалдарын өрт коркунучу боюнча классификациялоо

  1. Курулуш, текстиль жана булгаары материалдарын өрт коркунучу боюнча классификациялоо алардын өрттүн коркунучтуу факторлорун пайда кылуу касиеттерине жана жөндөмдүүлүгүнө негизделет.
  2. Курулуш жана текстиль материалдарынын өрт коркунучу төмөнкү касиеттер менен мүнөздөлөт:

1) күйгүчтүгү;

2) жалындагычтыгы;

3) үстүңкү бетинде жалындын таралуу ылдамдыгы;

4) түтүн пайда кылуу жөндөмдүүлүгү;

5) күйүү продукттарынын уулуулугу.

  1. Күйгүчтүгү боюнча курулуш материалдары төмөнкүлөргө бөлүнөт:

1) «Г» — күйүүчү;

2) «НГ» — күйбөөчү.

Күйүүчү курулуш материалдары төмөнкү топторго бөлүнөт:

— «Г1» — начар күйүүчү;

— «Г2» — солгун күйүүчү;

— «ГЗ» — нормалдуу күйүүчү;

— «Г4» — күчтүү күйүүчү.

  1. Күйүүчү курулуш материалдары (анын ичинде килем түрүндөгү полго төшөгүчтөр) жалындагычтыгы боюнча төмөнкү топторго бөлүнөт:

1) «В1» — кыйындык менен от алуучу;

2) «В2» — солгун от алуучу;

3) «ВЗ» — оңой от алуучу.

  1. Үстүңкү бети боюнча жалындын таралыш ылдамдыгы боюнча күйүүчү курулуш материалдары (анын ичинде килем түрүндөгү полго төшөгүчтөр) жылуулук агымынын беттик тыгыздыгынын чектүү чоңдугуна жараша төмөнкү топторго бөлүнөт:

1) «РП1» — таралбоочу;

2) «РП2» — начар таралуучу;

3) «РПЗ» — солгун таралуучу;

4) «РП4» — күчтүү таралуучу.

  1. Түтүн пайда кылуу жөндөмдүүлүгү боюнча күйүүчү курулуш материалдары түтүн пайда кылуу коэффициентинин маанисине жараша төмөнкү топторго бөлүнөт:

1) «Д1» — түтүндү аз пайда кылуучу жөндөмдүүлүктөгү;

2) «Д2» — түтүндү солгун пайда кылуучу жөндөмдүүлүктөгү;

3) «ДЗ» — түтүндү күчтүү пайда кылуучу жөндөмдүүлүктөгү.

  1. Күйүүчү продуктулардын уулуулугу боюнча күйүүчү курулуш материалдары төмөнкү топторго бөлүнөт:

1) «Т1» — аз коркунучтуу;

2) «Т2» — солгун коркунучтуу;

3) «ТЗ» — жогорку коркунучтуу;

4) «Т4» — өзгөчө коркунучтуу.

  1. Курулуш конструкцияларынын өрт коркунучунун класстары курулуш материалдарынын өрт коркунучунун топторуна жараша белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү улуттук стандарттар менен аныкталат.
  2. Килем сымал полго төшөгүчтөр үчүн күйгүчтүк тобу аныкталбайт.
  3. Текстиль материалдары жалындагычтыгы боюнча тез жалындоочу жана кыйындык менен жалындоочу болуп бөлүнөт.

Курулуш жана текстиль материалдарынын өрт коркунучунун классификациялык көрсөткүчтөрү белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттар менен аныкталат.

4-глава. Жарылуу-өрт жана өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү жана технологиялык чөйрөлөрдүн жарылуу-өрт жана өрт коркунучу боюнча классификациясы

14-берене. Технологиялык чөйрөлөрдү жарылуу-өрт жана өрт коркунучу боюнча классификациялоонун максаты

Технологиялык чөйрөлөрдүн жарылуу-өрт жана өрт коркунучу боюнча классификациясы технологиялык процессти жүргүзүүнүн коопсуздук параметрлерин аныктоо үчүн пайдаланылат.

15-берене. Технологиялык чөйрөлөрдүн жарылуу-өрт жана өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү

  1. Технологиялык чөйрөлөрдүн жарылуу-өрт жана өрт коркунучу технологиялык процессте катышкан заттардын жарылуу-өрт жана өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү жана алардын параметрлери менен мүнөздөлөт.
  2. Заттардын жарылуу-өрт жана өрт коркунучун баалоо үчүн зарыл көрсөткүчтөрдүн тизмеги белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү улуттук стандарттар менен аныкталат.

16-берене. Технологиялык чөйрөлөрдү жарылуу-өрт жана өрт коркунучу боюнча классификациялоо

  1. Технологиялык чөйрөлөр жарылуу-өрт жана өрт коркунучу боюнча төмөнкү топторго бөлүнөт:

1) өрт коркунучу бар;

2) жарылуу-өрт коркунучу бар;

3) жарылуу коркунучу бар;

4) өрт коркунучу жок.

  1. Эгерде күйүүчү чөйрөнүн түзүлүшү, ошондой эле өрттүн чыгышы үчүн жетишээрлик кубаттуулуктагы тутануу булагынын пайда болушу мүмкүн болсо чөйрө өрт коркунучу бар чөйрөгө кирет.
  2. Эгерде кычкылдандыргычтын күйүүчү газдар, буулар, чаңдар жана аэрозолдор менен түзүлүп, тутануу булагынын пайда болушу жарылууга жана (же) өрткө алып келүүчү аралашмаларынын пайда болушу мүмкүн болсо чөйрө өрт жарылуу-коркунучу бар чөйрөгө кирет.
  3. Эгерде абанын күйүүчү газдар, буулар, тез жалындоочу суюктуктар жана күйүүчү суюктуктар, күйүүчү аэрозолдор, чаңдар жана булалар менен аралашмасынын пайда болушу мүмкүн болсо, ошондой эле күйүүчү заттар менен болгон белгилүү концентрациясында жана жардыруу булагы пайда болгондо жарылууга жөндөмдүү чөйрө жарылуу коркунучу бар чөйрөгө кирет.
  4. Күйүүчү чөйрөсү жана кычкылдандыргычы болбогон мейкиндик өрт коопсуз чөйрөгө кирет.

5-глава. Өрт коркунучу жана жарылуу коркунучу бар зоналарды классификациялоо

17-берене. Классификациялоонун максаты

Өрт коркунучу жана жарылуу коркунучу бар зоналарды классификациялоо электротехникалык жана башка жабдыктарды көрсөтүлгөн зонада өрт-жарылуу коопсуздугу жок эксплуатациялоону камсыз кылуучу аларды коргоо даражасы боюнча тандоо үчүн пайдаланылат.

18-берене. Өрт коркунучу бар зоналарды классификациялоо

  1. Жайлардын ичинде жана сыртында жайгаштырылуучу, алардын чегинде дайыма же маал-маалы менен күйүүчү (өрттөнүүчү) заттар жүгүртүлгөн жана нормалдуу технологиялык процессте же анын бузулушунда орун алышы мүмкүн электр орнотмолорунун колдонуу жаатын аныктоо максатында өрт коркунучу бар зоналарды классификациялоо белгиленет.

Объекти өрт коркунучу бар зоналардын классына киргизүү жана өрт коркунучу бар зоналардын чек араларын аныктоо долбоордук документтерге ылайык, ал эми эксплуатациялануучу объекттер боюнча — объекттин менчик ээси тарабынан жүргүзүлөт.

Өрт коркунучу бар зоналар төмөнкү класстарга бөлүнөт:

— «П-I» классындагы өрт коркунучу бар зона — от алуу температурасы +61ºС жогору күйүүчү суюктуктар бар жайлардагы мейкиндик;

— «П-II» классындагы өрт коркунучу бар зона — күйүүчү чаң же була топтолушу жана бөлүнүп чыгышы мүмкүн болгон жайлардагы мейкиндик;

— «П-IIa» классындагы өрт коркунучу бар зона — күйүүчү катуу заттар менен материалдар бар жайлардагы мейкиндик;

-«П-III» классындагы өрт коркунучу бар зона — от алуу температурасы 61ºС жогору күйүүчү суюктуктар же күйүүчү катуу заттар бар жайлардан сырткары мейкиндик. Күйүүчү заттар болгон аппараттан туурасынан жана тикесинен 5 метрге чейинки жайлардагы же алардын чегинен сырткары, бирок технологиялык процесс ачык отту, ысыган бөлүктөрдү колдонуу менен жүргүзүлгөн зоналар же ысык буулардын, чаңдын же булалардын өзүнөн өзү күйүп кетүүчү температурага чейин ысытылган сырты бар технологиялык аппараттар алардын электр жабдуулар бөлүгүндө өрткө коркунучтуу зоналарга таандык болбойт.

  1. Өрт коркунучу бар зоналарды классификациялоо электр орнотмолорунун түзүлүшүнүн эрежелерине ылайык классификациялык көрсөткүчтөргө жараша белгиленет.

19-берене. Жарылуу коркунучу бар зоналарды классификациялоо

  1. Жарылууга коркунучтуу аралашмалардын болушунун жыштыгына жана узактыгына жараша жарылуу коркунучу бар зоналар төмөнкү класстарга бөлүнөт:

0 класс — жарылууга коркунучтуу газ аралашмасы дайыма же бир саат бою бар болуучу зоналар;

1 класс — жабдуулар иштин демейки режимдеринде иштегенде ысык газдар же аба менен жарылуу коркунучу бар аралашмаларды түзгөн оңой от алуучу суюктуктардын буулары бөлүнүп чыкккан жайларда жайгашкан зоналар;

2 класс — жабдуулар иштин демейки режимдеринде иштегенде күйүүчү газдардын же тез от алуучу суюктуктардын бууларынын аба менен жарылуу коркунучу бар аралашмаларды түзүлбөйт, ал эми технологиялык жабдуулардын авариясынын же оң болбоосунун натыйжасында гана пайда болуучу жайларда жайгашкан зоналар;

3 класс — күйүүчү чаңдын аба менен болгон жарылууга коркунучтуу аралашмасынын төмөнкү концентрациядагы жалындоо чеги абанын көлөмүнө 65 г/м3 аз болгон жана дайыма болуучу зоналар;

4 класс — жабдуулар иштин демейки режимдеринде иштегенде абада тең салмак абалга өтүүчү жана 65 г/м3 жана андан аз концентрацияда аба менен жарылууга коркунучтуу аралашмаларды түзүүгө жөндөмдүү күйүүчү чаңдар же булалар бөлүнүп чыгуучу жайларда жайгашкан зоналар;

5 класс — жабдуулар иштин демейки режимдеринде иштегенде 65 г/м3 жана андан аз концентрацияда аба менен күйүүчү чаңдардын же буларлардын жарылууга коркунучтуу аралашмалары түзүлбөй, бирок күйүүчү чаңдардын же булалардын жарылуу коркунучу бар мындай аралашмаларынын технологиялык жабдуунун аварияга учурашынын же оң эместигинин гана натыйжасында түзүлүшү мүмкүн болуучу жайларда жайгашкан зоналар.

  1. Жарылуу коркунучу бар зоналардын көрсөткүчтөрүн классификациялоо электр түзүлүштөрдүн түзүлүш эрежелери менен аныкталат.

6-глава. Электр жабдууларынын өрт жана жарылуу өрт коркунучу боюнча классификациялоо

20-берене. Классификациялоонун максаты

Электр жабдууларын жарылуу өрт жана өрт коркунучу боюнча классификациялоо аны коопсуз колдонуу жаатын жана ошол жаатка тиешелүү электр жабдууларынын маркировкасын аныктоо үчүн, ошондой эле электр жабдууларын эксплуатациялоодо өрт коопсуздугунун талаптарын аныктоо үчүн колдонулат.

21-берене. Электр жабдууларын өрт жана жарылуу өрт коркунучу боюнча классификациялоо

  1. Өрт жана жарылуу өрт коркунучунун даражасына жараша электр жабдуулары төмөнкү түрлөргө бөлүнөт:

1) жарылуу өрттөн коргоо каражаттары жок электр жабдуулары;

2) өрттөн корголгон электр жабдуулары (өрт коркунучу бар зоналар үчүн);

3) жарылуудан корголгон электр жабдуулары (жарылуу коркунучу бар зоналар үчүн).

  1. Электр жабдууларынын өрт жана жарылуу өрт коркунучунун даражасы деп электр жабдууларынын ичинде тутануу булагы чыккан коркунуч жана (же) тутануу булагынын электр жабдууларынын айланасындагы күйүүчү чөйрөгө таасир этүү коркунучу түшүнүлөт.

Жарылуу өрттөн коргоо каражаттары жок электр жабдуулары өрттөн жана жарылуудан сактоо деңгээли боюнча классификацияланбайт.

22-берене. Өрттөн корголгон электр жабдууларын классификациялоо

  1. Өрт коркунучу бар зоналарда колдонулуучу электр жабдуулары ошол электр жабдуусунун конструкциясы менен камсыз кылынуучу жабдуунун ичине суунун киришинен жана сырттан катуу нерселердин түшүп кетишинен корголуу даражасы боюнча классификацияланат.

Өрттөн корголгон электр жабдууларынын классификациясы электр орнотмолорунун түзүлүш эрежелери менен аныкталат.

  1. Электр жабдууларынын кабыкчасынын коргоо даражасын маркалоо эл аралык коргоо белгисинин (IР) жана эки цифранын жардамы менен жүзөгө ашырылат, алардын биринчиси катуу нерселердин түшүп кетишинен, экинчиси — суунун киришинен коргой тургандыгын билдирет.

23-берене. Жарылуудан корголгон электр жабдууларын классификациялоо

  1. Жарылуудан корголгон электр жабдуулары жарылуудан коргоо деңгээли, жарылуудан коргоо түрлөрү, топтору жана температуралык класстары боюнча классификацияланат.
  2. Жарылуудан корголгон электр жабдуулары жарылуудан коргоо деңгээли боюнча төмөнкү түрлөргө бөлүнөт:

1) өзгөчө жарылуу коркунучу жок электр жабдуулары (деңгээли — 0);

2) жарылуу коркунучу жок электр жабдуулары (деңгээли — 1);

3) жарылууга каршы жогорку бекемдиктеги электр жабдуулары (деңгээли — 2).

  1. Жарылуу коркунучу жок электр жабдуулары — жарылуудан коргоонун кошумча каражаттары менен жарылуу коркунучу жок электр жабдуулары.

Жарылуу коркунучу жок электр жабдуулары жарылуудан коргоо каражаттарынын бузулуусун кошпогондо, иштин демейки режиминде да, бузулууда да жарылуудан коргоону камсыз кылат.

Жарылууга каршы жогорку бекемдиктеги электр жабдуулары иштин демейки режиминде гана жарылуудан коргоону камсыз кылат (авария жана бузулуулар болбогондо).

  1. Жарылуудан корголгон электр жабдууларынын температуралык классы, тобу (кичи тобу), жарылуудан коргоонун деңгээли, түрү боюнча көрсөткүчтөрү, ошондой эле электр жабдууларды маркалоо электр орнотмолорунун түзүлүш эрежелери менен аныкталат.

7-глава. Өрт коркунучу боюнча сырткы орнотмолорду классификациялоо

24-берене. Өрт коркунучу боюнча сырткы орнотмолорду классификациялоонун максаты

  1. Өрт коркунучу боюнча сырткы орнотмолорду классификациялоо өрт чыгуу мүмкүндүгүн болтурбоо жана сырткы орнотмолордо өрт чыккан учурда адамдардын жана мүлктүн өрткө каршы корголушун камсыз кылууга багытталган өрт коопсуздугунун талаптарын белгилөө үчүн пайдаланылат.
  2. Өрт коркунучу боюнча сырткы орнотмолордун классификациясы анын тиешелүү категорияга таандыгын аныктоого негизделет.
  3. Өрт коркунучу боюнча сырткы орнотмолордун категориялары капиталдык курулуш жана реконструкциялоо объекттеринин долбоордук документтеринде көрсөтүлүүгө тийиш, орнотмолордо өрт коркунучу боюнча категориялардын белгилери да көрсөтүлүүгө тийиш.

25-берене. Өрт коркунучу боюнча сырткы орнотмолордун категорияларын аныктоо

  1. Өрт коркунучу боюнча сырткы орнотмолордун категориялары орнотмолордогу күйүүчү заттар менен материалдардын өрт коркунучунун касиеттерине, санына жана технологиялык процесстердин өзгөчөлүктөрүнө негизденип аныкталат.
  2. Өрт коркунучу боюнча сырткы орнотмолордун категориялары белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттар менен аныкталат.
  3. Өрт коркунучу боюнча сырткы орнотмолордун категорияларын аныктоо алардын кыйла коркунучтуу «Ан» категориясынан коркунучтуулугу кыйла төмөн «Дн» категориясына таандуулугун ырааттуу текшерүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
  4. Өрт коркунучу боюнча сырткы орнотмолор төмөнкү категорияларга бөлүнөт:

1) жогорку жарылуу өрт коркунучу (Ан);

2) жарылуу өрт коркунучу (Бн);

3) өрт коркунучу (Вн);

4) орточо өрт коркунучу (Гн);

5) төмөндөтүлгөн өрт коркунучу (Дн).

8-глава. Имараттардын, курулмалардын жана жайлардын өрт жана жарылуу өрт коркунучу боюнча классификациялоо

26-берене. Имараттарды, курулмаларды жана жайларды өрт жана жарылуу өрт коркунучу боюнча классификациялоонун максаты

Имараттарды, курулмаларды жана жайларды өрт жана жарылуу өрт коркунучу боюнча классификациялоо өрт чыгуу мүмкүндүгүн болтурбоого жана имараттарда, курулмаларда жана жайларда өрт чыккан учурда адамдардын жана мүлктүн өрттөн корголушун камсыз кылууга багытталган өрт коопсуздугунун талаптарын белгилөө үчүн колдонулат.

27-берене. Имараттардын, курулмалардын жана жайлардын өрт жана жарылуу өрт коркунучу боюнча категориялары

  1. Имараттардын, курулмалардын өрт жана жарылуу өрт коркунучу боюнча категориялары ошол имараттагы, курулмадагы тигил же бул коркунуч категориясындагы жайлардын үлүшүнө жана жалпы аянтына негизденип аныкталат.

Имараттардын, курулмалардын жана өндүрүштүк жана кампалык арналыштагы жайлардын өрт жана жарылуу өрт коркунучу боюнча категориялары капиталдык курулуш жана реконструкциялоо объекттеринин долбоордук документтеринде көрсөтүлөт.

  1. Имараттардын, курулмалардын жана жайлардын өрт жана жарылуу өрт коркунучу боюнча категориясы аппараттарда жана жайларда жайгашкан күйүүчү заттар менен материалдардын түрүнө, алардын санына жана өрт коркунучунун касиетине, ошондой эле жайлардын көлөмдүк-пландоо чечимдерине жана анда жүргүзүлүп жаткан технологиялык процесстердин мүнөздөмөсүнө жараша курулуш ченемдери жана эрежелери, белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттар менен аныкталат.
  2. Имараттардын, курулмалардын жана жайлардын категорияларын аныктоо алардын кыйла коркунучтуу «А» категориясынан коркунучтуулугу кыйла төмөн «Д» категориясына таандуулугун ырааттуу текшерүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

Имараттарды, курулмаларды жана жайларды «В1», «В2», «ВЗ» же «В4» категорияларына киргизүү аларда өрт оорчулугунун өлчөмүнө жана жайгаштыруу ыкмасына, ошондой эле аны түзүүчү заттардын жана материалдардын өрт коркунучтуу касиетине жараша жүзөгө ашырылат.

  1. Өрт жана жарылуу өрт коркунучу боюнча өндүрүш жана кампалык арналыштагы имараттар, курулмалар жана жайлар функционалдык арналышына карабастан төмөнкү категорияларга бөлүнөт:

1) «А» — жогорку жарылуу өрт коркунучу;

2) «Б» — жарылуу өрт коркунучу;

3) «В1 — В4» өрт коркунучу;

4) «Г» — орточо өрт коркунучу;

5) «Д» — төмөндөтүлгөн өрт коркунучу.

9-глава. Имараттарды, курулмаларды жана өрт отсектерин өрт-техникалык классификациялоо

28-берене. Классификациялоонун максаты

  1. Имараттарды, курулмаларды жана өрт отсектерин өрт-техникалык классификациялоо функционалдык арналышын жана өрт коркунучтуулугуна жараша имараттардын, курулмалардын өрт коопсуздугун камсыз кылуу тутумдарына карата өрт коопсуздугунун талаптарын белгилөө үчүн колдонулат.
  2. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин өрткө туруктуулук даражасы, алардын функционалдык жана конструкциялык өрт коркунучунун класстары капиталдык курулуш жана реконструкциялоо объекттерине долбоордук документтерде көрсөтүлөт.

29-берене. Имараттарды, курулмаларды жана өрт отсектерин өрт-техникалык классификациялоо

Имараттарды, курулмаларды жана өрт отсектерин классификациялоо төмөнкү критерийлерди эске алуу менен жүзөгө ашырылат:

1) отко туруктуулук даражасы;

2) конструкциялык өрт коркунучунун классы;

3) функционалдык өрт коркунучунун классы.

30-берене. Имараттарды, курулмаларды жана өрт отсектерин отко туруктуулук даражасы боюнча классификациялоо

  1. Имараттар, курулмалар жана өрт отсектери отко туруктуулук даражалары боюнча I, II, III, IV жана V даражадагы отко туруктуу имараттарга, курулмаларга жана өрт отсектерге бөлүнөт.
  2. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин отко туруктуулук даражасы тиешелүү курулуш ченемдери жана белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттар менен белгиленет.

31-берене. Имараттарды, курулмаларды жана өрт отсектерин конструкциялык өрт коркунуч классы боюнча классификациялоо

  1. Имараттар, курулмалар жана өрт отсектери конструкциялык өрт коркунуч классы боюнча төмөнкү СО, С1, С2 жана СЗ класстарына бөлүнөт.
  2. Имараттарда, курулмаларда жана өрт отсектеринде өрттүн тарап кетүүсүн чектөөгө карата коюлуучу талаптар ушул Мыйзамдын 75-беренесинде белгиленет.
  3. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин конструкциялык өрт коркунуч классын аныктоо тартиби белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттарга ылайык аныкталат.

32-берене. Имараттарды, курулмаларды жана өрт отсектерин функционалдык өрт коркунуч классы боюнча классификациялоо

  1. Имараттар (курулмалар, өрт отсектери жана имараттардын бөлүктөрү — жайлар же функционалдык жактан өз ара байланышкан жайлардын топтору) функционалдык өрт коркунуч классы боюнча арналышына, жылына, физикалык абалына жана имараттагы адамдардын санына, алардын уктоо абалында болуу мүмкүнчүлүгүнө жараша төмөнкүдөй бөлүнөт:

1) «Ф 1» — адамдардын туруктуу жашоосу жана убактылуу болуусу үчүн имараттар, анын ичинде:

а) «Ф 1.1» — мектепке чейинки билим берүүчү мекемелеринин, карылардын жана майыптардын адистешкен үйлөрүнүн (квартиралуу эмес) имараттары, ооруканалар, интернат тибиндеги билим берүүчү мекемелердин жана балдар мекемелеринин уктоочу корпустары;

б) «Ф 1.2» — мейманканалар, жатаканалар, санаторийлер жана жалпы типтеги эс алуу үйлөрүнүн, кемпингдердин, мотелдердин жана пансионаттардын уктоочу корпустары;

в) «Ф 1.3» — көп квартиралуу турак үйлөр;

г) «Ф 1.4» — бир квартиралуу, анын ичинде тосмолонгон турак үйлөр;

2) «Ф 2» — оюн-зоок жана маданий-агартуу мекемелеринин имараттары, анын ичинде:

а) «Ф 2.1» — театрлар, кинотеатрлар, концерттик залдар, клубдар, цирктер, трибунасы менен спорттук курулмалар, китепканалар жана жабык жайларга келүүчүлөр үчүн эсептелген сандагы отуруучу орундары бар башка мекемелер;

б) «Ф 2.2» — музейлер, көргөзмөлөр, бий залдары жана ушул сыяктуу жабык жайлардагы мекемелер;

в) «Ф 2.3» — «Ф 2.1″де көрсөтүлгөн мекемелердин ачык асман астындагы имараттары;

г) «Ф 2.4» — «Ф 2.2″де көрсөтүлгөн мекемелердин ачык асман астындагы имараттары;

3) «Ф 3» — калкты тейлөө боюнча ишканалардын имараттары, анын ичинде:

а) «Ф 3.1» — соода ишканаларынын имараттары;

б) «Ф 3.2» — коомдук тамактануу ишканаларынын имараттары;

в) «Ф 3.3» — вокзалдар;

г) «Ф 3.4» — поликлиникалар жана амбулаториялар;

д) «Ф 3.5» — турмуш-тиричилик жана коммуналдык тейлөө ишканаларынын келип-кетүүчүлөр үчүн эсепке алынбаган сандагы отуруу орундары бар келип-кетүүчүлөр үчүн жайлар;

е) «Ф 3.6» — көрүүчүлөр үчүн трибуналары жок дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстери жана спорттук-машыктыруу мекемелери, турмуш-тиричиликтик жайлары, мончолор;

4) «Ф 4» — илимий жана билим берүү уюмдарынын, долбоорлоо уюмдарынын, башкаруу органдарынын мекемелеринин имараттары, анын ичинде:

а) «Ф 4.1» — жалпы билим берүү мекемелери, балдарга кошумча билим берүү мекемелери, кесиптик баштапкы жана кесиптик орто билим берүү мекемелери;

б) «Ф 4.2» — кесиптик жогорку билим берүү жана адистерге кесиптик кошумча билим берүү (квалификацияларын жогорулатуу) мекемелери;

в) «Ф 4.3» — башкаруу органдарынын мекемелери, долбоорлоо-конструктордук уюмдары, маалымат жана редакциялык-басма уюмдары, илимий уюмдар, банктар, конторалар, офистер;

г) «Ф 4.4» — өрт деполору;

5) «Ф 5» — өндүрүштүк же кампа арналышындагы имараттар, анын ичинде:

а) «Ф 5.1» — өндүрүштүк имараттар жана курулмалар, өндүрүштүк жана лабораториялык жайлар, устаканалар;

б) «Ф 5.2» — кампа имараттары жана курулмалары, техникалык тейлөө жана оңдоосуз автомобилдер токтоочу жайлар, китеп сакталуучу жайлар, архивдер, кампа жайлары;

в) «Ф 5.3» — айыл чарбалык арналыштагы имараттар.

  1. Өндүрүштүк жана кампа жайлары, анын ичинде «Ф 1» — «Ф 4» класстарындагы имараттардагы лабораториялар жана устаканалар «Ф 5» классына кирет.

33-берене. Өрт деполорунун имараттарын классификациялоо

  1. Өрт деполорунун имараттары арналышына, автомобилдердин санына, жайларынын жана алардын аянттарынын курамына жараша төмөнкү типтерге бөлүнөт:

1) I — шаардык калктуу конуштарды коргоо үчүн 6, 8, 10 жана 12 автомобилге өрт депосу;

2) II — шаардык калктуу конуштарын коргоо үчүн 2, 4 жана 6 автомобилге өрт депосу;

3) III — уюмдарды коргоо үчүн 6, 8,10 жана 12 автомобилге өрт депосу;

4) IV — уюмдарды коргоо үчүн 2, 4 жана 6 автомобилге өрт делосу;

5) V — айылдык калктуу конуштарды коргоо үчүн 1, 2, 3 жана 4 автомобилге өрт депосу.

  1. Өрт депосунун I жана III типтеги имараттары аларда калктуу конуштун же уюмдун аймагынан орун алган өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу органдардын бөлүмдөрү жайгашкан учурда долбоорлонот.

10-глава. Курулуш конструкцияларын жана өрткө каршы бөгөттөрдү өрт-техникалык классификациялоо

34-берене. Классификациялоонун максаты

  1. Курулуш конструкцияларын белгилүү даражада отко туруктуу имараттарда, курулмаларда жана өрт отсектеринде колдонуу мүмкүндүгүн белгилөө үчүн же имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин отко туруктуулук даражасын аныктоо үчүн отко туруктуулугу боюнча классификациялайт.
  2. Курулуш конструкциялары өрттүн өрчүшүнө курулуш конструкцияларын катышуу даражасын жана алардын өрттүн коркунучтуу факторлорун жаратууга карата жөндөмдүүлүгүн аныктоо үчүн өрт коркунучу боюнча классификацияланат.
  3. Өрткө каршы бөгөттөр өрттүн коркунуч факторлорунун жайылышын болтурбоо ыкмасы боюнча, ошондой эле отко туруктуулуктун керектүү чеги жана өрт коркунучунун классы менен курулуш конструкцияларды тандоо жана өрткө каршы бөгөттөрдүн тешиктерин толтуруу үчүн отко туруктуулугу боюнча классификацияланат.

35-берене. Курулуш конструкцияларын отко туруктуулугу боюнча классификациялоо

  1. Имараттардын жана курулмалардын курулуш конструкциялары стандарттык сыноо шарттарында алардын өрттүн таасирине жана өрттүн коркунучтуу факторлорунун таралышына каршылык көрсөтүү жөндөмдүүлүгүнө жараша төмөнкүдөй отко туруктуулук чегине ээ курулуш конструкцияларына бөлүнөт:

1) ченемге салынбаган;

2) 15 мүнөттөн кем эмес;

3) 30 мүнөттөн кем эмес;

4) 45 мүнөттөн кем эмес;

5) 60 мүнөттөн кем эмес;

6) 90 мүнөттөн кем эмес;

7) 120 мүнөттөн кем эмес;

8) 150 мүнөттөн кем эмес;

9) 180 мүнөттөн кем эмес;

10) 240 мүнөттөн кем эмес;

11) 360 мүнөттөн кем эмес.

  1. Курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чеги стандарттык сыноолордун шарттарында аныкталат. Көтөрүүчү жана тосуучу курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чектери стандарттык сыноолордун шарттарында же эсептөөлөрдүн натыйжасында бир же чектик абалдардын төмөнкү бир нече белгилерине ырааттуу жетүү убактысы боюнча белгиленет:

1) көтөрүү жөндөмдүүлүгүн жоготушу «R»;

2) бүтүндүгүн жоготушу «Е»;

3) конструкциянын ысытылбаган бетинде температуранын «I» чектик маанилерге чейин жогорулашынан улам же конструкциялардын ысытылбаган бетинен ченемделген аралыкта жылуулук агымынын тыгыздыгынын чектик «W» чоңдугуна жетишинин кесепетинен жылуулук өткөрбөө жөндөмдүүлүгүнүн жоголушу.

  1. Өрткө каршы бөгөттөрдүн оюктарын толтуруу үчүн отко туруктуулук чеги бүтүндүгүн жоготкондогу «Е», жылуулук өткөрбөө жөндөмдүүлүгүнүн «I», жылуулук агымынын тыгыздыгынын «W’ жана (же) түтүн-газ өткөрбөстүгүнүн «S» чектик чоңдугуна жеткенде келет.
  2. Курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чегин жана чектик абалдарынын белгилерин аныктоо усулдары белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттарга ылайык белгиленет.
  3. Курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чектеринин шарттуу белгилери чектик абалынын жана тобунун тамга түрүндөгү белгилерин камтыйт.

36-берене. Курулуш конструкцияларын өрт коркунучу боюнча классификациялоо

  1. Курулуш конструкциялары өрт коркунучу боюнча төмөнкү класстарга бөлүнөт:

1) өрт коркунучу жок «К0»;

2) өрт коркунучу аз «К1»;

3) өрт коркунучу солгун «К2»;

4) өрт коркунучтуу «КЗ».

  1. Курулуш конструкцияларынын өрт коркунучу боюнча классы жана курулуш конструкцияларын өрт коркунучу боюнча белгилүү бир класска таандык кылуу критерийлеринин сандык маанилери белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттарга ылайык аныкталат.

37-берене. Өрткө каршы бөгөттөрдү классификациялоо

  1. Өрткө каршы бөгөттөр өрттүн коркунучтуу факторлорунун таралуусун болтурбоо ыкмасына жараша төмөнкү типтерге бөлүнөт:

1) өрткө каршы дубалдар;

2) өрткө каршы тосмолор;

3) өрткө каршы калканчтар;

4) өрткө каршы ажырымдар;

5) өрткө каршы көшөгөлөр, шторалар жана экрандар;

6) өрткө каршы суу тосмолору;

7) өрткө каршы минералдаштырылган тилкелер.

  1. Өрткө каршы дубалдар, тосмолор жана калканчтар, өрткө каршы бөгөттөрдөгү оюктарды толтуруу (өрткө каршы эшиктер, дарбазалар, люктар, клапандар, терезелер, шторалар, көшөгөлөр) алардын тосуучу бөлүгүнүн отко туруктуулук чектерине жараша, ошондой эле өрткө каршы бөгөттөрдөгү оюктар үчүн каралган тамбур-шлюздар ошол тамбур-шлюздардын элементтеринин типтерине жараша төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт:
1) дубалдар 1 же 2-тип;
2) тосмолор 1 же 2-тип;
3) калканчтар 1 же 2, же 3, же 4-тип;
4) эшиктер, дарбазалар, люктар, клапандар, экрандар, шторалар 1 же 2, же 3-тип;
5) терезелер 1 же 2, же 3-тип;
6) көшөгөлөр 1-тип;
7) тамбур-шлюздар 1 же 2-тип.
  1. Өрткө каршы бөгөттөр өрткө каршы бөгөттөрдүн элементтеринин отко туруктуулук чектерине жана оюктарды толтуруу тибине жараша тигил же бул типке таандык кылынат жана белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттарга ылайык аныкталат.

11-глава. Тепкичтерди жана тепкич клеткаларын өрт-техникалык классификациялоо

38-берене. Классификациялоонун максаты

Тепкичтер жана тепкич клеткалары, алардын көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечилишине талаптарды аныктоо максатында, ошондой эле адамдарды эвакуациялоо жолдорунда аларды колдонуу талаптарын белгилөө үчүн классификацияланат.

39-берене. Тепкичтерди классификациялоо

  1. Өрттө имараттардан жана курулмалардан адамдарды эвакуациялоо үчүн арналган тепкичтер төмөнкү типтерге бөлүнөт:

1) тепкич клеткаларында жайгаштырылуучу ички тепкичтер;

2) ички ачык тепкичтер;

3) сырткы ачык тепкичтер.

  1. Өрт өчүрүүнү камсыз кылуу жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн арналган өрт тепкичтери төмөнкү типтерге бөлүнөт:

1) тик тепкичтер — П1;

2) жантаймасы 6:1ден ашык эмес марш тепкичтери — П2.

40-берене. Тепкич клеткаларын классификациялоо

  1. Тепкич клеткалары өрттө түтүндөн корголуу даражасына жараша төмөнкү типтерге бөлүнөт:

1) кадимки тепкич клеткалары;

2) түтөбөөчү тепкич клеткалары.

  1. Кадимки тепкич клеткалары жарык берүү ыкмасына жараша төмөнкү типтерге бөлүнөт:

1) «Л1» ар бир кабаттын сырткы дубалындагы айнектелген же ачык оюктар аркылуу табигый жарык кирген тепкич клеткалары;

2) «Л2» жабык жердеги айнектелген же ачык оюктар аркылуу табигый жарык кирген тепкич клеткалары.

  1. Түтөбөөчү тепкич клеткалары өрттө түтөөдөн сактоо ыкмасына жараша төмөнкү типтерге бөлүнөт:

1) «Н1» түтөбөөчү сырткы аба зонасы аркылуу ачык өткөөл боюнча кабаттан тепкич клеткасына чыккан жери бар тепкич клеткалары;

2) «Н2» өрттө тепкич клеткаларына абаны үйлөгөн тепкич клеткалары;

3) «Н3» ар бир кабатта дайыма же өрт учурунда аба үйлөнгөнү камсыз кылынган тамбур-шлюз аркылуу чыккан жери бар тепкич клеткалары.

  1. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн тепкич клеткаларын бийиктиги 28 метр же андан жогору коомдук арналышындагы турак жай арналышындагы имараттарда ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык караштыруу керек.

12-глава. Өрткө каршы техниканы, жабдууларды жана жабдыктарды классификациялоо

41-берене. Классификациялоонун максаты

Өрт техникасын классификациялоо анын арналышын, колдонуу жаатын аныктоо үчүн, ошондой эле өрт техникасын эксплуатациялоодо өрт коопсуздугунун талаптарын белгилөө үчүн пайдаланылат.

42-берене. Өрткө каршы техниканы, жабдууларды жана жабдыктарды классификациялоо

Өрт техникасы, жабдуулар жана жабдыктар арналышына жана колдонуу жаатына жараша төмөнкү типтерге бөлүнөт:

1) өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары;

2) өрт өчүрүүнүн мобилдүү каражаттары;

3) өрт өчүрүүчү орнотмолор;

4) өрт автоматикасынын каражаттары;

5) өрткө каршы жабдуулар;

6) өрттө адамдарды жеке коргоонун жана куткаруунун каражаттары;

7) өрткө каршы шаймандар (механикалаштырылган жана механикалаштырылбаган);

8) өрт сигнализациясы, байланыш жана кабарлоо.

43-берене. Өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттарын классификациялоо жана аларды колдонуу жааты

Өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары өрт менен күрөшүү максатында пайдалануу үчүн арналган жана төмөнкү типтерге бөлүнөт:

1) көтөрүп жүрмө жана жылдырылуучу өрт өчүргүчтөр;

2) өрт крандары жана алардын пайдаланылышын камсыз кылуучу каражаттар;

3) өрт инвентары;

4) тутануу очогун обочолоо үчүн жапкыч, брезент, кийиз, кум.

44-берене. Өрт өчүрүүнүн мобилдүү каражаттарын классификациялоо

Өрт өчүрүүнүн мобилдүү каражаттарына өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүнүн өздүк курамы пайдалануу үчүн арналган транспорт же транспорттолуучу өрт машиналары кирет. Өрт өчүрүүнүн мобилдүү каражаттары төмөнкү типтерге бөлүнөт:

1) өрт өчүрүүчү автомобилдер (негизги жана атайын);

2) өрт өчүрүүчү поезддер;

3) өрт өчүрүүчү вертолеттор;

4) өрт өчүрүүчү кемелер;

5) өрт өчүрүүчү мотопомпалар;

6) ыңгайлаштырылган техникалык каражаттар (сүйрөгүчтөр, чиркегичтер жана тракторлор жана д.у.с.).

45-берене. Өрт өчүрүү орнотмолорун классификациялоо

  1. Өрт өчүрүү орнотмолору — от өчүрүүчү заттарды жиберүү менен өрттү өчүрүүнүн стационардык техникалык каражаттарынын жыйындысы.

Өрт өчүрүү орнотмолору өрттү чектөөнү жана жок кылууну камсыз кылууга тийиш.

Өрт өчүрүү орнотмолору төмөнкүдөй бөлүнөт:

— конструкциялык түзүлүшү боюнча — агрегаттык жана модулдук;

— автоматташтыруу даражасы боюнча — автоматтык, автоматташтырылган жана кол менен иштетилүүчү;

— от өчүрүүчү заттардын түрү боюнча — суу, көбүк, газ, порошок колдонулуучу, аэрозолдук жана айкалышкан;

— өчүрүү ыкмасы боюнча — көлөмдүк, үстүңкү, чектелген-көлөмдүк жана чектелген-үстүңкү.

  1. Өрт өчүрүү орнотмосунун типтери, өчүрүү ыкмасы жана от өчүрүүчү заттардын түрү Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

Мында өрт өчүрүү орнотмосу төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:

— өрттүн күчөшүнүн баштапкы стадиясынын узактыгынан (өрттүн эркин күчөшүнүн чектүү мезгилинен) ашпаган мезгил ичинде иштей баштоосун;

— суу жеткирүүнүн зарыл болгон ургаалдуулугун же от өчүрүүчү заттардын салыштырмалуу сарпталышын;

— ыкчам күчтөр менен каражаттарды аракетке келтирүү үчүн зарыл мезгил ичинде өрттү жок кылуу же чектөө максатында өчүрүүнү;

— иштешинин талап кылынган ишенимдүүлүгүн.

46-берене. Өрт өчүрүү автоматикасынын (сигнализация) каражаттары

Өрт өчүрүү автоматикасынын каражаттары өрттү автоматтык түрдө табууга, ал тууралуу адамдарды маалымдоо жана адамдардын эвакуациялоосун башкаруу, өрттү өчүрүү жана түтүндү кетирүү орнотмолорун автоматтык башкаруу, имараттардын жана объекттердин инженердик, технологиялык жана коммуникациялык жабдууларын башкаруу үчүн арналган. Өрт автоматикасынын каражаттары төмөнкүлөргө бөлүнөт:

1) өрт маалымдагычтарына;

2) кабыл алгыч-контролдоо өрт приборлоруна;

3) башкаруучу өрт приборлоруна;

4) кабарлоону жана эвакуацияны башкаруунун өрт техникалык каражаттарына;

5) өрт тууралуу маалымдоолорду берүү тутумдарына;

6) өрт автоматикасынын тутумдарын куруу үчүн башка приборлоруна жана жабдууларына.

47-берене. Өрттө адамдарды коргоонун жана куткаруунун жеке каражаттарын классификациялоо

  1. Өрттө адамдарды коргоонун жеке каражаттары коргоо объектинин кызматкерлерин, өрттүн алдын алуу жана өчүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүнүн жеке курамын жана эвакуацияланган жарандарды өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен коргоо үчүн арналат. Өрттө адамдарды куткаруу каражаттары өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу органдардын бөлүмдөрүнүн өздүк курамы жана күйүп жаткан имараттан, курулмадан жарандарды, жердеги, абадагы жана суудагы транспорт каражаттарын куткаруу үчүн арналат.
  2. Өрттө адамдарды коргоонун жеке каражаттары төмөнкүлөргө бөлүнөт:

1) дем алуу жана көрүү органдарын коргоонун жеке каражаттары (обочолоо аракеттеги);

2) өрт өчүрүүчүлөрдүн жеке коргонуу каражаттары.

  1. Өрттө адамдарды бийиктиктен куткаруу каражаттары төмөнкүлөргө бөлүнөт:

1) адамдарды куткаруунун жеке каражаттарына;

2) адамдарды куткаруунун жамааттык каражаттарына.

13-глава. Өрттү болтурбоо тутуму

48-берене. Өрттү болтурбоо тутумун түзүүнүн максаты

  1. Өрттү болтурбоо тутумун түзүүнүн максаты өрттүн келип чыгуу шарттарын четтетүү болуп саналат.

Өрттүн келип чыгуу шарттарын четтетүү күйүүчү чөйрөнүн пайда болуу шарттарын жана (же) күйүүчү чөйрөдө тутануу булагынын пайда болуу (же ага киргизилүү) шарттарын четтетүү аркылуу жетишилет.

  1. Коргоо объектиндеги өрттү болтурбоо тутумдарынын курамы жана функционалдык мүнөздөмөсү ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы ченемдик укуктук актылары жана тиешелүү курулуш ченемдери жана эрежелери менен белгиленет.
  2. Өрттү болтурбоо тутумдарынын мүнөздөмөлөрүн изилдөөлөрдүн (сыноолордун жана өлчөөлөрдүн) эрежелери жана усулдары белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттарга ылайык белгиленет.

49-берене. Күйүүчү чөйрөнүн түзүлүү шарттарын четтетүү ыкмалары

Күйүүчү чөйрөнүн түзүлүү шарттарын четтетүү төмөнкү ыкмалардын бири же бир нечеси менен камсыз кылынууга тийиш:

1) күйбөөчү заттар менен материалдарды колдонуу;

2) күйүүчү заттар менен материалдардын массасын жана (же) көлөмүн чектөө;

3) күйүүчү заттар менен материалдарды, ошондой эле бири-бири менен өз ара аракеттенгенде күйүүчү чөйрөнүн түзүлүүсүнө алып келүүчү материалдарды жайгаштыруунун кыйла коопсуз ыкмаларын пайдалануу;

4) күйүүчү чөйрөнү тутануу булагынан обочолоо (обочолонгон отсектерди, камераларды, кабиналарды колдонуу);

5) кычкылдандыргыч жана (же) күйүүчү заттардын чөйрөлөрүндө коопсуз концентрацияны кармап туруу;

6) кычкылдандыргычтын күйүүчү чөйрөдөгү концентрациясынын корголуучу көлөмдө азайтылышы;

7) чөйрөнүн температурасын жана басымын жалындын таралышы болбой тургандай кылып кармап туруу;

8) күйүүчү заттардын жүгүртүлүшү менен байланышкан технологиялык процесстерди механизациялоо жана автоматташтыруу;

9) өрт кооптуулугу жабдууларын өзүнчө жайларга же ачык аянтчага орнотуу;

10) күйүүчү заттардын жайдын көлөмүнө чыгышын четтеткен, же жайда күйүүчү чөйрөнүн түзүлүүсүн четтеткен өндүрүштүк жабдууларды коргоо түзүлүштөрүн колдонуу;

11) технологиялык жабдуулардын жана коммуникациялардын жайларынан өндүрүштүн өрт кооптуу калдыктарын, чаң басууларды, пырларды жок кылуу.

50-берене. Күйүүчү чөйрөдө тутануу булагынын түзүлүү (же ага киргизилүү) шарттарын четтетүү ыкмалары

  1. Күйүүчү чөйрөдө тутануу булагынын түзүлүү шарттарын четтетүү төмөнкү ыкмалардын бири же бир нечеси аркылуу жетишилүүгө тийиш:

1) өрт коркунучу жана (же) жарылуу коркунучу бар зонанын классына, жарылуу коркунучу бар аралашманын категориясына жана тобуна ылайык келген электр жабдууларын колдонуу;

2) конструкцияда электр орнотмолорунун коргоп өчүрүүчү таасири тез каражаттарды жана тутануу булагынын түзүлүүсүнө алып келүүчү башка түзүлүштөрдү колдонуу;

3) статикалык электр тогунун түзүлүүсүн четтетүүчү жабдууларды жана технологиялык процесстерди жүргүзүү режимдерин колдонуу;

4) имараттарды, курулмаларды жана жабдууларды чагылгандан коргоо (чагылган тоскуч) түзүлүшү;

5) күйүүчү чөйрө менен тийишүүчү заттардын, материалдардын жана беттердин ысыган коопсуз температурасын кармоо;

6) күйүүчү чөйрөдө учкун разрядынын энергиясын коопсуз маанилерине чейин чектөөчү ыкмалар менен түзүлүштөрдү колдонуу;

7) оңой от алуучу суюктуктар жана күйүүчү газдар менен иштегенде учкундан коркунучсуз шайманды колдонуу;

8) жүгүртүлгөн заттардын, материалдардын жана буюмдардын өзүнөн өзү ысыктан, химиялык жана (же) микробиологиялык от алып кетүүчү шарттарын жоюу;

9) пирофордук заттардын аба менен байланышын болтурбоо;

10) жалындын бир көлөмдөн чектеш турган көлөмдөргө таралуу мүмкүнчүлүгүн четтетүүчү түзүлүштөрдү колдонуу.

  1. Тутануу булактарынын параметрлеринин коопсуз маанилери белгиленген тартипте бекитилген, тиешелүү улуттук стандарттар менен аныкталган, андагы жүгүртүлгөн заттар менен материалдардын өрт коркунучунун көрсөткүчтөрүнүн негизинде технологиялык процессти жүргүзүү шарттары менен аныкталат.

14-глава. Өрткө каршы коргоо тутуму

51-берене. Өрткө каршы коргоо тутумун түзүүнүн максаты

  1. Өрткө каршы коргоо тутумун түзүүнүн максаты адамдарды жана мүлктү өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен коргоо жана (же) анын кесепеттерин чектөө болуп саналат.

Адамдарды жана мүлктү өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен коргоо жана (же) анын кесепеттерин чектөө өрттүн коркунучтуу факторлорунун күчөө динамикасын басаңдатуу менен, адамдарды жана мүлктү коопсуз зонага эвакуациялоо жана (же) өрттү өчүрүү менен камсыз кылынат.

  1. Өрткө каршы коргоо тутуму өрт коопсуздугун камсыз кылуу максатына жетүү үчүн зарыл болгон убакыт ичинде өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасирине бекем жана туруктуу болууга тийиш.
  2. Объекттердин өрткө каршы коргоо тутумунун курамы жана функционалдык мүнөздөмөсү Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актылары жана тиешелүү курулуш ченемдери жана эрежелери менен аныкталат.
  3. Өрткө каршы коргоонун автоматтык тутумдары жана өрт насостук станциялары керектөөнүн I категориясы боюнча электр жабдуу менен камсыз кылынууга тийиш.

52-берене. Адамдарды жана мүлктү өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен коргоо ыкмалары

Адамдарды жана мүлктү өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен коргоо же алардын таасиринин кесепеттерин чектөө төмөнкү ыкмалардын бири же бир нечеси аркылуу камсыз кылынат:

1) өрттүн очогунун чегинен сырткары таралышын чектөөнү камсыз кылуучу көлөмдүк-пландык чечимдерди жана каражаттарды колдонуу;

2) өрттө адамдарды коопсуз эвакуациялоо талаптарына жооп берген эвакуация жолдорун куруу;

3) өрттү автоматтык түрдө табуучу (өрт сигнализациясынын автоматтык орнотмолорун), өрттө маалымдоочу жана адамдардын эвакуациясын башкаруучу системаларды орнотуу;

4) өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен адамдарды жамааттык коргоо тутумдарын (анын ичинде түтүнгө каршы) жана жеке коргонуу каражаттарын колдонуу;

5) өрттө абаны көтөрмөлөп туруунун, бөлмөлөрдү түтүндөн коргоонун, адамдарды эвакуациялоо жолдорунун жана түтүндү жок кылуунун автоматикалык тутумдарын орнотуу;

6) отко туруктуулук чеги бар негизги курулуш конструкцияларын жана имараттардын (курулмалардын) талап кылынган отко туруктуулук даражасына жана алардын конструкциялык өрт коркунучунун классына жооп берүүчү өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү бар материалдарды колдонуу;

7) курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чегин жогорулатуу үчүн оттон коргоочу курамдарды (анын ичинде антипирендерди жана оттон коргогон сырларды) жана курулуш материалдарын (беттерин каптагычтарды) колдонуу;

8) темир жана темир-бетондук көтөрүүчү конструкциялардын отко туруктуулук чегин жогорулатуу үчүн термикалык коргоолорду (оттон коргоо каражаттарын) колдонуу;

9) өрт коркунучу бар суюктуктардын авариялык куйгучтарын жана күйүүчү газдарды аппараттардан авариялык чыгаргычтарды орнотуу;

10) технологиялык жабдууларда жарылууга каршы коргонуу тутумун орнотуу;

11) өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттарын колдонуу;

12) өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолорун жана суу тосмосун колдонуу;

13) эвакуациялоо жолдорунда күйбөгөн жана оңой менен күйүп кетпеген конструкцияларды жана жасалгоочу материалдарды колдонуу;

14) өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүнүн ишин уюштуруу.

53-берене. Өрттө адамдарды эвакуациялоо жолдору

  1. Ар бир имаратта же курулмада өрттө адамдарды коопсуз эвакуациялоону камсыз кылуучу эвакуациялоо жолдорунун көлөмдүк-пландык чечилиши жана конструкциялык аткарылышы болууга тийиш. Адамдарды коопсуз эвакуациялоо мүмкүн болбогондо, жамааттык коргоо тутумдарын колдонуу аркылуу адамдарды коргоо камсыз кылынууга тийиш.

Адамдарды коопсуз эвакуациялоону камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:

— зарыл сандагы, өлчөмдөгү жана тиешелүү конструкциялык аткарылыштагы эвакуациялоо жолдорун жана чыгуу жерлерин орнотуу;

— эвакуациялоо жолдору боюнча жана эвакуациялык чыгуу жерлери аркылуу адамдардын тоскоолсуз кыймылын камсыз кылуу;

— маалымдоону жана эвакуациялоо жолдору боюнча адамдардын кыймылын (анын ичинде жарык көрсөткүчтөрүн, үн жана сүйлөө маалымдамаларын колдонуу менен) башкарууну уюштуруу.

  1. Эгер өрт билингенден баштап адамдарды коопсуз зонага эвакуациялоо процесси аяктаганга чейинки убакыт адамдарды эвакуациялоо үчүн зарыл болгон убакыттан ашпаса, имараттардан жана курулмалардан адамдарды коопсуз эвакуациялоо камсыз кылынган болуп эсептелет.
  2. Эвакуациялоо (авариялык) жолдорунун жана чыгуу жерлеринин саны жана өлчөмү боюнча конкреттүү талаптар тиешелүү (мамлекеттер аралык) курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин, белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттардын эсептери менен аныкталат.

54-берене. Өрттү табуу, кабарлоо жана өрттө адамдарды эвакуациялоону башкаруу тутуму

  1. Өрттү табуу (өрт сигнализациясынын орнотмолору жана тутуму), өрттө кабарлоо жана адамдарды эвакуациялоону башкаруу тутуму конкреттүү объекттин шартында адамдарды коопсуз (жол берилген өрт тобокелдигин эске алуу менен) эвакуациялоону уюштуруу максатында өрт тууралуу кабарлоо тутумун иштетүүгө зарыл убакыттын ичинде өрттү автоматтык табууну камсыз кылууга тийиш.
  2. Функционалдык арналышына жана менчигинин формасына карабастан чарба жүргүзүү объекттеринде куралган өрттү табуунун жана өчүрүүнүн автоматтык тутумдары өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук байланыш пунктуна («101» кызматына) кошулууга тийиш.
  3. Өрттү табуу, ал тууралуу кабарлоо жана өрттө адамдарды эвакуациялоону башкаруунун автоматикалык тутумдары менен милдеттүү жабдылууга жаткан объекттердин тизмеги, ошондой эле аларды монтаждоо боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан, ошондой эле курулуш ченемдери жана эрежелери менен аныкталат.

55-берене. Өрттө адамдарды жамааттык коргоо тутумдары жана жеке коргонуу каражаттары

  1. Адамдарды өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен жамааттык коргоо тутумдары жана жеке коргонуу каражаттары адамдарга өрттүн коркунучтуу факторлору таасир эткен убакытта алардын коопсуздугун камсыз кылууга тийиш.

Адамдарды жамааттык коргоо тутуму өрт мезгилинде же өрттөн коопсуз зонага адамдарды эвакуациялоо үчүн зарыл убакыт ичинде адамдардын коопсуздугун камсыз кылууга тийиш. Бул учурда адамдардын коопсуздугу имараттардагы жана курулмалардагы өрттөн коопсуз зоналардын көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечилиши аркылуу (анын ичинде имараттын кабаты менен сыртка аба зонасы аркылуу байланышкан тепкич клеткаларын орнотуу аркылуу), ошондой эле эвакуациялоо жолдорунда өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен адамдарды коргоонун техникалык каражаттарын (анын ичинде түтүнгө каршы коргоочу каражаттарды) колдонуу аркылуу жетишилүүгө тийиш.

  1. Адамдардын жеке коргонуу (анын ичинде көрүү жана дем алуу органдарын коргоо) каражаттары аларды өрттөн коопсуз зонага эвакуациялоо үчүн зарыл убакыт ичинде же өрттү өчүрүү боюнча атайын иштерди аткаруу үчүн зарыл болгон убакыттын ичинде адамдардын коопсуздугун камсыз кылууга тийиш. Адамдардын жеке коргонуу каражаттары эвакуацияланып жана куткарылып жаткан адамдарды да, өрттү өчүрүүгө катышып жаткан өрт өчүрүүчүлөрдү да коргоо үчүн колдонулууга тийиш.

56-берене. Түтүнгө каршы коргоо тутуму

  1. Имараттардын жана курулмалардын түтүнгө каршы коргоо тутуму күйүү продуктуларын жана ысыктан бузулган нерселерди жок кылуу жана (же) алардын жайылышын болтурбоо жолу менен адамдарды эвакуациялоо үчүн зарыл болгон убакыттын ичинде же өрт күчөгөн жана өрттү өчүрүү убагында өрттүн коркунучтуу таасирлеринен эвакуациялоо жолдорунда жана коопсуз зоналарда адамдарды коргоону камсыз кылууга тийиш.

Көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечилиштерге жараша имараттардын жана курулмалардын түтүнгө каршы агымдуу-соруучу желдетүү тутуму механикалык же табигый түрдө иштей тургандай аткарылууга тийиш. Түтүнгө каршы агымдуу-соруучу желдетүү тутумунда иштөө ыкмаларына карабастан түтүнгө каршы желдетүүнүн автоматтык жана аралыктан кол менен ишке киргизүүчү аткаруу механизмдери жана орнотмолору болууга тийиш.

Имараттар менен курулмалардын көлөмдүк-пландоо чечилиштери күйүүчү продуктулардын өрт болгон жайдын, өрт отсегинин жана (же) секциясынын чегинен сырткары таралуу мүмкүнчүлүгүн четтетүүгө тийиш.

Имараттар менен курулмалардын функционалдык арналышына жана көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечилиштерине жараша аларда түтүнгө каршы желдетүүнүн агымдуу-соруучу же соруучу тутуму каралууга тийиш.

Имараттар менен курулмалардын чегинен күйүү продуктуларын чыгаруу үчүн соруучу желдетүүнү механикалык же табигый соруучу түтүнгө каршы желдетүү орнотмосу жок колдонууга жол берилбейт.

Түтүнгө каршы соруучу желдетүү өрттө күйүү продуктуларын түздөн түз өрт болгон жайдан, эвакуациялоо жолдорундагы коридорлордон, холлдордон четтетүүнү камсыз кылууга тийиш.

Имараттар менен курулмалардын түтүнгө каршы тутумунун агымдуу желдетүү тутуму өрт болгон жайга жанаша жайгашкан жайларда, тепкич клеткаларында, лифт холлдорунда жана тамбур-шлюздарда аба берип турууну жана ашыкча басымды түзүүнү камсыз кылууга тийиш.

Имараттар менен курулмаларды түтүнгө каршы коргоо элементтеринин конструкциялык аткарылышы жана мүнөздөмөсү түтүнгө каршы коргоонун максаттарына жараша коопсуз зонага адамдарды эвакуациялоо үчүн зарыл убакыттын же өрт болгон мезгилдин ичинде түтүнгө каршы агымдуу-соруучу желдетүү тутумунун бузулбай иштөөсүн камсыз кылууга тийиш.

Имараттар менен курулмалардын түтүнгө каршы агымдуу-соруучу желдетүү тутумунун аткаруучу механизмдери менен түзүлүштөрүн автоматтык иштетүү автоматтык өрт сигнализациясы же автоматтык өрт өчүрүүчү орнотмолор иштегенде жүзөгө ашырылууга тийиш.

Имараттар менен курулмалардын түтүнгө каршы агымдуу-соруучу желдетүү тутумунунун механизмдери менен түзүлүштөрүн аралыктан кол менен иштетүү эвакуациялык чыгуу жерлеринде жана өрт постторунун жайларында же диспетчердик персоналдын жайларында жайгашкан ишке киргизүү элементтери аркылуу жүзөгө ашырылууга тийиш.

Өрттө имараттар менен курулмалардын түтүнгө каршы агымдуу-соруучу желдетүү тутумун иштетүүдө жалпы алмаштыруу жана абаны технологиялык желдетүү менен кондиционерлөө тутумдары милдеттүү түрдө өчүрүлүшү жүзөгө ашырылууга тийиш.

Аэрозолдук, порошоктук жана газ менен өрт өчүрүүчү автоматтык түзүлүштөрдү жана түтүнгө каршы желдетүү тутумдарын өрт болгон жайда бир мезгилде иштетүүгө жол берилбейт.

  1. Имараттар менен курулмалардын түтүнгө каршы коргоо тутумунун курамына, конструкциялык аткарылышына, колдонуу өзгөчөлүктөрүнө жана элементтерин иштетүүнүн ырааттуулугуна коюлуучу талаптар алардын функционалдык арналышына жана архитектуралык-пландоо чечилишине жараша ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу боюнча ченемдик укуктук актыларына жана курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык долбоорлоо тапшырмасы менен аныкталат.

57-берене. Имараттар менен курулмалардын отко туруктуулугу жана өрт коркунучу

  1. Имараттар менен курулмаларда отко туруктуулук чеги жана өрт коркунуч классы бар негизги курулуш конструкциялары жана имараттар менен курулмаларга талап кылынган отко туруктуулук даражасына жана алардын конструкциялык өрт коркунучу классына ылайык келген өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү бар курулуш материалдары колдонулууга тийиш.
  2. Имараттар менен курулмалардын талап кылынган отко туруктуулук даражасы жана алардын конструкциялык өрт коркунуч классы ушул Мыйзамдын 75-беренесинде аныкталган.

58-берене. Курулуш конструкцияларынын отко туруктуулугу жана өрт коркунучу

  1. Курулуш конструкцияларынын отко туруктуулугу жана өрт коркунуч классы алардын конструкциялык чечилиштеринин, тиешелүү курулуш материалдарын колдонуунун, ошондой эле оттон коргоо каражаттарын пайдалануунун эсебинен камсыз кылынууга тийиш.
  2. Курулуш конструкцияларынын талап кылынган отко туруктуулук чеги белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттарга ылайык имараттар менен курулмалардын талап кылынган, отко туруктуулук даражасына ылайык келүүгө тийиш.

59-берене. Өрттүн очогунан сырткары таралышын чектөө

Өрттүн очогунан сырткары таралышын чектөө төмөнкүдөй ыкмалардын бири же бир нечеси аркылуу камсыз кылынууга тийиш:

1) имараттар жана курулмалардын ортосунда каралган өрткө каршы ажырым;

2) өрткө каршы бөгөттөрдү куруу;

3) өрт отсектерин жана секцияларын куруу, ошондой эле имараттар менен курулмалардын кабаттуулугун чектөө;

4) күйбөөчү жана оңой менен күйбөөчү конструкцияларды жасалгалоочу, жылуулоочу жана каптагыч материалдарды колдонуу;

5) өрттү табуунун жана өчүрүүнүн автоматтык тутумдарын колдонуу;

6) өрттө орнотмолор менен коммуникацияларды авариялык өчүрүү жана которуу түзүлүштөрүн колдонуу;

7) өрттө суюктуктардын төгүлүшүн жана жайылып кетишин болтурбоочу же чектөөчү каражаттарды колдонуу;

8) жабдууда отко бөгөт болуучу түзүлүштөрдү колдонуу.

60-берене. Имараттар менен курулмалардагы өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары

  1. Имараттар менен курулмалар белгиленген ченемдерге ылайык өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары менен камсыз кылынууга тийиш жана алар колдонуу үчүн эркин жеткиликтүү болушу керек.
  2. Имараттар менен курулмаларда өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттарын жайгаштыруунун номенклатурасы, саны жана орду күйүүчү материалдын түрүнө, имараттын же курулманын көлөмдүк-пландоо чечилишине, айлана-чөйрөнүн параметрлерине жана тейлөөчү персоналдын жайгашуу ордуна жараша аныкталат жана Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы тиешелүү ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.

Мында имараттын, курулманын өрттөн коргоо тутуму (анын ичинде өрттү табуу жана өчүрүү тутуму, адамдарды эвакуациялоо жолдору жана түтүнгө каршы коргоо тутуму) өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары иштебей калган учурда өрт өчүрүүгө өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары менен катышып жаткан тейлөөчү персоналдын коопсуз эвакуациялануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.

61-берене. Автоматтык өрт өчүрүү орнотмолору

  1. Автоматтык өрт өчүрүү орнотмолору төмөнкү максаттардын бирине же бир нечесине жетүүнү камсыз кылууга тийиш:

1) жайда (имаратта) өрттүн коркунучтуу факторлорунун чектүү маанилерине чейин жеткиче өрттү жок кылууга;

2) жайда (имаратта) курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чегине жеткиче өрттү жок кылууга;

3) жайда (имаратта) корголуучу мүлккө чоң зыян келтирбегендей кылып өрттү жок кылууга;

4) жайда (имаратта) технологиялык аппараттардын (орнотмолордун) талкалануу коркунучу келип чыкканга чейин өрттү жок кылууга;

5) электр менен жабдуу, газ менен жабдуу, ысык суу менен жабдуу, суу менен жылытуу тармактарын өчүрүүгө, ошондой эле турак үйлөрдөгү жана коомдук имараттардагы авариялык жарыкты күйгүзүүгө.

  1. Автоматтык өрт өчүрүү орнотмолору менен корголууга жаткан имараттардын, курулмалардын, бөлмөлөрдүн жана жабдуулардын тизмеги, автоматтык өрт өчүрүү орнотмосунун тиби, отту өчүрүүчү заттын түрү, аны өрттүн очогуна жиберүү ыкмасы жана аларды монтаждоо боюнча талаптар көлөмдүк-пландоо чечилишине, коргоо объектинин функционалдык арналышына жана айлана-чөйрөнүн параметрлерине жараша Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актылары, курулуш ченемдери жана эрежелери менен аныкталат.

62-берене. Өрткө каршы суу менен жабдуу булактары

  1. Имараттар менен курулмаларда, ошондой эле уюмдардын жана калктуу конуштардын аймактарында өрт өчүрүү үчүн өрткө каршы суу менен жабдуу булактары болууга тийиш.

Өрткө каршы суу менен жабдуу булактары катары табигый жана жасалма көлмөлөр, ошондой эле ички жана сырткы суу түтүктөрү (анын ичинде ичүүчү, чарбалык-ичүүчү, чарбалык жана өрткө каршы) пайдаланылышы мүмкүн.

  1. Ар бир долбоорлонуучу объектте ушул Мыйзамдын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык 200 метрден ашпаган аралыкта жайгашкан колдонуудагы өрткө каршы суу булагына (өрт гидрантына) же жаңы долбоорлонуп жаткан гидрантка байланыштуу болууга тийиш.

Өрт өчүрүүчү автомобилдердин сууларга, көлмөлөргө, суу сактагычтарга, жасалма көлмөлөргө жана башка суу артерияларына өтүү мүмкүнчүлүгү (атайын пирс) каралуусу зарыл.

  1. Жасалма көлмөлөрдү куруу, табигый көлмөлөрдү пайдалануу жана өрткө каршы суу түтүктөрүн куруу зарылдыгы, ошондой эле алардын параметрлери Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу боюнча ченемдик укуктук актылары жана курулуш ченемдери жана эрежелери менен аныкталат.

63-берене. Өрт коопсуздугунун баштапкы чаралары

Өрт коопсуздугунун баштапкы чаралары төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:

1) менчиктин формасына карабастан чарба объекттеринин өрт коопсуздугун уюштуруучулук-укуктук, финансылык, материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу маселелерин чечүү боюнча бардык жеке жана юридикалык жактар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, чарба субъекттери, объекттердин (турак жайлардын) ээлери тарабынан өрт коопсуздугу жаатындагы мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын ишке ашырууну;

2) аймакты өнүктүрүү пландарында жана программаларында каралууга тийиш болгон мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик объекттеринде (турак жайларда) өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууну жана жүзөгө ашырууну, өрткө каршы суу менен жабдуу булактарынын талаптагыдай абалын камсыз кылууну, турак үйлөрдүн жана менчиктин формасына карабастан чарба объекттеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуу каражаттарын оң абалда кармоону;

3) өрт коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча максаттуу программаларды иштеп чыгууну жана аткарылышын уюштурууну;

4) менчиктин формасына карабастан чарба объекттеринин калктуу конуштарынын аймагында өрт өчүрүү жана авариялык-куткаруу жумуштарын жүргүзүү үчүн күчтөрдү жана каражаттарды тартуу планын иштеп чыгууну жана анын аткарылышын контролдоону;

5) өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча өрттү өчүрүүгө жана авариялык-куткаруу иштерин адамдар, чарба объектинин менчик ээси жүргүзүү үчүн күчтөрдүн жана каражаттардын эсебин чыгарууну;

6) менчигинин формасына карабастан чарба объекттеринде өрткө каршы өзгөчө режим орнотууну, ошондой эле ал колдонулган убакта өрт коопсуздугунун кошумча талаптарын коюуну;

7) өрт болгон жерге өрт техникасынын тоскоолсуз өтүшүн камсыз кылууну;

8) байланыш жана өрт жөнүндө кабарлоо ишин камсыз кылууну;

9) калктын өрт коопсуздугунун чараларына окутулушун жана өрт коопсуздугу жаатында үгүт иштерин уюштурууну, өрт-техникалык билимдерди таратууга көмөктөшүүнү;

10) жарандар жана уюмдардын ыктыярдуу өрттөн сактоо кызматына катышуусуна, анын ичинде өрт менен күрөшүүгө катышуусуна социалдык жана экономикалык жактан түрткү берүүнү.

II БӨЛҮМ. ШААРДЫК ЖАНА АЙЫЛДЫК КАЛКТУУ КОНУШТАРДЫ ДОЛБООРЛООДО ӨРТ КООПСУЗДУГУНУН ТАЛАПТАРЫ

15-глава. Шаар куруу ишинде өрт коопсуздугунун талаптары

64-берене. Шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарын пландоодо шаар куруу документтерине карата талаптар

  1. Шаардык жана айылдык калктуу конуштарды пландоо жана курулушу ушул Мыйзамдын, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин жана өрт коопсуздук жаатындагы Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын эске алган шаар куруу документтерине, шаарлар менен калктуу конуштардын (деталдуу пландоо долбоору менен) башкы пландарына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.
  2. Шаардык жана айылдык калктуу конуштардын өрт коопсуздугун камсыз кылуу тутумдарын курамы жана функционалдык мүнөздөмөсү долбоордук документтерге «Өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын тизмеги» деген бөлүк түрүндө кирүүгө тийиш.

65-берене. Шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарында өрт-жарылуу коркунучу бар объекттерди жайгаштыруу

  1. Өнөр жай коопсуздугу тууралуу декларация милдеттүү түрдө иштелип чыгуучу (мындан ары — өрт-жарылуу коркунучу бар объекттер) өрт-жарылуу коркунучу бар заттар менен материалдар өндүрүлүүчү, пайдаланылуучу, кайра иштетилүүчү, жасалуучу, сакталуучу, ташылуучу, жок кылынуучу коркунучтуу өндүрүш объекттери шаардык жана айылдык калктуу конуштардын сыртына жайгаштырылууга тийиш.

Эгер бул мүмкүн болбогон же максатка ылайык келбеген учурда, объектинин аймагынын сыртында турган адамдарды, имараттарды жана курулмаларды өрттүн жана (же) жарылуунун коркунучтуу факторлорунун таасиринен коргоо боюнча чаралар иштелип чыгууга тийиш. Аймагында «А», «Б» жана «В» категорияларындагы өрт-жарылуу жана өрт коркунучу бар имараттар жана курулмалар жайгашкан башка өндүрүш объекттери шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймагында да, алардын сыртында да жайгаштырылышы мүмкүн.

Көрсөтүлгөн объекттерди шаардык жана айылдык калктуу конуштардын чегинде жайгаштырууда коңшу корголуучу объекттерге өрттүн коркунучтуу факторлорунун мүмкүн болгон таасирлерин, жердин климаттык жана географиялык өзгөчөлүктөрүн, рельефин, дарыялардын агымынын багытын жана шамалдын көбүрөөк соккон багытын эске алуу зарыл. Мында өндүрүш объектинин участогунун чек арасынан «Ф1» — «Ф4» функционалдык коркунуч классындагы имараттарга, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин, жалпы билим берүүчү мекемелердин, саламаттык сактоо жана эс алуу мекемелеринин участокторуна чейинки аралык 50 метрден кем болбоого тийиш.

Курулушка жер участогун бөлүп берүүгө, жайгашуусуна жана жайгаштырууга талаптар, ошондой эле өндүрүш объекттерин коркунуч өндүрүш объекттерине таандык кылуу тартиби Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу боюнча ченемдик укуктук актылары, тиешелүү курулуш ченемдерине жана эрежелерине, ошондой эле белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттарга ылайык белгиленет.

  1. Шаардык жана айылдык калктуу конуштарды аймактык зоналарга бөлүштүрүүдө аларды жайгаштыруу боюнча өрт коопсуздугунун белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү стандарттарда каралган талаптары, ошондой эле турак жай, коомдук, өндүрүштүк зоналардын, инженердик жана транспорттук инфратүзүм зоналарынын, айыл чарбасында пайдаланылуучу зоналардын, рекреациялык арналыштагы зоналардын, өзгөчө кайтаруудагы аймактардын зоналарынын, атайы арналыштагы зоналардын, аскердик объекттер жайгашкан зоналардын жана аймактык зоналардын башка түрлөрүнүн ортосундагы аралыктары сакталууга тийиш.
  2. Шаардык жана айылдык калктуу конуштардын турак жай, коомдук-ишкердик жана рекреациялык зоналарынын чегинде «А», «Б» жана «В» категорияларындагы өрт-жарылуу жана өрт коркунучу бар имараттар жана курулмалар аймагында орун албаган өндүрүш объекттерин жайгаштырууга жол берилет. Мында өндүрүш объектинин участкасынын чек арасынан турак жайларга, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин, жалпы билим берүүчү мекемелердин, саламаттык сактоо жана эс алуу мекемелеринин участкаларына чейинки аралык тиешелүү курулуш ченемдери жана эрежелери, Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.

Адамдарга жана турак жай имараттарына турак жай курулуштарынын чегинде жайгашкан өрт-жарылуу коркунучу бар объекттердеги өрттүн жана жарылуунун коркунучтуу факторлорунун таасирин четтетүү мүмкүн болбогон учурда кубаттуулукту азайтууну, ишканалардын же өзүнчө өндүрүштүн профилин кайра өзгөртүүнү же аны турак жай курулуштарынын чегинен чыгарып кетүүнү кароо керек.

66-берене. Имараттарга жана курулмаларга киши өтүүчү жолдор, машина өтмө жана кирме жолдор

  1. Машина өтүүчү жолдорду долбоорлоодо өрт өчүрүүчү автомобилдеринин кирүү мүмкүндүгүн төмөнкүдөй камсыз кылуу зарыл:

1) узата кеткен эки тарабынан (маңдайлаш тарабынан) — турак жай жана коомдук араналыштагы, бийиктиги 28 метрге чейин жеткен имараттарга капталдары туюк (эшиги жана терезеси жок) болсо, ошондой эле эки тарабынан батирлер менен бөлмөлөр жайгашса;

2) бардык тарабынан — бийиктиги 28 метр жана андан ашык коомдук жана турак жай имараттарга, ошондой эле алардын бийиктигине карабастан адамдардын массалык түнкү болуучу имараттарга жана курулмаларга, стационары бар дарылоо мекемелеринин, окуу жайлардын, мектепке чейинки балдар мекемелеринин имараттарына, оюн-зоок жана маданий-агартуу мекемелеринин имараттарына. Бийиктиги 28 метр же андан ашык турак жай жана коомдук имараттарда капталы туюк болгондо, өрт өчүрүүчү атайын техника өтүшүнө 6 метрден кем эмес өтүү жолу ошол туюк каптал жагынан каралышы керек;

Бийиктиги 5 кабатка чейинки имараттарда (бешинчи кабаты менен кошо) лоджиялары менен балкондорун өз ара байланыштырган тышкы тепкичтер курулган болсо же коридорлуу пландалган имараттарда 3-типтеги тепкичтер бар болсо, имараттын узатасынан кеткен бир тарабынан эле өрт өчүрүүчү автомобилдердин өтүшүнө жол кароого жол берилет.

Курулуш мезгилинде (объектти эксплуатацияга киргизүүгө чейин) объекттер тиешелүү өтмө жана кирме жолдор менен өрткө каршы бөлүкчөнүн (атайын техниканын) жаңы курулуп жаткан объекттин ар кабатына жана бөлмөсүнө өрттү жоюуда жана авариялык куткаруу иштерин жүргүзүүдө жетишүү мүмкүндүгү менен камсыз кылынууга тийиш.

Өндүрүш объекттеринин имараттары курулмаларына бүткүл узундугу боюнча өрт өчүрүүчү автомобилдеринин кирип келиши камсыз кылынууга тийиш:

бир тарабынан — имараттын же курулманын туурасынын кеңдиги 18 метрге чейин болгондо;

эки тарабынан — туурасынын кеңдиги 18 метрден ашык болгондо, ошондой эле туюк жана жарым-жартылай туюк короолордун түзүлүшүндө.

Курулуш аянты 10 га же туурасынын кеңдиги 100 метрден ашык имараттарга өрт өчүрүүчү автомобилдердин бардык тарабынан кирип келиши камсыз кылынууга тийиш.

Имараттар менен курулмаларга өрт техникасы бурула алгыдай аянтчалуу туюк жолдор салынган жана ошол аянтчага өрт гидранттары курулган шартта автомобиль жолунун машина жүрүүчү бөлүгүнүн четинен өндүрүш имараттары менен курулмаларынын четки дубалына чейинки аралыкты 60 метрге чейин узартууга жол берилет. Мында имараттардан жана курулмалардан өрт техникасы бурулуучу аянтчаларга чейинки аралык 5 метрден кем эмес жана 15 метрден ашык эмес, ал эми туюк жолдордун аралыктары 100 метрден ашпоого тийиш.

Өрт өчүрүүчү техника үчүн өтмө жолдордун кеңдиги 6 метрден кем болбоого тийиш.

Имараттын негизги кирме жолу менен бириккен өрткө каршы өтмө жолунун жалпы кеңдигине өтмө жолго кошулган тротуарды камтууга уруксат берилет.

Кирме жолдун ички четинен имараттын дубалына чейинки аралык төмөнкүдөй болууга тийиш:

5-8 м — бийиктиги 28 метрге чейинки имараттар үчүн;

8-16 м — бийиктиги 28 метрден ашык имараттар үчүн.

Бул зонада тосмолорду жайгаштырууга, электр берүүнүн абадагы линияларын тартууга жана катарлап бак-дарактарды отургузууну жүзөгө ашырууга жол берилбейт.

Өрт техникасы үчүн өтмө жолдун үстүнө төшөлүүчү катмардын конструкциясы өрт машинасынын огуна 16 тоннадан кем эмес эсептик жүктөмгө негизденип долбоорлонууга тийиш.

  1. Туюк жана жарым-жартылай туюк короолордо өрт өчүрүүчү автомобилдер үчүн өтмө жол, ошондой эле токтоп туруучу жерлер каралуусу зарыл, алар атайын жарык сигналдардын белгиси (жол белгилери) менен белгиленет.

Имараттардагы өтмө жолдор (аркалар) жазылыгы 3,5 метрден кем эмес, бийиктиги — 4,5 метрден кем эмес болуп, ар бир 300 метрден ашпаган аралыкта, ал эми реконструкцияланып жаткан райондордо периметри боюнча курууда — 180 метрден ашпаган аралыкта жайгаштырылууга тийиш.

Калктуу конуштардын тарыхый курулуштарында өтмө жолдорунун (аркалардын) мурдагы өлчөмдөрүн сактоого жол берилет.

  1. Туюк кирме жолдор өрт техникасы үчүн өлчөмү 15×15 м кем эмес бурулуу аянтчалары менен аяктоого тийиш, алар атайын жарык сигналдык белгилер (жол белгилери) менен белгилениши керек. Туюк өтмө жолдун эң узуну 150 метрден ашпоого тийиш.
  2. Имараттардагы тепкич клеткалары аркылуу киши өтүүчү өтмө жолдорду бири-биринен 100 метрден ашпаган аралыкта жайгаштыруу керек. Имараттар бири-бирине бурчтары менен жакындашканда бет маңдайларынын периметри боюнча өрт гидранттары бар сырткы суу түтүгү орун алган тарабындагы аралык эсепке алынат.
  3. Өрт техникасы кирүүсү үчүн стилобат чатырын пайдаланууда анын конструкциясы огуна 16 тоннадан кем эмес жүктөмгө эсептелүүгө тийиш.
  4. Аз кабаттуу турак жай курулуштарынын (бийиктиги 3-кабатка чейинки имараттарды кошкондо) пландык чечилиши өрт техникасынын имараттар менен курулмаларга 50 метрден ашпаган аралыкка кире алышын камсыз кылууга тийиш, мында көчөнүн өтүүчү бөлүгүнүн туурасы 7 метрден кем эмес, өтмө жолу — 3,5 метрден кем болбоого тийиш.
  5. Багбанчылык (дача) бирикмелеринин аймактарынын пландоо чечилиши өрт техникасынын топторго бириккен бардык бак участкаларына жана жалпы пайдалануу объекттерине кире алышын камсыз кылууга тийиш.

Багбанчылык (дача) бирикмесинин аймагында көчөнүн өтүүчү бөлүгүнүн туурасы 7 метрден кем эмес, өтмө жолу 3,5 метрден кем болбогондо кабыл алынат.

67-берене. Шаардык жана айылдык калктуу конуштарды өрткө каршы суу менен камсыздоо

  1. Шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарын долбоорлоодо сырткы өрт өчүрүү үчүн суу менен камсыздоо булактары каралууга тийиш.

Өрткө каршы суу менен камсыздоонун сырткы булактарына өрт гидранттары бар сырткы суу түтүк тармактары, өрт көлмөлөрү (резервуарлар) кирет. Өрт көлмөлөрү жана резервуарлары суу менен камсыз кылууга ар дайым даяр болушу керек.

  1. Шаардык жана айылдык калктуу конуштар өрт гидранттары бар өрткө каршы суу түтүктөрү менен жабдылууга тийиш. Мында өрткө каршы суу түтүгүн чарбалык-ичилүүчү же өндүрүштүк суу түтүгү менен бириктирүүгө жол берилет.
  2. Жашоочуларынын саны 5000 адамга чейинки калктуу конуштар үчүн, ошондой эле өрткө каршы айланма суу түтүгү жок калктуу конуштарда жайгашкан көлөмү 1000 м3 чейинки өзүнчө турган коомдук имараттар үчүн, жарылуу өрт жана өрт коркунучу боюнча «В», «Г» жана «Д» категорияларындагы өндүрүшү бар сырткы өрт өчүрүүгө 10 л/с (секундуна литр) суу чыгымдай турган өндүрүш имараттары үчүн, көлөмү 1000 м3 чейинки кесек тоют кампалары, көлөмү 5000 м3 чейинки минералдык жер семирткич кампалары, радиотелекөрсөтүүлөрдү берүү станцияларынын имараттары, муздаткычтар менен жашылча-жемиштерди сактоочу жайлардын имараттары үчүн өрткө каршы сырткы суу менен жабдуу үчүн табигый же жасалма көлмөлөрдү кароого жол берилет.
  3. Жашоочуларынын саны 50 адамга чейинки калктуу конуштар үчүн, бийиктиги 2 кабатка чейинки курулуш имараттар курулганда, ошондой эле калктуу конуштардан обочо жайгашкан, имаратынын көлөмү 1000 м3 чейинки коомдук тамактануу ишканалары жана калктуу конуштарда жайгашкан аянты 150 м2 чейинки соода ишканалары, отко туруктуулугу I, II, III жана IV даражадагы, көлөмү 250 м3 чейинки коомдук имараттар, отко туруктуулугу I жана II даражадагы, көлөмү 1000 м3 чейинки (корголбогон металл же көтөрүүчү жыгач конструкциялуу, ошондой эле полимер жылуулагычтуу, көлөмү 250 м3 чейинки имараттарды кошпогондо) «Д» категориясындагы өрт жана жарылуу өрт коркунучу бар өндүрүштүк имараттар, имаратынын көлөмү 1000 м3 чейинки сезондук универсалдуу айыл чарба азыктарын кабыл алуу-даярдоо пункттары, аянты 50 м2 чейинки кампа имараттары үчүн сырткы өрт өчүрүү үчүн суу менен камсыздоону карабоого жол берилет.
  4. Шаардык жана айылдык калктуу конуштарда, ар түрдүү функционалдык арналыштагы, кабаттагы жана көлөмдөгү имараттарда жана курулмаларда сырткы өрт өчүрүүгө сууну чыгымдоо, ошондой эле өрт өчүрүү тутумун долбоорлоо жана орнотуу боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу боюнча ченемдик укуктук актыларына, курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык аныкталат.
  5. Жогорку басымдагы суу түтүктөрүндө стационардык өрт өчүрүү сордургучтар өрт чыккандыгы тууралуу сигнал берилгенден 5 мүнөттөн кеч эмес убакытта сордургучтун иштей башташын камсыз кылуучу түзүлүш менен жабдылууга тийиш.

Төмөнкү басымдагы өрткө каршы суу түтүктөр тармагындагы эң төмөнкү эркин суу басымы (жер бетинин деңгээлинде) өрт өчүрүүдө 10 метрден кем болбоого тийиш.

Жогорку басымдагы өрткө каршы суу түтүктөр тармагындагы эң төмөнкү эркин суу басымы өрт өчүрүүгө сууну толук чыгымдаганда жана өрт түтүгү эң бийик имараттын эң бийик жеринде турганда суунун жыйнактуу агымын 20 метрден кем эмес бийиктикке атылышын камсыз кылууга тийиш.

  1. Өрт гидранттарын автомобиль жолдорун бойлото жолдун өтүүчү бөлүгүнүн четинен 2,5 метрден ашык эмес аралыкта, бирок имараттардын дубалдарына 5 метрден жакын эмес аралыкта орнотуу каралат; гидранттарды машина өтүүчү бөлүгүнө жайгаштырууга жол берилет. Мында гидранттарды суу түтүктөр тармагынан бутактап кеткен жерге орнотууга жол берилбейт.

Өрт гидранттарын суу түтүктөр тармагына жайгаштыруу ошол тармак аркылуу тейленген ар кандай имаратта, курулмада же анын бөлүгүндө сырткы өрт өчүрүүгө 15 л/с (секундуна литрден) жана андан көп сууну чыгымдоодо эки гидранттан жана 15 л/с (секундуна литрден) аз чыгымдоодо бир гидранттан камсыз кылынууга тийиш.

  1. Багбанчылык (дача) бирикмесинин жалпы пайдалануу аймагында өрт өчүрүүнү камсыз кылуу үчүн участкалар 300 бирдикке чейин болсо сыйымдуулугу 25 м3 кем эмес, 300 бирдиктен көп болсо сыйымдуулугу 60 м3 кем эмес өрткө каршы көлмөлөр же резервуарлар (ар бири сордургуч менен суу алуу жана 2ден кем эмес өрт автомобилинин келүү мүмкүнчүлүгү бар, өрт техникасын орнотуу үчүн аянтчасы менен) каралат.
  2. Сырткы өрткө каршы суу түтүктөргө талаптар, ошондой эле өрт гидранттарынын зарыл саны жана жайгаштыруу орду тиешелүү курулуш ченемдери жана эрежелери, Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы тиешелүү ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.

16-глава. Өрттүн алдын алуу жана өрт өчүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрүн жайгаштыруу боюнча айылдык жана шаардык калктуу конуштарга карата өрт коопсуздугунун жалпы талаптары

68-берене. Айылдык жана шаардык калктуу конуштарда өрттүн алдын алуу жана өрт өчүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрүн жайгаштыруу боюнча өрт коопсуздугунун талаптары

  1. Өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрүнүн айылдык калктуу конуштардын аймагына дислокациясынын чыгуу радиусу 25 км, ашык эмес аныкталат, мында биринчи бөлүмдүн жетүү убактысы 25-40 мүнөттөн ашпоого тийиш, 5 км ашпаган шаардык калктуу конуштарда жетүү убактысы 10 мүнөттөн ашпоого тийиш.

Ведомстволук өрттөн сактоо кызматтарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыктыярдуу өрттөн сактоо түзүмдөрүнүн, муниципалдык өрттөн сактоо түзүмдөрүнүн дислокациялоо орду тиешелүүлүгүнө жараша чарбалык ведомство жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.

  1. Өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрү өрт деполорунун имараттарында жайгаштырылууга тийиш. Шаардык калктуу конуштар үчүн бир күжүрмөн эсептин (бир автоцистернадагы экипаждын) саны 6 адамдан кем болбоого жана айылдык калктуу конуштар үчүн — 4 адамдан кем болбоого тийиш. Шаардык калктуу конуштарда бир өрт депо 100 миң адамды тейлейт, ал эми айылдык калктуу конуштарда — 30 миң адамды.
  2. Мамлекеттик өрттүн алдын алуунун, ошондой эле мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн инспектордук курамынын саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан калктын санына жана чарба объектилеринин санына негизденип аныкталат.

69-берене. Өрт деполоруна карата өрт коопсуздугунун талаптары

  1. Өрт деполору магистралдык көчөлөргө же жалпы шаардык мааниге ээ жолдорго чыгуучу жолу бар жер участкаларында жайгаштырылууга тийиш. Жер участкаларынын аянты өрт деполорунун тибине жараша долбоорлоого берилген техникалык тапшырма менен аныкталат.
  2. Өрт депосунун участкасынын аймагынын чегинен коомдук же турак жай имараттарына чейинки аралык 15 метрден, ал эми жалпы билим берүүчү мекемелердин, балдар жана дарылоо мекемелеринин жер участкаларына чейинки аралык — 30 метрден кем болбоого тийиш.
  3. Өрт деполорун кызыл сызыктан ары өрт автомобилдери чыгуучу маңдай жагына чейин 15 метрден кем эмес аралыктагы участкада жайгаштыруу зарыл, II, IV, V типтердеги өрт деполору үчүн көрсөтүлгөн аралыкты 10 метрге чейин кыскартууга жол берилет.
  4. Өрт депосунун аймагыңда жайгаштырылуучу имараттар менен курулмалардын курамы, имараттар менен курулмалардын аянттары долбоорлоого берилген техникалык тапшырма менен аныкталат.
  5. Өрт депосунун аймагында эки кирүүчү (чыгуучу) жери болууга тийиш. Машина кирүүчү (чыгуучу) дарбазанын туурасы 4,5 метрден кем болбоого тийиш.
  6. Өрт депосунун аймагында өрт гидранты, спорттук аянтча жана өздүк курам менен окууларды өткөрүү үчүн окуу мунарасы каралууга тийиш.
  7. Өрт депосунун аймагындагы жолдорго жана аянтчаларга катуу төшөлмө төшөлүүгө тийиш.
  8. Өрт депосунун чыгуу аянтына каршы көчөнүн өтүүчү бөлүгү жана тротуар айгай белгиси боюнча гараждан чыгуу убагында транспорттун жана жөө жүрүүчүлөрдүн кыймылын токтотууга мүмкүндүк берүүчү светофор жана (же) үн белгиси бар жарык көрсөткүчү менен жабдылууга тийиш. Светофорду өрт депосунун байланыш пунктунан аралыктан күйгүзүү жана өчүрүү каралат.

III БӨЛҮМ. ИМАРАТТАР МЕНЕН КУРУЛМАЛАРДЫ ДОЛБООРЛООДО ЖАНА КУРУУДА ӨРТ КООПСУЗДУГУНУН ТАЛАПТАРЫ

17-глава. Имараттар менен курулмаларды долбоорлоодо өрт коопсуздугунун жалпы талаптары

70-берене. Курулуш объекттеринин долбоордук документтерге карата талаптар

  1. Имараттар менен курулмалардын, курулуш конструкцияларынын, инженердик жабдуулардын жана курулуш материалдарынын долбоорлоо документтери ушул Мыйзамда, курулуш ченемдеринде жана эрежелеринде, ошондой эле белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттарда каралган өрт-техникалык мүнөздөмөлөрдү, ошондой эле мүмкүн болуучу өрттү өчүрүүгө жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүгө күчтөрдүн жана каражаттардын эсебин камтууга тийиш.
  2. Өрт коопсуздугунун ченемдик талаптары болбогон имараттар менен курулмалар үчүн ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык алардын өрт коопсуздугун камсыз кылуунун тиешелүү өзгөчөлүгүн чагылдырган жана зарыл инженердик-техникалык жана өрткө каршы уюштуруучулук иш-чаралардын комплексин камтыган атайын техникалык шарттар иштелип чыгууга тийиш.

71-берене. Имараттар менен курулмаларды долбоорлоодо, реконструкциялоодо жана функционалдык арналышын өзгөртүүдө өрт коопсуздугунун талаптары

  1. Имараттар менен курулмалардын конструкциялык, көлөмдүк-пландоо жана инженердик-техникалык чечилиштери өрт учурунда төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:

1) өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринин кесепетинен адам өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилгенге чейин аларды коопсуз зоналарга эвакуациялоону;

2) адамдарды куткаруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү мүмкүндүгүн;

3) имараттар менен курулмалардагы кандай болбосун жайларына өрттөн сактоо бөлүмдөрүнүн өздүк курамынын жетүү жана өрт өчүрүү каражаттарын жеткирүү мүмкүндүгүн;

4) от өчүрүүчү заттарды өрттүн очогуна берүү мүмкүндүгүн;

5) өрттүн коңшулаш имараттар менен курулмаларга тарап кетпешин;

6) өрттөн коргоонун заманбап сигнализация тутуму болгон учурда электр менен жабдууну, газ менен камсыздоону, ысык суу менен камсыздоо жана суу менен жылытуу тармактарын өчүрүүнү жана авариялык жарыкты берүүнү (көп кабаттуу турак үйлөрдө — тепкич клеткаларында жана квартиралардын кире беришинде);

7) ушул Мыйзамда жана өрт коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында, курулуш ченемдеринде жана эрежелеринде, ошондой эле белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттарда каралган өрт коопсуздугунун талаптарына.

  1. Ушул объекттер үчүн ченемдерде жана эрежелерде жана (же) өрт коопсуздугу боюнча ченемдик укуктук актыларында айтылган учурларды кошпогондо имараттарда, курулмаларда жана өрт отсектеринде жарылуу өрт жана өрт коркунучу боюнча «А» жана «Б» категорияларындагы жайлар сырткы дубалдардын жанында, ал эми көп кабаттуу жайларда — үстүңкү кабаттарда жайгаштырылууга тийиш.

IV БӨЛҮМ. ӨНДҮРҮШ ОБЪЕКТТЕРИНЕ КАРАТА ӨРТ КООПСУЗДУГУНУН ТАЛАПТАРЫ

18-глава. Өндүрүш объекттерине карата өрт коопсуздугунун жалпы талаптары

72-берене. Өндүрүш объекттеринин документтерине карата талаптар

  1. Өндүрүш объекттерине, анын ичинде имараттарга, курулмаларга жана технологиялык процесстерге документтер ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы ченемдик укуктук актыларында, курулуш ченемдеринде жана эрежелеринде, ошондой эле белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттарда каралган өрт-техникалык мүнөздөмөлөрдү камтууга тийиш.
  2. Өндүрүш объекттеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуу тутумунун курамы жана функционалдык мүнөздөмөлөрү долбоордук документтердин өз алдынча бөлүмү түрүндө жол-жоболоштурулууга тийиш.

73-берене. Өндүрүш объекттериндеги өрт коркунучун талдоо

  1. Технологиялык процесстердин өрт коркунучун талдоо технологиялык процессте жүгүртүлүүчү заттар менен материалдардын өрт коркунучунун көрсөткүчтөрүн технологиялык процесстин параметрлери менен салыштырууну карайт.

Агрегаттык абалына жараша технологиялык чөйрөнүн өрт коркунучтуулук мүнөздөмөсү үчүн зарыл жана жетиштүү болгон технологиялык процессте жүгүртүлүүчү заттар менен материалдардын өрт коркунучтуулук көрсөткүчтөрүнүн тизмеги белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү улуттук стандарт менен аныкталат.

Технологиялык чөйрөнүн өрт коркунучтуу тутануучу потенциалдык булактарынын тизмеги технологиялык процесстин жана башка тутануу булактарынын параметрлерин заттар менен материалдардын өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү менен салыштыруу аркылуу аныкталат.

  1. Өндүрүш объектинде өрт коркунучу бар кырдаалдарды аныктоо ар бир технологиялык процесстин өрт коркунучун талдоонун негизинде жүзөгө ашырылууга тийиш жана ишке ашырууда өрттүн коркунучтуу факторлору жана өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринин экинчи кесепеттери жабыркаткан зоналардагы адамдар үчүн коркунуч келип чыгуучу кырдаалдарды тандоону карайт. Натыйжасында адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч пайда болбогон кырдаал өрт коркунучу бар кырдаалдарга кирбейт.

Ар бир өрт коркунучу бар кырдаал үчүн өндүрүш объектинде өрт коркунучу бар кырдаалдардын келип чыгуу жана күчөө себептерин, алардын чыгуу жерин жана ал жердеги адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүчү өрт факторлорду баяндоолор келтирилүүгө тийиш.

  1. Өрт коркунучу бар кырдаалдардын келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн күйүүчү чөйрөнүн пайда болушуна жана тутануу булагынын келип чыгышына алып келиши мүмкүн болгон окуялар белгиленүүгө тийиш.

19-глава. Имараттар менен курулмалардын конструкциялык өзгөчөлүктөрүнө коюлган талаптар

74-берене. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин отко туруктуулугуна жана өрт коопсуздугуна карата талаптар

  1. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин отко туруктуулук даражасы алардын кабаттуулугуна, функционалдык өрт коркунучтуулугуна, өрт отсегинин аянтына жана аларда жайгаштырылган технологиялык процесстердин өрт коркунучтуулугуна жараша белгиленүүгө тийиш.

Курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чектери имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин кабыл алынган отко туруктуулук даражасына ылайык келүүгө тийиш. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин отко туруктуулук даражасынын жана аларда колдонулган курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чектеринин ылайыктуулугу курулуш ченемдери жана эрежелери, белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү улуттук стандарттар менен аныкталат.

Өрткө каршы бөгөттөрдүн оюктарын толтурууну кошпогондо, оюктардын (эшиктердин, дарбазалардын, терезелердин жана люктардын, ошондой эле фонарлардын, анын ичинде зениттик жана башка жапма төшөлгүчтөрүнүн жарык-тунук участкаларын) толтурулушунун отко туруктуулук чектери ченемделбейт.

«Н1» тибиндеги түтөбөөчү тепкич клеткасында «К0» өрт коркунучунун «R 15» классындагы отко туруктуулук чеги менен тепкич аянтчаларын жана марштарын кароого жол берилет.

  1. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин конструкциялык өрт коркунучунун классы алардын кабаттуулугуна, функционалдык өрт коркунучуна, өрт отсегинин аянтына жана аларда жайгаштырылган технологиялык процесстердин өрт коркунучуна жараша белгиленүүгө тийиш.

Курулуш конструкцияларынын өрт коркунучунун классы имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин кабыл алынган конструкциялык өрт коркунучунун классына ылайык келүүгө тийиш. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин конструкциялык өрт коркунучунун классы менен аларда колдонулган курулуш конструкцияларынын конструкциялык өрт коркунучунун классынын ылайык келүүсү белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү улуттук стандарттар менен аныкталат.

Өрткө каршы бөгөттөрдүн оюктарын кошпогондо, имараттардын тосуучу конструкцияларынын оюктарын (эшиктерин, дарбазаларын, терезелерин жана люктарын) толтуруунун өрт коркунучу ченемделбейт.

«Ф 1.1» функционалдык өрт коркунучундагы имарат үчүн «К0» классындагы сырткы жылуулоо тутумдарын колдонгондо аларда күйбөөчү материалдарды пайдалануу керек.

  1. Курулуш конструкцияларынын жол берилген отсо туруктуулук чектерин жана өрт коркунучунун класстарын аныктоо боюнча сыноолордун усулдары белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү улуттук стандарттар менен аныкталат.

75-берене. Имараттарда, курулмаларда жана өрт отсектеринде өрттүн таралышын чектөөгө карата талаптар

  1. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин бөлүктөрү, ошондой эле функционалдык өрт коркунучунун ар түрдүү класстардагы жайлары бири биринен ченемделген отко туруктуулук чеги жана конструкциялык өрт коркунучу бар тосуучу конструкциялар, түзүлүштөр жана орнотмолор же өрткө каршы бөгөттөр менен бөлүнүүгө тийиш.

Мындай тосуучу конструкцияларга, түзүлүштөргө жана орнотмолорго жана өрткө каршы бөгөттөрдүн типтерине карата талаптар жайлардын функционалдык өрт коркунучун, өрттүн жүктөмүнүн чоңдугун, имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин отко туруктуулук даражаларын жана конструкциялык өрт коркунучунун классын эске алуу менен белгиленет жана ушул Мыйзамдын, өрт коопсуздугу жаатындагы тиешелүү ченемдик укуктук актылардын, курулуш ченемдердин жана эрежелердин, ошондой эле белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттардын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.

  1. Өрткө каршы бөгөттөрдүн функциясын аткаруучу курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чектери жана типтери, оюктарды жана тамбур-шлюздарды толтуруунун аларга ылайыктуу типтери тиешелүү курулуш ченемдери жана эрежелери, белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттар менен аныкталат.

Өрткө каршы 1-типтеги бөгөттөр «НГ» күйүү тобундагы материалдан жасалууга тийиш. Өрткө каршы 2-4-типтеги бөгөттөр күйүү тобу «Г1″ден төмөн болбогон материалдардан жасалууга тийиш.

Өрткө каршы бөгөттөрдүн оюктарын тиешелүү толтуруу типтери үчүн отко туруктуулук чектери белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттардын талаптарына ылайык аныкталат.

  1. Өрткө каршы бөгөттөрдөгү терезелер ачылбай турган болууга тийиш, ал эми өрткө каршы эшиктерде, дарбазаларда, люктарда жана клапандарда өзү жабылуу жана тыгыздалуу үчүн түзүлүштөр болууга тийиш.

Ачык абалда эксплуатациялануучу өрткө каршы эшиктер, дарбазалар, люктар жана клапандар өрттө алардын автоматтык түрдө жабылышын камсыз кылуучу түзүлүштөр менен жабдылууга тийиш.

  1. Өрткө каршы бөгөттөрдөгү оюктардын жалпы аянты алардын аянтынын 25 пайызынан ашпоого тийиш.

«А» жана «Б» категорияларындагы жайларын башка категориядагы жайлардан, коридорлордон, тепкич клеткалары менен лифтик холлдордон аянтчаларынан бөлүп турган өрткө каршы бөгөттөрдө туруктуу атайын аба үйлөгүчү бар тамбур-шлюздар каралууга тийиш. «А» жана «Б» категорияларындагы эки же андан көп жанаша жайгашкан жайлар үчүн жалпы тамбур-шлюздарды курууга жол берилбейт.

Өрткө каршы эшиктер же дарбазалар менен жабылбай турган өрткө каршы бөгөттөрдүн оюктарында «В» же «Г» жана «Д» категорияларындагы чектеш жайларды байланыштыруучу өрттү автоматтык өчүрүүчү орнотмолор менен жабдылган ачык тамбурларды куруу же өрткө каршы эшиктердин (дарбазалардын) ордуна өрткө каршы шторалардын (экрандардын) орнотулушу каралууга тийиш. Бул тамбурлардын калкалоочу конструкциялары өрткө каршы болууга тийиш.

  1. Эгерде ушул Мыйзамда башкача айтылбаса, өрткө каршы бөгөттөрдүн оюктарын толтуруу, күйбөй турган материалдар менен аткарылууга тийиш.

Өрткө каршы эшиктер, дарбазалар, люктар жана клапандар бул конструкциялардын отко туруктуулук чектеринин ченемдик маанилерин камсыз кылуучу «НГ» күйүү тобундагы материалдарды же «Г1», «Г2» жана «Г3» күйүү тобундагы материалдарды колдонуу менен аткарылууга тийиш. Өрткө каршы шторалар жана экрандар «НГ» күйүү тобундагы материалдардан жасалууга тийиш.

  1. Өрткө каршы 1-типтеги дубалдар менен калканчтарды күйүүчү газдарды, чаң-аба аралашмаларын, суюктуктарды, заттар менен материалдарды ташуу үчүн каналдардын, шахталардын жана өткөрмө түтүктөрдүн кесип өтүшүнө жол берилбейт. Мындай өрткө каршы бөгөттөрдүн жогоруда көрсөтүлгөндөн айырмаланган чөйрөлөрдү ташуу үчүн каналдар, шахталар жана өткөрмө түтүктөр менен кесилишкен жерлеринде, түтүндөн коргоо тутумдарынын каналдарын кошпогондо, күйүүчү продуктулардын каналдар, шахталар жана өткөрмө түтүктөр боюнча таралышын алдын алуучу автоматтык түзүлүштөр каралуусу керек.
  2. Лифт шахталарынын жана лифттердин (чатырда жайгашкандарды кошпогондо) машина бөлүмдөрүнүн, ошондой эле коммуникацияларды тартуу үчүн каналдар менен шахталардын тоскуч конструкциялары өрткө каршы 1-типтеги бөгөттөргө жана 3-типтеги калканчтарга коюлуучу талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Лифт шахтасы менен лифттин машина бөлүмүнүн ортосун тосуучу конструкциялардын отко туруктуулук чеги ченемделбейт.

Лифт шахталарынын тоскучтарындагы эшик оюктары отко туруктуулук чеги «Е1 30″дан кем болбогон жана өрттө лифт шахталарынын эшик оюктарын автоматтык жапкан күйбөөчү материалдардан жасалган отко туруктуулук чеги «Е1 45″тен кем эмес экрандар менен корголууга тийиш, же болбосо имараттар менен курулмалардагы лифт шахталары коридорлордон, тепкич клеткаларынан жана башка жайлардан өрткө каршы 1-типтеги бөгөттөрү жана 3-типтеги калканчтары бар тамбурлар же холлдор менен бөлүнүп турууга тийиш.

Бийиктиги 28 метр жана андан жогору имараттардын чыга беришинде атайын аба үйлөткүчтүү тамбур-шлюздары жок лифт шахталары өрттө лифт шахтасына аба үйлөткүч тутуму менен жабдылууга тийиш.

Автоматтык өрт сигнализациясы же өрт өчүрүү тутумдары менен жабдылган имараттарда лифттердин блокировкасы болушу керек жана өрт болгондо автоматтык түрдө 1-кабатка түшүүгө тийиш, эшиги ачылууга жана жабылбоого тийиш.

  1. Тепкичтер менен тепкич клеткаларынын көлөмдүк-пландоо чечилиши жана конструкциялык аткарылышы өрттө адамдарды имараттардан коопсуз эвакуациялоону камсыз кылууга жана кабаттардын ортосунда өрттүн таралышына тоскоол болууга тийиш.
  2. Имараттар менен курулмалардын жертөлөсүндөгү жана цоколдук кабаттарында лифтке кирүү өрттө атайын аба үйлөтүлүүчү 1-типтеги тамбур-шлюздар аркылуу жүзөгө ашырылууга тийиш.

76-берене. Эвакуациялык жолдорго, эвакуациялык жана авариялык чыгуу жерлерине карата өрт коопсуздугунун талаптары

  1. Имараттар менен курулмалардын эвакуациялык жолдору жана чыгуу жерлери адамдарды коопсуз эвакуациялоону камсыз кылууга тийиш.

Эвакуациялык жолдорду жана чыгуу жерлерин эсептөө аларда колдонулуучу өрт өчүрүү каражаттарын эсепке албастан жүргүзүлөт.

  1. Эвакуация жолдорунун конструкциялык элементтеринде өрт коркунучу бар курулуш материалдарын колдонуу адамдар (балдар, улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар) көп топтолгон жайлар ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык аныкталууга тийиш.
  2. Имараттар менен курулмалардын эвакуациялык чыгуу жерлерине төмөнкүлөр кирет:

1) 1-кабаттагы жайлардан сыртка төмөнкүдөй чыгуучу:

а) түздөн түз;

б) коридор аркылуу;

в) вестибюль (фойе) аркылуу;

г) тепкич клеткасы аркылуу;

д) коридор жана вестибюль (фойе) аркылуу;

е) коридор жана тепкич клеткасы аркылуу;

2) 1-кабаттан тышкары кандай гана болбосун кабаттын жайларынан:

а) түздөн түз тепкич клеткасына же 3-типтеги тепкичке;

б) түздөн түз тепкич клеткасына же 3-типтеги тепкичке чыгуучу коридорго;

в) түздөн түз тепкич клеткасына же 3-типтеги тепкичке чыгуучу жери бар холлго (фойеге);

г) 3-типтеги тепкичке алып баруучу эксплуатациялануучу үй үстүнө же үй үстүнүн атайы жабдылган участогуна;

3) ушул бөлүктүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн чыгуу жерлери менен камсыз болгон ошол эле кабаттагы коңшу жайларга («А» жана «Б» категорияларынын «Ф 5» классындагы жайлардан тышкары). Эгерде техникалык жайларда өрт коркунучу бар ушул жайларды тейлөө үчүн жабдуулар жайгаштырылса туруктуу жумуш орундары жок техникалык жайлардан «А» жана «Б» категорияларындагы жайларга чыгуу эвакуациялык деп эсептелет.

Жертөлөдөгү жана цоколдук кабаттардын эвакуациялык чыгуу жерлери ушул Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, түздөн түз сыртка алып баруучу жана башка имараттын, курулманын жалпы тепкич клеткаларынан обочолонгон болуп каралуусу керек.

Ошондой эле эвакуациялык чыгуу жерлери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

— жертөлөдөн жалпы тепкич клеткалары аркылуу тамбурга чыгуу жерлери сыртка обочолонгон чыгуу менен, алар тепкич марштар менен жертөлөнүн полунан 1 жана 2-кабаттардын ортосундагы тепкич марштарынын аралык аянтчасына чейин жайгашкан 1-типтеги өрткө каршы туюк тоскуч менен тепкич клеткасынын калган бөлүгүнөн бөлүнгөн жерлери;

— «В 4», «Г» жана «Д» категорияларындагы жайлары бар жертөлөдөгү жана цоколдук кабаттардан «В4», «Г», «Д» категорияларындагы жайларга жана «Ф 5» классындагы имараттардын 1-кабатында жайгашкан вестибюлга чыгуу жерлери;

— «Ф 2», «Ф 3» жана «Ф 4» класстарындагы имараттардын жертөлөдөгү жана цоколдук кабаттарында жайгашкан фойеден, кийим илүүчү жайдан, тамеки тартуу үчүн жана санитариялык түйүндөрдөн 2-типтеги өзүнчө тепкичтер боюнча 1-кабаттагы вестибюлга чыгуу жерлери;

— өрт коопсуздугу боюнча ченемдик документтерде баяндалган чектөөлөр аткарылган шарттарда жайлардан түздөн түз 2-типтеги тепкичке, ушундай тепкичке алып баруучу коридорго, холлго (фойеге, вестибюлга) алып баруучу чыгуу жерлери;

— темир жол жана автомобиль транспорттору үчүн дарбазалардагы эки тарапка ачыла турган калиткалар.

  1. Имараттар менен курулмалардагы авариялык чыгуу жерлерине төмөнкүдөй чыгуучу жерлер кирет:

1) балкондун (лоджиянын) капталынан айнектелген оюкка (айнектелген эшикке) чейин 1,2 метрден кем эмес же балконго (лоджияга) чыгуучу айнектелген оюктун ортосу 1,6 метрден кем эмес туюк дубалчалуу балконго же лоджияга;

2) балкондорду же лоджияларды кабат боюнча байланыштыруучу, сырткы тепкич менен жабдылган балконго же лоджияга;

3) «Ф 1.3» классындагы имараттын чектеш секциясына же чектеш өрт отсегине алып баруучу туурасы 0,6 метрден кем эмес өткөөлгө;

4) полдон — 4,5 метрден кем эмес жана + 5,0 метрден ашык эмес бийиктен өлчөмү 0,75х1,5 м терезе же эшик аркылуу, ошондой эле өлчөмү 0,6х0,8 м люк аркылуу жайдан түздөн түз сыртка. Мында чыгуу жерлери чуңкурчага чыккан тепкич менен, люк аркылуу чыкса, жайдагы тепкич менен жабдылууга тийиш. Бул тепкичтердин жантаюусу ченемделбейт;

5) коомдук арналыштагы имараттарда (кабаттарында, жайларда) биринчи кабатта жана цоколдук кабатта авариялык чыгуу жери катары пайдаланылуучу терезе оюктарында корголуучу темир торчолор болбоого тийиш;

6) өлчөмү 0,75х1,5 м кем эмес терезе же эшик аркылуу, ошондой эле өлчөмү 0,6х0,8 м кем эмес люк аркылуу тик же жантайган тепкич менен «С0» жана «С1» класстарындагы отко туруктуулугу I, II жана III даражадагы имараттардын чатырына.

  1. Эвакуациялык чыгуу жерлеринин оюктарында жылдырылма, көтөрүп-түшүрмө, айланма эшиктерди жана турникеттерди орнотууга тыюу салынат.
  2. Кабаттардагы жана имараттардагы жайлардан эвакуациялык чыгуучу жерлеринин саны жана кеңдиги алар аркылуу эвакуациялануучу адамдардын мүмкүн болгон эң көп санына жана адамдардын болушу мүмкүн эң четтеги жерден (жумуш ордунан) жакынкы звакуациялык чыгуу жерине чейинки чектүү жол берилген аралыкка жараша аныкталат.

Имараттын өрткө каршы бөгөттөр менен бөлүнгөн ар кандай функционалдык өрт коркунучу бар бөлүктөрү өз алдынча эвакуациялык чыгуу жерлери менен камсыз кылынууга тийиш.

  1. Кабаттан эвакуациялык чыгуу жерлеринин саны функционалдык өрт коркунучу бар төмөнкүдөй класстардагы имараттарда экиден кем эмес болууга тийиш:

1) «Ф 1.1»; «Ф 1.2»; «Ф 2.1»; «Ф 2.2»; «Ф 3»; «Ф 4»;

2) «Ф 1.3» — имараттын кабатындагы квартиралардын (секциялык типтеги имараттар үчүн секциялардын) жалпы аянты 500 м2 ашык болгондо, эки тепкич клеткаларынан кем эмес;

3) «А» жана «Б» категорияларындагы «Ф 5» — иштегендердин саны кыйла көп сандагы сменада 5 адамдан көп, «В» категориясында — 25 адам болгондо;

4) эгерде кабатта экиден кем эмес эвакуациялык чыгуу жерлери болууга тийиш жайлар жайгашса, кандай гана болбосун класстардагы функционалдык өрт коркунучу бар имараттарда;

5) жертөлөдөгү төмөнкү жана цоколдук кабаттардан турган, кабаттын жалпы аянты 300 м2 көп, ошондой эле эгерде аларда бир убакта 15тен көп адамдын болушу каралса, ар кандай функционалдык өрт коркунучу бар имараттарда.

бийиктиги 15 метрден бийик эмес, «Ф 1.2»; «Ф 3» жана «Ф 4.3» класстарындагы функционалдык өрт коркунучу бар имараттарда төмөнкү шарттарды бир убакта аткарганда кабаттан (же кабаттын башка бөлүктөрүнөн өрткө каршы бөгөттөр менен тосулган бөлүгүндө) бир эвакуациялык чыгуу жерин кароого жол берилет:

— кабаттын аянты 300 м2 ашпаганда;

— кабатта бир убакта болуучу адамдардын саны 20 кишиден ашпаганда;

— тепкич клеткасына чыгуу жерлери 2-типтеги өрткө каршы чыгуучу эшиктер менен жабдылганда.

«Ф 1.3» классындагы функционалдык өрт коркунучу бар имараттардын кабатындагы квартиралардын (секциялык типтеги имараттар үчүн секциянын) жалпы аянты 500 м2 кем эмес болсо жана бийиктиги 15 метрден жогору жайгашкан кабаттагы ар бир квартира үчүн бир эвакуациялык чыгуу жери бар болсо, эвакуациялык чыгуудан тышкары авариялык чыгуу жери каралууга тийиш.

Имараттан эвакуациялык чыгуу жерлеринин саны имараттын кандай гана болбосун кабатынан эвакуациялык чыгуу жерлеринин санынан кем болбоого тийиш.

  1. Жайдын кыйла алыскы точкасынан («Ф 5» классындагы имараттар үчүн — кыйла алыскы жумуш ордунан) эвакуация жолунун огу менен ченелүүчү жакынкы эвакуациялык чыгуу жерине чейинки чектүү жол берилген аралыгы жайдын жана имараттын өрт жана жарылуу өрт коркунучу боюнча функционалдык өрт коркунучунун классына жана категориясына, эвакуациялануучулардын санына, жайдын жана эвакуация жолдорунун геометриялык параметрлерине, имараттын конструкциялык өрт коркунучунун классына жана отко туруктуулук даражасына жараша Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы тиешелүү ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.

Жайдагы 2-типтеги тепкич боюнча эвакуация жолунун узундугу анын үч эселенген бийиктигине барабар кабыл алынышы зарыл.

  1. Эвакуация жолдору лифттер, эскалаторлор, ошондой эле төмөндө көрсөтүлгөн участкалар аркылуу өтпөөгө тийиш:

1) эгерде лифт шахталарынын тосуучу конструкциялары, лифт шахталарынын эшиктерин кошкондо, өрткө каршы бөгөттөргө коюлуучу талаптарга жооп бербесе, лифт шахталарынан коридорлорго чыгуу аркылуу, лифт холлдору жана лифттердин алдындагы тамбурлар аркылуу;

2) тепкич клеткасынын аянтчасы коридордун бөлүгү болуп саналганда тепкич клеткалары аркылуу, ошондой эле эвакуациялык болуп саналбаган 2-типтеги тепкич жайгашкан жай аркылуу;

3) пайдаланылуучу үйдүн үстүн же конструкция боюнча пайдалануудагы үйдүн үстүнө окшош үстүн атайын жабдылган участкасын кошпогондо имараттардын үстү боюнча;

4) экиден көп кабаттарды (ярустарды) бириктирген, ошондой эле жертөлөдөгү жана цоколдук кабаттардан чыгуучу 2-типтеги тепкичтер боюнча;

5) жер алдындагы жана жер үстүндөгү кабаттарды бириктирүү үчүн тепкичтер жана тепкич клеткалары боюнча.

77-берене. Өрт коопсуздугун камсыздоо органдарынын ишин камсыз кылуу

  1. Имараттар менен курулмаларды долбоорлоодо төмөнкүлөр каралууга тийиш:

1) имараттар менен курулмаларга атайын же функционалдык өтмө жана кирме жолдор менен бириктирилген өрт техникасы өтүүчү өрт өтмөлөрү жана кирме жолдор;

2) сырткы өрт тепкичтери жана өрт коопсуздугун камсыз кылуу органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын кабаттарга жана имарат үстүнө көтөрүү үчүн башка каражаттар, анын ичинде «өрт бөлүнүштөрүн ташуу» иш режиминдеги лифттер;

3) чарбалык же атайын суусуз түтүктөрү жана өрт идиштери (резервуарлар), ал эми турак үйлөрдө квартира ичинде өрт өчүрүү үчүн — чарбалык-ичилүүчү суу түтүгүнүн тармагы менен бириктирилген өрткө каршы суу түтүгү;

4) эвакуациялоо жолдорун жана имарат ичиндеги өрт коопсуздугун камсыз кылуу органдарынын күчтөрү жана каражаттары жүрүүчү жолдорду түтүндөн коргоо тутуму;

5) адамдарды куткаруунун жеке жана жамааттык каражаттары.

  1. Бийиктиги 10 метр жана андан ашык имараттарда өрт машиналары өтүүчү жолдун бетинен үй үстүнүн кырына же сырткы дубалдын үстүнө (парапетке) түздөн түз тепкич клеткаларынан же чатыр аркылуу же болбосо 3-типтеги тепкичтер же сырткы өрт тепкичтери боюнча чыгуу жерлери каралууга тийиш.

Чатырга чыгуу жерлеринин саны (бирок бир чыгуу жеринен кем эмес) жана алардын жайгашуусу имараттын функционалдык өрт коркунучуна жана өлчөмүнө жараша каралуусу керек:

— «Ф 1», «Ф 2», «Ф 3» жана «Ф 4» классындагы имараттар үчүн ар бир толук жана толук эмес 100 метр узундугуна жана чатыры жок жабылган ар бир толук жана толук эмес 1000 м2 аянтына бирден кем эмес чыгуу жери;

— «Ф 5» классындагы имараттардын периметри боюнча ар бир 200 метрде өрт тепкичтери боюнча.

Төмөнкүлөрдү карабоого жол берилет:

— эгерде имараттын туурасы 150 метрден ашпаса, ал эми башкы фасадынын тушунда өрткө каршы суу түтүгү бар болсо, имараттын башкы фасадында өрт тепкичтери;

— имараттын үстүнүн аянты 100 м2 ашпаса, чатырына чыгуучу жери.

  1. «Ф 1.4» классындагы имараттардан тышкары кошпогондо, имараттар менен курулмалардын чатырларында өлчөмү 0,6х0,8 метрден кем эмес эшиктер, люктар же терезе аркылуу үй үстүнө чыгуучу стационардык тепкич менен жабдылган чыгуу жери каралууга тийиш.

Тепкич клеткаларынан үй үстүнө же чатырга чыгуу жерлери чыга бериштеги аянтчалуу тепкич марштары боюнча өлчөмү 0,75×1,5 метрден кем болбогон өрткө каршы 2-типтеги эшик аркылуу каралууга тийиш. Көрсөтүлгөн марштар менен аянтчалар күйбөй турган материалдардан жасалууга жана жантаймасы 2:1ден ашпоого жана туурасы 0,9 метрден кем болбоого тийиш.

Бийиктиги 15 метрге чейинки «Ф 1», «Ф 2», «Ф 3» жана «Ф 4» классындагы имараттарда чатырга чыга турган жолдорду тепкич торчолорунан бекитилген болот шатыча боюнча өлчөмү 0,6х0,8 метрден кем эмес өрткө каршы люктар аркылуу курууга жол берилет.

  1. Техникалык кабаттарда, анын ичинде техникалык жертөлөлөрдө жана чатырларда жарыкка чыгуучу өтмөлөрдүн бийиктиги 1,8 метрден, бүт имараттын узундугу боюнча чатырда 1,6 метрден кем болбоого тийиш. Бул өтмөлөрдүн туурасы 1,2 метрден кем болбоого тийиш. Аралыгы 2 метрден ашпаган айрым участкаларда өтмөнүн бийиктигин 1,2 метрге, туурасын 0,9 метрге чейин азайтууга жол берилет.
  2. Мансарддары бар имараттарда чатырлардын ичиндеги тосмо конструкцияларда люктар каралууга тийиш.
  3. Чатырдын бийиктигинин 1 метрден көп өйдө-төмөн болгон жерлеринде (анын ичинде имарат үстүнө аэрациялык жарык фонарларын алып чыгуу үчүн) өрт тепкичтери каралууга тийиш.

Эгерде аянты 100 метрден ашык үй үстүнүн ар бир участкасы чатырга чыгуучу жери бар болсо же үй үстүнүн төмөнкү участкасынын бийиктиги 10 метрден ашпаса, чатырдын бийиктигинин 10 метрден ашык өйдө-төмөн болгон жерлеринде өрт тепкичтери каралбоого жол берилет.

  1. 10 метрден 20 метрге чейинки бийиктикке чыгуу үчүн жана чатырдын бийиктигинин 1 метрден 20 метрге чейин өйдө-төмөн болгон жерлеринде «П1» типтеги өрт тепкичтерин, 20 метрден өйдө чыгуу үчүн жана чатырдын бийиктиги 20 метрден ашык өйдө-төмөн болгон жерлеринде — «П2» типтеги өрт тепкичтерин колдонуу керек.

Өрт тепкичтери күйбөй турган материалдардан жасалууга, терезелерден 1 метрден жакын жайгашпоого жана өрттөн коргоо бөлүмдөрүнүн өздүк курамынын аскер кийимчен жана жабдыктар менен жүрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган конструкциялык аткарылышта болууга тийиш.

  1. Тепкич марштарынын ортосунда жана тепкич марштарынын тосмолорунун кармоочторунун ортосунда туурасы 75 мм кем эмес бош жер каралууга тийиш.
  2. Бийиктиги 5 метрден жогору «Ф 1.1» классындагы имараттар менен курулмалардын жана бийиктиги 28 метр («Ф 1.3» классындагы имараттарды кошпогондо) функционалдык өрт коркунучу бар бардык класстардагы имараттар менен курулмалардын ар бир өрт отсегинде өрт бөлүмдөрүн транспортировкалоо үчүн лифттер каралууга тийиш. Бийиктиги 50 метр жана андан ашык «Ф 1.3» классындагы имараттарда лифтердин бири өрт бөлүмдөрүн траспортировкалоону камсыз кылууга жана атайын талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
  3. Карнизге же сырткы дубалдын үстүңкү кырына (парапетке) чейинки бийиктиги 10 метрден ашык, чатыры 12 пайызга чейин жантайыңкы имараттардын, ошондой эле карнизге чейинки бийиктиги 7 метрден ашык, чатыры 12 пайызга чейин жантайыңкы имараттарда өрт коопсуздугу жаатындагы тиешелүү ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык тосмолордун каралуусу керек. Имараттардын бийиктигине карабастан, көрсөтүлгөн тосмолор колдонуудагы жалпак жабылган чатырларда, балкондордо, лоджияларда, сырткы галереяларда, сырткы ачык тепкичтерде, тепкич марштары менен аянтчаларда каралууга тийиш.
  4. Жогорку кабаттын полунун белгиси 75 метрден ашык болгон имараттардын жабуусунда өрт вертолёту транспорттук-куткаруу кабинасы үчүн өлчөмү 5×5 метр болгон аянтчалар каралууга тийиш. Көрсөтүлгөн аянтчалардын үстүнө антенналарды, электр өткөрүүчү зымдарды, кабелдерди жайгаштырууга тыюу салынат.

78-берене. Имараттардын, курулмалардын жана орнотмолордун ортосундагы өрткө каршы аралыктарга (ажырымдарга) карата өрт коопсуздугунун талаптары

Имараттардын, курулмалардын жана түзүлүштөрдүн ортосундагы өрткө каршы аралыктар (ажырымдар) имараттардын жана курулмалардын отко туруктуулук даражасына, өрт жарылуу жана өрт коопсуздугунун категориясына, ошондой эле алардын функционалдык арналышына жараша ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы тиешелүү башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле курулуш ченемдери жана эрежелери менен белгиленет.

20-глава. Өрт деполорун жайгаштырууга, жолдорго, кирүүчү (чыгуучу) жана өтмө жолдорго, өндүрүш объекттериндеги суу менен камсыздоо булактарына карата талаптар

79-берене. Өндүрүш объекттеринин аймагына өрт деполорун жайгаштыруу

  1. Өндүрүш объекттеринин аймагында өрт деполору жалпы колдонуудагы жолдорго жанаша жаткан жер участкаларында жайгашууга тийиш.

Өрт деполорунан чыгуучу жолдору чыгып бараткан өрт автомобилдери негизги транспорт агымын кесип өтпөгөндөй жайгаштырылууга тийиш.

  1. Өрт деполорунун жайгашкан орундарына жана өрт деполорунун тейлөө радиустарына карата талаптар ушул Мыйзамдын 68-беренеси менен белгиленген.

80-берене. Өндүрүш объекттеринин аймагындагы жолдорго, кирүүчү (чыгуучу) жана өтмө жолдорго карата талаптар

  1. I жана II категориядагы мунайзат жана мунайзат продуктуларынын кампалары кошпогондо, аянты 5 га жана андан ашык өндүрүш объекттеринин экиден кем эмес кирүүчү жолу болууга тийиш, аларда аянтынын өлчөмүнө карабастан жалпы тармактагы автомобиль жолуна же кампанын, ишкананын кирүүчү жолдоруна экиден кем эмес чыгуу жолу болууга тийиш.

Өндүрүштүк объекттин аянтчасынын бир тарабы 1000 метр жана андан ашык болгондо жана ал көчөгө же автомобиль жолуна бойлой жайгашканда, ошол тарабынан аянтчага экиден кем эмес кирүүчү жолу каралууга тийиш. Кирүү жолдорунун ортосундагы аралык 1500 метрден ашпоого тийиш.

Аянты 5 га жана андан ашык өндүрүш объекттеринин аянтчаларынын ичиндеги тосулган участкалардын (ачык трансформатордук станциялар, кампалар жана д.у.с.) экиден кем эмес кирүүчү жолу болууга тийиш.

Имараттар менен курулмаларга алардын бүт узундугу боюнча имарат же курулманын туурасы 18 метрге чейин болгондо бир жагынан, ал эми 18 метр жана андан ашык болгондо, ошондой эле туюк жана жарым туюк короолорду курууда эки жагынан өрт автомобилдеринин кирип келиши камсыз кылынууга тийиш.

Курулуш аянты 10 гадан ашык же туурасы 100 метрден ашык болгон имараттарга бардык тараптардан өрт автомобилдеринин кирип келиши камсыз кылынууга тийиш.

Өндүрүш шарттары боюнча жол куруу талап кылынбаган учурларда туурасы 3,5 метр келген, чополуу жана кумдак (чаңдуу) кыртыш ар түрдүү жергиликтүү материалдар менен бекемделип, үстүңкү суулар агып кетсин үчүн жантайыңкы кылып пландалган жер боюнча өрт автомобилдеринин кирип келүүсүн кароого жол берилбейт.

Өрт автомобилдеринин өтүшүн камсыз кылуучу жолдун өтүүчү бөлүгүнүн же пландалган жердин четинен бийиктиги 12 метрге чейинки имараттардын дубалына чейинки аралык 25 метрден, бийиктиги 12 метрден 28 метрге чейинки имараттарда 8 метрден, ал эми бийиктиги 28 метрден жогору имараттарда 10 метрден ашпоого тийиш.

  1. Өрткө каршы суу менен камсыздоо булагы болуп саналган көлмөлөргө, ошондой эле градирняларга, бассейндерге жана суусу өрт өчүрүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн болгон башка курулмаларга өрт автомобилдери бурула алгыдай, аларды токтотуу жана суу алуу үчүн өлчөмү 15х15 метр болгон аянтчалары менен кирүүчү жолдор каралууга жатат.

Өрт гидранттарын автомобиль жолдорун бойлото, жолдун өтүүчү бөлүгүнүн четинен 2,5 метрден ашпаган, ал эми имараттын дубалына 5 метрден жакын эмес аралыкта жайгаштыруу керек.

Объекттердин ичиндеги темир жолду машина жана жөө адамдар өтүүчү жолдор кесип өткөн жерлер өрт автомобилдерин өткөрүү үчүн дайыма бош болууга жана рельстин кыры менен тең туташ төшөлмөсү болууга тийиш.

Өндүрүш объекттеринин аянтчасына кирүүчү автомобиль жолунун дарбазасынын кеңдиги негизги жана атайын өрт автомобилдеринин тоскоолдуксуз өтүшүн камсыз кылууга тийиш.

81-берене. Өндүрүш объекттериндеги суу менен камсыздоо булактарына карата талаптар

  1. Өндүрүш объекттери сырткы өрткө каршы суу менен (өрткө каршы суу түтүгү, табигый жана жасалма көлмөлөр менен) камсыз болууга тийиш. Өрт гидранттарын суу түтүктөр тармагындагы жайгаштырылышы ошол тармак тейлеген кандай гана болбосун имараттардагы, курулмалардагы же алардын бөлүгүндөгү өрт өчүрүүнү камсыз кылууга тийиш.
  2. Өрт өчүрүү максаттары үчүн суунун жасалма көлмөлөрдөгү запасы сырткы өрт өчүрүүгө жана өрт өчүрүүнүн узактыгына эсептелген сарпталуучу сууга негизделип тиешелүү курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык аныкталууга тийиш.

82-берене. Өндүрүш объекттеринде өрттүн таралышын чектөөгө карата талаптар

  1. Имараттар менен курулмалардын ортосундагы, кампалардан имараттар менен курулмаларга чейинки, кампалардын, технологиялык ачык түзүлүштөрдүн, агрегаттар менен жабдуулардын ортосундагы, ошондой эле алардан имараттар менен курулмаларга чейинки, күйүүчү газдар үчүн газгольдерлерден өндүрүш объектинин аймагындагы имараттар менен курулмаларга чейинки аралыктар имараттардын отко туруктуулук даражасына, жарылуу жана өрт коркунучунун категориясына жана башка мүнөздөмөлөрүнө жараша өрттүн бир имараттан же курулмадан башкасына өтүү мүмкүнчүлүгүн четтетүүгө тийиш.

Өндүрүш объекттеринин резервуар парктары же өзүнчө турган мунай продуктулар, суюлтулган газ, уулу заттар резервуарлары өндүрүш объекттеринин имараттары менен курулмаларына карата кыйла төмөн белгилерде жайгаштырылууга жана күйбөй турган материалдардан салынган туташ дубал менен же топурак жал менен (жердин рельефин эске алуу менен) тосулууга тийиш.

Көрсөтүлгөн курулмаларды кыйла бийик белгилерде жайгаштырган учурда, жер үстүндөгү резервуарларда авария болгондо төгүлгөн күйүүчү суюктуктардын тосуучу курулмалардын чегинен өтүп кетүү мүмкүнчүлүгүн болтурбоо үчүн кошумча чаралар каралууга тийиш.

Күйүүчү суюктуктар менен газдардын сырткы тармактарын өндүрүш объекттеринин имараттар менен курулмаларынын алдында жайгаштырууга жол берилбейт.

Идиштеги мунай продуктуларын сактоонун өндүрүштүк объекттериндеги аянтчалардын периметри боюнча туюк жал же күйбөй турган материалдардан тосмо дубал салынышы каралууга тийиш.

Андан тышкары, туюк жал же күйбөй турган материалдардан салынган тосмо дубал жер үстүндөгү резервуарлардын ар бир тобунун периметри боюнча каралууга жана төгүлүүчү суюктуктун гидростатикалык басымына эсептелүүгө тийиш.

Жер үстүндөгү резервуарлардын бир тобунун чегинде көлөмү 20000 м3 же андан ашык ар бир кийинки резервуар же көлөмдөрүнүн жалпы суммасы 20000 м3 болгон кичине резервуарлардын тобу ички туюк жал же күйбөй турган материалдардан салынган тосмо дубал менен төмөнкүдөй бөлүнүүгө тийиш:

— май жана мазут резервуары башка мунай продукттарынын резервуарларынан;

— этил кошулган бензиндер сакталуучу резервуар топтун башка резервуарларынан.

Жал менен тосулган аймактын жалдардын жантайыңкы капталдары же тосмо дубалдар пайда кылуучу курулуш жок бош жерлеринин көлөмүн топтогу кыйла чоң резервуардын же өзүнчө турган резервуардын номиналдык көлөмүнө барабар төгүлүүчү суюктуктун эсептелген көлөмү боюнча аныктоо керек.

Резервуарлардын ар бир тобундагы жалдардын жана тосмо дубалдардын бийиктиги, резервуарлардын капталдарынан жалдардын ички жантайыңкы капталдарынын же тосмо дубалдардын түбүнө чейинки аралык Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы тиешелүү ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

Жер алдындагы резервуарларды жал менен тосуу ал резервуарларда мунай жана мазут сактоодо гана каралат. Жалдардын ички жантайыңкы капталдарынын ортосунда пайда болуучу боштуктун көлөмү топтогу кыйла чоң резервуардагы суюктуктун 10 пайыз көлөмүнө барабар төгүлүүчү суюктукту кармап туруу шартына негизденип аныктоо керек.

  1. Күйүүчү суюктуктар жана газдар бар өткөрмө түтүктөрдүн жер үстүндөгү тармагын өндүрүш объектинин аймагында жайгаштыруу төмөнкүлөр үчүн тыюу салынат:

1) күйүүчү суюктуктар жана газдар бар транзиттик ички аянтчалуу өткөрмө түтүктөрдү — эстакадалар, күйүүчү материалдардан курулган өзүнчө турган колонналар жана түркүктөр боюнча, ошондой эле отко туруктуулугу I жана II даражадагы имараттарды кошпогондо, имараттардын дубалдары менен чатырлары боюнча;

2) күйүүчү суюктуктар жана газдар бар өткөрмө түтүктөрдү — галереяларда, эгер бул продуктулардын аралашуусу жарылууну же өрттү пайда кылышы мүмкүн болсо;

3) күйүүчү суюктуктар жана газдар бар өткөрмө түтүктөрдү — күйө турган жабуулары жана дубалдары боюнча «А» жана «Б» категорияларындагы жарылуу өрт жана өрт коркунучу боюнча имараттардын жабдуулары жана дубалдары боюнча;

4) күйүүчү газдардын газ түтүктөрүн — күйүүчү катуу жана суюк материалдардын кампаларынын аймактары боюнча.

Өзүнчө таянычтарга жана эстакадаларга орнотулуучу күйүүчү суюктуктар үчүн өткөрмө түтүктөрдүн жер үстүндөгү тармагын оюктары бар дубалдардан 3 метрден кем эмес, оюктары жок дубалдардан 0,5 метрден кем эмес аралыкта жайгаштыруу керек.

  1. Мунай кайра иштетүүчү заводдордун, мунай базаларынын мунай жана мунай заттарын сактоо кампаларынын, ошондой эле май куюучу станциялардын аймагында өрттү өчүрүүгө тиешелүү запасы бар, көбүк түзүүчү талаптагыдай запасы, суунун зарыл запасы, чагылган тоскуч жана өрттү табуучу, өчүрүүчү жана өрттө муздатып туруучу автоматтык тутуму каралууга тийиш.

V БӨЛҮМ. ӨРТКӨ КАРШЫ ТЕХНИКАГА, ЖАБДУУГА ЖАНА ШАЙМАНГА КАРАТА ӨРТ КООПСУЗДУГУНУН ТАЛАПТАРЫ

21-глава. Жалпы талаптар

83-берене. Өрт техникасына карата талаптар

  1. Өрт техникасы ташууда, сактоодо жана эксплуатациялоодо коопсуздукту камсыз кылуучу белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
  2. Өрт техникасында буюмдун идентификациялоосуна мүмкүндүк берүүчү маркалоосу болууга тийиш.
  3. Өрткө каршы техникага техникалык документтер аны натыйжалуу колдонуу жана эксплуатациялоо эрежелери жана эксплуатациялоо мөөнөттөрү жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш.
  4. Өрткө каршы техниканын белгиленген эксплуатациялык мүнөздөмөлөргө ылайыктуулугун аныктоо үчүн сыноолор жүргүзүлөт. Өрткө каршы техниканы сыноо усулдары белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттар менен аныкталат.

84-берене. От өчүрүүчү заттарга карата талаптар

  1. От өчүрүүчү заттар өрт өчүрүүнүн тактикасына ылайык берүү мүнөздөмөлөрүнө жараша аларды көлөмдүк же үстүртөн жиберүү ыкмасы менен берүүдө өрттү өчүрүүнү камсыз кылууга тийиш.
  2. От өчүрүүчү заттар күйүүчү заттар менен материалдардын физикалык-химиялык касиеттерине жараша колдонулууга тийиш.
  3. От өчүрүүчү заттар ташуу жана сактоо мөөнөтүнүн мезгилинде өрт өчүрүү үчүн зарыл касиеттерин сактоого тийиш.
  4. От өчүрүүчү заттар адамдардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө жол берилген маанилеринен ашуучу зыяндуу таасир тийгизбөөгө тийиш.
  5. От өчүрүүчү каражаттардын от өчүрүүчү жөндөмдүүлүгү, физикалык-химиялык касиеттери, ошондой эле алардын сапаты белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү улуттук стандарттар белгилеген сыноолор менен аныкталат.

85-берене. Өрт сигнализациясынын автоматтык орнотмолоруна карата талаптар

  1. Өрт сигнализациясынын автоматтык орнотмолорунун техникалык каражаттары бири-бири менен, ошондой эле алар менен өз ара аракеттенүүчү башка техникалык каражаттар менен электрдик жана маалыматтык шайкештикти камсыз кылууга тийиш.
  2. Өрт сигнализациясынын автоматтык орнотмолорунун техникалык каражаттарынын ортосундагы байланыш линиясы өрттө өрттү табуу, эвакуация, эвакуациянын убактысы, ошондой эле башка техникалык каражаттарды башкаруу үчүн зарыл убакыт жөнүндө сигналдарды берүү үчүн зарыл убакыттын ичинде алардын иштешин камсыз кылууну эске алуу менен аткарылууга тийиш.
  3. Өрт сигнализациясынын автоматтык орнотмолорунун өрт жабдууларын башкаруу приборлору башкарылуучу жабдуунун тибине жана конкреттүү объекттин талаптарына ылайык башкаруу принцибин камсыз кылууга тийиш.
  4. Өрт сигнализациясынын автоматтык орнотмолорунун техникалык каражаттары алар өз функциясын аткарып жаткан убакта электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз болууга тийиш.
  5. Өрт сигнализациясынын автоматтык орнотмолорунун техникалык каражаттары корголуучу объект үчүн мүнөздүү болгон чектүү жол берилген деңгээлдеги электр-магниттик кедергилердин таасирине туруктуу болууга тийиш. Мында алар электр-магниттик кедергилер менен корголуучу объекттеги техникалык каражаттарга терс таасирин тийгизбеши керек.
  6. Өрт сигнализациясынын автоматтык тутумдарын долбоорлоо жана монтаждоо боюнча талаптар тиешелүү курулуш ченемдери жана эрежелери, Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

86-берене. Өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолоруна карата талаптар

  1. Өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолору күйүү процессинин келип чыгышына жана күчөөсүнө тоскоол болуучу шарттарды түзүү максатында от өчүрүүчү заттарды көлөмдүк же үстүнө жиберүү ыкмасы менен өрт өчүрүүнү камсыз кылууга тийиш.
  2. Өрттү көлөмдүк ыкма менен өчүрүү корголуучу жайдын (имараттардын, курулмалардын) бүткүл көлөмүндө күйүүгө өбөлгө болбой турган чөйрөнүн түзүлүшүн камсыз кылууга тийиш.
  3. Өрттү үстүнө жиберүү ыкмасы менен өчүрүү корголуучу аянтка от өчүрүүчү заттарды жиберүү жолу менен күйүү процессин жоюуну камсыз кылууга тийиш.
  4. Өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолорунун иштеши имараттар менен курулмалардын жайларында жана ачык аянтчаларда өрттүн келип чыгышына жана (же) күйүүчү материалдардын жарылуусуна алып келбөөгө тийиш.
  5. Өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолорун долбоорлоо жана монтаждоо боюнча талаптар тиешелүү курулуш ченемдери жана эрежелери, Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.

22-глава. Өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттарына карата талаптар

87-берене. От өчүргүчтөргө карата талаптар

  1. Алып жүрмө жана жылдырма от өчүргүчтөр аларды жасап чыгарган ишкананын техникалык документтеринде көрсөтүлгөн аянттарда өрттү бир киши өчүрүүсүн камсыз кылууга тийиш.
  2. Алып жүрмө жана жылдырма от өчүргүчтөрдөн чыккан от өчүрүүчү заттардын агымынын узундугу өрт өчүрүүдө адамдын коопсуздугун камсыз кылууга тийиш.
  3. Алып жүрмө жана жылдырма от өчүргүчтөрдүн конструкциялык элементтеринин бекемдик мүнөздөмөсү аларды өрт өчүрүүдө коопсуз колдонуусун камсыз кылууга тийиш.
  4. От өчүргүчтөрдүн техникалык параметрлери жана алардын от өчүрүү жөндөмдүүлүгү белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү улуттук стандарттын талаптарына ылайык лабораториялык сыноолор менен аныкталат.

88-берене. Өрт өчүрүүчү крандарга карата талаптар

  1. Өрт өчүрүүчү крандардын конструкциясы бекиткич түзүлүштү бир киши ачып алгыдай кылып жана өрт өчүрүүнү камсыз кылуучу суунун берилишин камсыз кылууга тийиш.
  2. Өрт өчүрүүчү крандардын бириктиргич бөрктөрүнүн конструкциясы аларга өрттүн алдын алуу жана өчүрүү жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүндө колдонуучу өрт өчүрүү түтүктөрүн бириктирүүгө мүмкүндүк берүүгө тийиш.
  3. Өрт өчүрүүчү крандардагы суунун талап кылынган басымы жогорулатуучу насос менен, анын кошулуусу — аралыктан туташтыруу кнопкалары менен камсыз кылынат. Өрт крандарын коюу комплектациясы жана суунун талап кылынган чыгымдалышы өрт коопсуздугу жаатындагы тиешелүү ченемдик укуктук актылар, ошондой эле тиешелүү курулуш ченемдери жана эрежелери менен белгиленет.

23-глава. Өрт өчүрүүнүн мобилдүү каражаттарына карата талаптар

89-берене. Өрт өчүрүүчү автомобилдерге карата талаптар

Негизги жана атайын өрт өчүрүүчү автомобилдер төмөнкү функциялардын аткарылышын камсыз кылууга тийиш:

1) өрт өчүрүү кызматынын өздүк курамын, от өчүрүүчү заттарды, өрт жабдууларын, жеке коргоо жана куткаруу каражаттарын, өрт шаймандарын өрт чыккан жерге жеткирүүнү;

2) авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүнү;

3) өрттүн очогуна от өчүрүүчү заттарды берүүнү;

4) өрттү өчүрүүгө байланышкан авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүнү;

5) өрттөрдү өчүрүү жана авариялык-куткаруу иштери жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлгөн милдеттерди аткаруунун коопсуздугун камсыз кылууну.

Негизги жана атайын өрт өчүрүүчү автомобилдерди эксплуатациялоо мөөнөтү завод-даярдоочу тарабынан белгиленген мөөнөттөрдөн ашпоого тийиш. Мөөнөттөр аларды күжүрмөн эсепке коюу күнүнөн тартып саналат.

90-берене. Өрт өчүрүүчү поезддерге карата талаптар

Өрт өчүрүүчү поезддер өрттү өчүрүүнү жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берүүчү жабдуу менен жабдылууга тийиш.

91-берене. Өрт өчүрүүчү вертолетторго карата талаптар

Өрт өчүрүүчү вертолеттор токойлордогу жана тоолордогу өрттү өчүрүүгө, бийик имараттардан чыккан өрттү өчүрүүнү жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү, ошондой эле бийик имараттардагы авариялык-куткаруу иштерин (адамдарды эвакуациялоо) жүргүзүү үчүн арналган жабдыктар менен жабдылууга тийиш.

92-берене. Өрт өчүрүүнү мотопомпаларга карата талаптар

  1. Өрт өчүрүүчү мотопомпалар өрт өчүрүү милдетин аткарууну камсыз кылган чыгымдалышы жана күчү менен суу түтүктөр тармагынан, идиштерден жана (же) ачык суу булактарынан суу алууну жана өрттүн очогуна суу берүүнү камсыз кылууга тийиш.
  2. Алып жүрмө өрт өчүрүүчү мотопомпалардын конструкциясы аны эки оператор көтөрүп жүрүшүн жана топурак кыртышына орнотулушун камсыз кылууга тийиш.
  3. Чиркелгич өрт өчүрүүчү мотопомпалар автомобиль чиркегичтерине стационардуу чиркелүүгө тийиш. Чиркегичтердин конструкциясы мотопомпаны өрт чыккан жерге коопсуз жеткирүүнү жана суу алууда жана берүүдө анын туруктуу жайгаштырылышын камсыз кылууга тийиш.

24-глава. Өрттө өрт өчүрүүчүлөрдүн жана адамдардын жеке коргоо каражаттарына карата талаптар

93-берене. Өрт өчүрүүчүлөрдүн жеке коргоо каражаттарына карата талаптар

  1. Өрт өчүрүүчүлөрдүн жеке коргоо каражаттары өрттөн коргоо бөлүмдөрүнүн өздүк курамын өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен, климаттык таасирлерден жана өрт өчүрүүдө жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүдө жаракат алуудан коргоого тийиш.
  2. Өрт өчүрүүчүлөрдүн жеке коргоо каражаттары өз ара эргономикалык шайкештикке жана көрүү начар болгон шарттарда өрт өчүрүүчүлөрдү байкап турууга жана издөөгө мүмкүндүк берүүчү жарык сигналынын элементтерине ээ болууга тийиш.

94-берене. Өрт өчүрүүчүлөрдүн дем алуу жана көрүү органдарын жеке коргоо каражаттарына карата талаптар

  1. Өрт өчүрүүчүлөрдүн дем алуу жана көрүү органдарын жеке коргоо каражаттары дем алууга жарамсыз жана көздүн былжыр челин дүүлүктүрүүчү чөйрөдө иштегенде өрт өчүрүүчүлөрдү коргоону камсыз кылууга тийиш.
  2. Дем алуу жана көрүү органдарын жеке коргоо каражаттары механикалык жана климаттык таасирлерге туруктуулугунун талаптарына, эргономика көрсөткүчтөрүнө жооп берүүгө тийиш, алардын маанилери өрттө авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү, адамдарды куткаруу тактикасына жана өрт өчүрүүчүлөрдүн эмгегинин коопсуз шарттарын камсыз кылуу зарылдыгына ылайык аныкталат.
  3. Кысылган абасы бар дем алуу аппараттары маска алдындагы боштукта адамдын дем алуу процессинде ашыкча басымдын кармалып турушун камсыз кылууга тийиш.
  4. Кысылган абасы бар дем алуу аппараттарынын коргоо убактысы (өпкөдө абанын айлануусу 30 л/мүнөт болгондо) 1 сааттан, кычкылтектик-обочолоо аппараттардыкы — 4 сааттан кем болбоого тийиш.
  5. Өрт өчүрүүчүлөрдүн дем алуу органдарын жеке коргоо каражаттарынын конструкциялык аткарылышы дем алуучу аралашмасы бар баллонду жана регенерациялык патронду тез алмаштырууну (атайы аспаптарды колдонбостон) кароого тийиш.
  6. Өрт өчүрүүчүлөрдүн дем алуу жана көрүү органдарын жеке коргоо каражаттарын колдонуу, техникалык тейлөө жана оңдоо өрт өчүрүүчүлөрдүн эмгегинин коопсуз шарттарын камсыз кылуу зарылдыгына ылайык жүзөгө ашырылат.
  7. Өрт өчүрүүчүлөрдү коргоо үчүн дем алуу органдарынын чыпкалоочу таасириндеги жеке коргоо каражаттарды (противогаздарды) өрт өчүрүү убагында колдонууга тыюу салынат.
  8. Кычкылтектик дем алуу аппараттарын жогорку жылуулуктун таасиринен коргоочу атайын кийимдер жана изоляциялоочу типтеги атайын кийимдер менен бир комплектте колдонууга тыюу салынат.

95-берене. Өрт өчүрүүчүлөрдүн коргоочу атайын кийимдерине карата талаптар

  1. Коргоочу (жалпы арналыштагы, жылуулуктун таасиринен коргоочу жана изоляциялоочу типтеги) атайын кийимдер өрт өчүрүүчүлөрдүн эмгегинин коопсуз шарттарын жана өрттүн кооптуу факторлорунан же башка өзгөчө кырдаалдардан коргоону камсыз кылууга тийиш.
  2. Коргоочу атайын кийимдерде пайдаланылган материалдар жана конструкциялык аткарылышы кийимдин ичине от өчүрүүчү заттардын киришине тоскоол болууга жана кийимди шашылыш чечүү мүмкүнчүлүгүн, дем алуу аппаратынын баллонундагы басымды контролдоону жана маалыматты (добуштук, көрүнүүчү же атайын түзүлүштөрдүн жардамы менен) кабыл алууну жана берүүнү камсыз кылууга тийиш.
  3. Изоляциялоочу типтеги коргоочу атайын кийимдердин конструкциясы жана колдонулуучу материалдар изоляциялоочу типтеги коргоочу атайын кийим кийип иштеп жаткан өрт өчүрүүчүлөрдүн эмгегинин коопсуз шарттарын камсыз кылуучу ашыкча аба басымын кийим ичинде кармап турууга тийиш.

Кооптуу өндүрүштүк объекттердеги өрттөрдү өчүрүүдө пайдаланылуучу изоляциялоочу типтеги коргоочу атайын кийим адамдын терисин жана ички органдарын агрессиялуу жана (же) радиоактивдүү заттардан коргоону камсыз кылууга тийиш.

Радиациялык кооптуу объекттердеги өрттөрдү өчүрүүдө жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүдө пайдаланылуучу изоляциялоочу типтеги коргоочу атайын кийим мындан сырткары адамдын жашоосу үчүн маанилүү органдарын иондоштуруучу нурлануудан коргоону камсыз кылууга тийиш.

  1. Изоляциялоочу типтеги коргоочу атайын кийимдин салмагы өрт өчүрүүчүлөрдүн эмгегинин коопсуз шарттарын камсыз кылууга тийиш.

96-берене. Колду, бутту жана башты коргоо каражаттарына карата талаптар

  1. Колду коргоо каражаттары өрттү өчүрүүдө жана авариялык-куткаруу иштерин аткарууда адамдын колунун манжаларын жылуулук, механикалык жана химиялык таасирлерден коргоону камсыз кылууга тийиш.
  2. Башты (анын ичинде каскалар, шлемдер, шлем ичинен кийилүүчү топу) жана бутту коргоо каражаттары өрттү өчүрүүдө жана авариялык-куткаруу иштерин аткарууда адамды суудан, жылуулук, механикалык жана химиялык таасирлерден, ошондой эле климаттык жагымсыз таасирлерден коргоону камсыз кылууга тийиш.

97-берене. Өрт өчүрүүчүлөрдүн өзүн куткаруу каражаттарына карата талаптар

Өрт өчүрүүчүлөрдүн өзүн куткаруу каражаттары (өрт арканы, өрт куру жана өрт карабини) 12,0 кН кем эмес статикалык жүктү көтөрө алууга, өрт өчүрүүчү бийиктикте иштеген учурда коопсуздукту жана бийиктиктен өрт өчүрүүчүнүн өз алдынча түшүп келүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.

98-берене. Өрттө жарандарды жеке коргоо жана куткаруу каражаттарына карата талаптар

  1. Өрттө жарандарды жеке коргоо жана куткаруу каражаттары эвакуациянын коопсуздугун же адамдардын өзүн-өзү сактап калышын камсыз кылууга тийиш. Мында ушул функциялардын аткарылышынын камсыз болуу деңгээли механикалык жана климаттык таасирлерге туруктуулук көрсөткүчтөрү, өрт убагында адамдарды түтүн каптаган жайдан эвакуациялоодо күйүүнүн уулуу продуктуларынан коргоочу жана ар кандай арналыштагы имараттар менен курулмалардын бийиктик деңгээлдеринен адамдардын куткарылышын камсьв кылуучу шарттарга жараша аныкталган эргономикалык жана коргоочу көрсөткүчтөрү менен мүнөздөлөт.

Өрттө жарандарды жеке коргоо жана куткаруу каражаттарынын конструкциясы эксплуатациялоодо ишенимдүү жана жөнөкөй болууга жана ким болбосун аларды алдын ала даярдыксыз пайдалана алуусуна мүмкүндүк берүүгө тийиш.

  1. Жеке коргоо каражаттарынын колдонуу жааты, функционалдык арналышы, техникалык мүнөздөмөлөрү жана коопсуздук талаптары белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү улуттук стандарттар менен белгиленет.

25-глава. Өрт өчүрүүчү аспапка жана өрт өчүрүүчүлөрдүн кошумча шаймандарына карата талаптар

99-берене. Өрт өчүрүүчү аспапка карата талаптар

  1. Өрт өчүрүүчү аспап функционалдык арналышына жараша төмөнкүлөрдүн аткарылышын камсыз кылууга тийиш:

1) ар кыл курулуш конструкцияларын кесүү, көтөрүү, жылдыруу жана бекитүү боюнча жумуштарды;

2) тешиктерди жана оюктарды жасоо, курулуш конструкцияларын жана материалдарын майдалоо боюнча жумуштарды;

3) ар түрдүү диаметрдеги түтүктөрдүн көзөнөктөрүн тыгындоо, идиштердеги жана өткөрмө түтүктөрдөгү тешиктерди бүтөө боюнча жумуштарды.

  1. Механикалаштырган кол аспабы адам денесинин бөлүктөрү жана кийими кыймылдуу механизмдери кокус алдыруудан сактоочу түзүлүштөр менен жабдылууга тийиш.

Механикалаштырылган өрт өчүрүүчү аспапты башкаруу органдары ага киргизилген маалыматтарды арсар чечмелөөнү четтетүүчү көрсөткүчтөр менен жабдылууга тийиш.

  1. Механикалаштырылган жана механикалаштырылбаган өрт өчүрүүчү аспаптардын конструкциясы жумушчу элементтерин ылдам алмаштыруу мүмкүндүгүн камсыз кылууга тийиш.
  2. Өрт өчүрүүчү аспаптын ашташкан түйүндөрүнүн конструкциясы ачкычтарды же слесардык башка аспаптарды колдонбостон, кол менен эле алардын ишенимдүү бириктирилишин камсыз кылууга тийиш.
  3. Өрт өчүрүүчү аспаптын конструкциясы авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүдө оператордун электр коопсуздугун камсыз кылууга тийиш.

100-берене. Өрт өчүрүүчүлөрдүн кошумча шаймандарына карата талаптар

Өрт өчүрүүчүлөрдүн кошумча шаймандары (анын ичинде өрт фонарлары, жылуулук көрсөткүчтөр, радио- жана добуш, жарык-добуш маяктары, кыймылсыз абалдын датчиктери) арналышына жараша өрт чыккан жерди жарык кылууну, күйүү очокторун жана түтүн каптаган ободо адамдарды издөөнү, өрт өчүрүүчүлөрдүн жайгашкан жерин белгилөөнү жана өрт өчүрүүдөгү жумуштардын башка түрлөрүн аткарууну камсыз кылууга тийиш. Мында көрсөтүлгөн функциялардын аткарылышын камсыз кылуу даражасы өрттө авариялык-куткаруу иштерин аткаруу үчүн зарыл болгон көрсөткүчтөр менен мүнөздөлүүгө тийиш.

26-глава. Өрт өчүрүүчү жабдууларга карата талаптар

101-берене. Өрт өчүрүүчү жабдууларга карата жалпы талаптар

Өрт өчүрүүчү жабдуулар (өрт гидранттары, колонка гидранты, колонкалар, кысуучу жана соруучу түтүктөр, найлар, гидроэлеваторлор жана соруучу торлор, түтүктүн бутактануулары, бириктиргич бөрктөр, өрт кол шатылары) жумуштарды жүргүзүү тактикасына ылайык өрт өчүрүү үчүн зарыл болгон от өчүрүүчү заттарды өрт болгон жерге талап кылынган чыгымда жана жумушчу басымда берүү мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле өздүк курамдын имараттар менен курулмалардын жайларына киришин камсыз кылууга тийиш.

102-берене. Өрт өчүрүүчү гидранттарга жана колонкаларга карата жалпы талаптар

  1. Өрт өчүрүүчү гидранттар диаметри 100 мм кем эмес сырткы суу түтүк тармактарына орнотулууга жана өрт өчүрүү максаты үчүн суу берүүнү камсыз кылууга тийиш.
  2. Өрт өчүрүүчү колонкалар жер алдындагы гидранттардын ачылуу (жабылуу) мүмкүндүгүн жана суу түтүк тармактарынан суу алуу жана аны өрт өчүрүү бутасына берүү үчүн өрт түтүктөрүнүн бириктирилишин камсыз кылууга тийиш.
  3. Өрт өчүрүчү колонканын жабуучу түзүлүштөрүн башкаруу органдарындагы механикалык күч келүүсү жумушчу басымында 150 ньютондон ашпоого тийиш.

103-берене. Өрт өчүрүүчү түтүктөргө жана бириктиргич бөрктөргө карата талаптар

  1. Өрт өчүрүүчү түтүктөр (соруучу, кысуучу-соруучу жана кысуучу) от өчүрүүчү заттарды өрт болгон жерге жеткирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
  2. Бириктиргич бөрктөр өрт өчүрүүчү түтүктөрдүн бири-бири жана башка өрт өчүрүүчү жабдуулар менен ылдам, жылчыксыз жана бекем бириктирилишин камсыз кылууга тийиш.
  3. Өрт өчүрүүчү түтүктөрдүн жана бириктиргич бөрктөрдүн бышыктык жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрү коюлган талаптарга жооп берүүгө жана өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрүндө пайдаланылган гидравликалык жабдуунун техникалык параметрлерине ылайык келүүгө тийиш.

104-берене. Өрт найларына, көбүк генераторлоруна жана көбүк аралаштыргычтарга карата талаптар

  1. Өрт найларынын (кол жана лафеттик) конструкциясы төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:

1) чоргодон чыкканда от өчүрүүчү заттардын (анын ичинде төмөнкү бөлүштүрүлүштөгү аба-механикалык көбүктүн) туташ же чачыраган агымын калыптандырууну;

2) чачыраган агым факелинин конусу боюнча от өчүрүүчү заттардын тегиз бөлүштүрүлүшүн;

3) агымдын туташ түрүнөн чачыраган түрүнө чейин үзгүлтүксүз өзгөрүшүн;

4) от өчүрүүчү заттарды (универсал типтеги найлар үчүн) берүүнү токтотпостон, алардын чыгымдалышынын өзгөрүшүн;

5) найдын бекемдигин, бириктирүүнүн жана жабуучу түзүлүштүн жумушчу басымында жылчыксыз болушун;

6) тике жайгашкан жалпак беттерде берилген бурчтарда лафеттик найлардын абалын бекемдөөнү;

7) тике жана туурасынан жайгашкан жалпак беттерде лафеттик найлардын буруучу механизмдерин гидроиштеткич жана электриштеткич аркылуу кол менен жана аралыктан башкаруу мүмкүндүгүн.

  1. Көбүк генераторлорунун конструкциясы төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:

1) орто жана жогорку бөлүштүрүлүштөгү аба-механикалык көбүктүн агымын калыптандырууну;

1) найдын бекемдигин, бириктирүүнүн жана жабуучу түзүлүштүн жумушчу басымында жылчыксыз болушун;

  1. Көбүк аралыштыргычтар (жөндөлүүчү жана жөндөлбөөчү дозалагычы менен) аба-көбүк найларында жана көбүк генераторлорунда белгилүү бөлүнүштө көбүк алуу үчүн көбүк жаратуучудан берилген концентрациядагы суу эритмесин алууну камсыз кылууга тийиш.

105-берене. Өрт өчүрүүчү түтүк суу жыйнагычтарына жана өрт бутактанууларына карата талаптар

  1. Өрт өчүрүүчү түтүк суу жыйнагычтары суунун эки же андан көп агымын өрт насосунун соруучу келте түтүгүнүн кире беришинде бириктирүүнү камсыз кылууга тийиш.

Өрт өчүрүүчү түтүк суу жыйнагычтары ар бир бириктирилген келте түтүктөн кайтарып берме клапандар менен жабдылууга тийиш.

  1. Өрт бутактануулары суунун же көбүк жаратуучу эритмесинин магистралдык агымын жумушчу өрт түтүктөрүнүн линияларына бөлүштүрүүнү жана бул линияларда от өчүрүүчү заттардын чыгымдалышын жөнгө салууну камсыз кылууга тийиш.

Өрт өчүрүүчү түтүк бутактанууларынын жабуучу түзүлүштөрүн башкаруу органдарындагы механикалык күч келүү жумушчу басымында 100 ньютондон ашпоого тийиш.

106-берене. Өрт өчүрүүчү гидроэлеваторлорго жана соруучу торлорго карата талаптар

  1. Өрт өчүрүүчү гадроэлеваторлор суунун бети менен өрт сордургучтун жайгашуу деңгээлинин ортосундагы айырма сордургучтун эң жогорку суу соруу бийиктигинен ашык болгон ачык көлмөлөрдөн суу алууну камсыз кылууга, ошондой эле жайдан өрт өчүрүүдө төгүлгөн суунун чыгарылышын камсыз кылууга тийиш.
  2. Соруучу өрт торлору ачык көлмөлөрдөн алынуучу сууну чыпкалоону жана сордургучтун иштешинин бузулушуна алып келүүчү өлчөмдөгү катуу бөлүкчөлөрдүн өтүп кетишин болтурбоону камсыз кылууга тийиш.

Соруучу өрт торлору кайтарып берме клапандар менен жабдылууга тийиш.

107-берене. Өрт өчүрүүчү кол шатыларына карата талаптар

  1. Өрт өчүрүүчү кол шатылары өрт өчүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өздүк курамына жайларга жана имараттар менен курулмалардын чатырына кирүүгө, көрсөтүлгөн жайларга от өчүрүүчү каражаттар менен заттарды берүүгө, ошондой эле ушул жайлардан эвакуация жолдоруна кайрылбастан эле, адамдарды куткарууну камсыз кылууга тийиш.
  2. Өрт өчүрүүчү кол шатыларынын габариттик өлчөмдөрү жана конструкциясы аларды өрт автомобилдеринде ташуу мүмкүндүгүн берүүгө тийиш.
  3. Өрт өчүрүүчү кол шатыларынын механикалык бекемдиги, өлчөмдөрү жана эргономикалык мүнөздөмөсү бийиктик деңгээлдерден адамдарды куткаруу мүмкүндүгүн жана зарыл өрт-техникалык куралдарды жана жабдууларды өйдө чыгарууну камсыз кылууга тийиш.

27-глава. Өрттөгү байланыш каражаттарына карата талаптар

108-берене. Өрттөгү байланыш каражаттары

  1. Өрттөгү байланыш каражаттары өрт чыккан жерден күчтөрдү жана каражаттарды так жана үзгүлтүксүз башкарууну, алардын аракеттенүүсүн жана маалымат берүүнү камсыз кылууга тийиш.
  2. Байланыш каражаттарына: байланыш техникасы (радиостанциялар, радио өткөргүчтөр, радиоретрансляторлор, телефондук, үндү бийик чыгаруучу байланыш, кабарлоочу жана башка маалымат берүү, кабыл алуу жана өзгөртүү үчүн, ошондой эле байланыш каналдарын жана линияларын түзүү, GPS-тутуму (өрт автомобилдеринин жайгашкан жерин аныктоочу навигация тутуму) үчүн арналган башка техника кирет).
  3. Радио байланыш гарнизондун күчтөрүн ыкчам башкарууну, өрткө каршы мамлекеттик кызматтын (ӨМК) бөлүмдөрү жана өрт автомобилдери менен байланышууну, өрт чыккан жерде бөлүмдөр ортосундагы билдирүүлөр менен өз ара алмашууну, байланыштын проводдук каналдарын кайталоону (резервдөө) камсыз кылуу үчүн арналат.
  4. Гарнизондун радиостанциялары стационардык, ташып жүрүүчү жана алып жүрүүчү болуп бөлүнөт. Станционардык радиостанциялар Бирдиктүү нөөмөт-диспетчердик кызматында (мындан ары — БНДК), бөлүктүн байланыш пункттарында (мындан ары — ББП) орнотулат, ал эми ташып жүрүүчүлөр — табелдик белгиленгендигине ылайык өрт автомобилдерине орнотулат.

109-берене. Байланыш каражаттарына карата негизги талаптар

  1. Байланыш каражаттарынын оң абалда болушу, ишеничтүүлүгү, ар дайым колдонууга даяр болушу, тейлөөнүн жогорку тартиби, ошондой эле GPS-кабылдагычы менен координаттарды аныктоону тездеткен тутумду орнотуу өрттөн сактоо кызматынын байланышына карата коюлуучу негизги талаптар болуп саналат.
  2. Байланыш каражаттары ар дайым оң абалда жана колдонууга даяр болууга тийиш, өрттөн сактоо бөлүмдөрүнүн иш-аракеттерин кандай гана болбосун шартта ишенимдүү жана үзгүлтүксүз башкарылышын камсыз кылууга тийиш.
  3. GPS-кабылдагычы менен координаттарды аныктоону тездеткен тутум чакырган жерге минимумдук кыска мөөнөттө келүү үчүн арналат.

110-берене. Байланыш каражаттарын эксплуатациялоону, техникалык тейлөөнү жана оңдоону пландаштыруу

  1. Байланыш каражаттарын орточо жана капиталдык оңдоону жүргүзүүнү пландаштырууда алардын техникалык абалы жана оңдоо жүргүзүүнүн зарылчылыгы каралат.
  2. Байланыш каражаттарын эксплуатациялоону пландаштыруу, техникалык тейлөө жана оңдоо бир жылдык иштетүү ченемдерин аныктоону; техникалык тейлөө боюнча иш-чараларды; байланыш каражаттарын оңдоону; техникалык абалын контролдоону; байланыш каражаттарын сактоону; байланыш каражаттарын материалдык камсыз кылууну камтыйт.
  3. Байланыш каражаттарын өрттө эксплуатациялоо мөөнөттөрү даярдоочу ишкана тарабынан белгиленген мөөнөттөрдөн ашпоого тийиш. Байланыш каражаттарын эксплуатациялоо мөөнөтү аларды күжүрмөн эсепке койгон күндөн баштап эсептелет.

VI БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ АРНАЛЫШТАГЫ ПРОДУКЦИЯГА КАРАТА ӨРТ КООПСУЗДУГУНУН ТАЛАПТАРЫ

28-глава. Заттар менен материалдарга карата өрт коопсуздугунун талаптары

111-берене. Заттар менен материалдардын өрт коркунучу жөнүндө маалыматтарга карата талаптары

Заттар менен материалдардын жарылуу-өрт жана өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү жөнүндө маалымат белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү улуттук стандартка ылайык маркалоого ылайык келүүгө тийиш.

112-берене. Имараттар менен курулмаларда курулуш материалдарын колдонууга карата өрт коопсуздугунун талаптары

  1. Имараттар менен курулмаларда курулуш материалдары алардын функционалдык арналышына жана өрт коркунучуна жараша колдонулат.

Имараттар менен курулмаларда курулуш материалдарын колдонууга карата өрт коопсуздугунун талаптары ошол материалдардын өрт коркунучунун көрсөткүчтөрүнө карата белгиленет жана белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү улуттук стандарттар менен белгиленет.

Заттар менен материалдардын жарылуу-өрт жана өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү жөнүндө маалымат белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү улуттук стандарттарга ылайык маркалоого ылайык келүүгө тийиш.

  1. «А», «Б» жана «В1» категорияларынын «Ф 5» классындагы оңой от алуучу суюктуктар чыгарылуучу, колдонулуучу же сакталуучу жайлардын полу күйбөй турган материалдардан же «Г1» күйүү тобундагы материалдардан салынышы керек.

Жайлардагы же адамдарды эвакуациялоо жолдорундагы асма шыптардын каркастары күйбөй турган материалдардан гана жасалышы керек.

Турак жай жана коомдук имараттарды күйүүчү материалдар менен жасалгалоо жана жылуулоо боюнча иштерди жүргүзүүгө тыюу салынат.

Ар түрдүү функционалдык арналыштагы, кабаттуулуктагы жана сыйымдуулуктагы имараттарда жасалгалоо-кооздоо, каптоочу материалдардын жана эвакуация жолдорунун полуна төшөгүчтөрдүн колдонуу жааты белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттары жана курулуш ченемдери жана эрежелери менен белгиленет.

  1. Уктоочу бөлмөлөрдө жана палаталарда, ошондой эле «Ф 1.1» классчасындагы балдар топторунун жайларында «КМ2» классынан жогорку өрт коркунучундагы жасалгалоо-кооздоо материалдарын жана полго төшөгүчтөрдү колдонууга жол берилбейт.

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин музыкалык жана дене тарбия залдарындагы дубалдардын жана шыптардын жасалгасы «КМ0» классындагы материалдардан жасалууга тийиш.

Физиотерапиялык процедура бөлмөлөрүндө дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн «КМ2» классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн «КМЗ» классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт.

Диагностикалык жайларда дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн «КМ3» классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн «КМ3» классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт.

Операциялык жана реанимациялык жайларда дубалдын, шыптын жана асма шыптардын толтурууларынын жасалгасы үчүн «КМ2» классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн «КМ3» классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт.

«Ф 1.2» классчасындагы имараттардын турак жайларында дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн «КМ4» классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн «КМ4» классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт.

«Ф 2.1» классчасындагы имараттардын кийим чечүүчү жайларында дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн «КМ1» классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн «КМ2» классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт.

Окуу залдарында дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн «КМ2» классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн «КМ3» классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт.

Китеп сактоочу жайларда жана архивдерде, ошондой эле кызматтык каталогдордун жана дубалдарынын жана шыптарынын жасалгасы үчүн «КМ0» классындагы материалдардан кароо керек.

«Ф 2.2» классчасындагы имараттардын демонстрациялык залдарында дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн «КМ2» классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн «КМ3» классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт.

Бий залдарында дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн «КМ2» классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн «КМ2» классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт.

«Ф 3.1» классчасындагы имараттардын жайларынын соода залдарында дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн «КМ2» классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн «КМ3» классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт.

«Ф 3.3» классчасындагы имараттардын күтүү залдарында дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулар «КМ0» классындагы материалдардан аткарылууга тийиш.

«Ф 3.4» классчасындагы имараттардын диагностика жана процедура кабинеттеринде дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн «КМ2» классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн «КМ3» классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт.

113-берене. Текстиль жана булгаары материалдарын колдонууга карата талаптар жана алардын өрт коркунучу жөнүндө маалыматтар

  1. Текстиль жана булгаары материалдары имараттардын, курулмалардын функционалдык арналышына жана өрт коркунучуна же аларды жасоо үчүн пайдаланылган буюмдардын арналышына жараша колдонулат.
  2. Текстиль жана булгаары материалдарын колдонуу боюнча өрт коопсуздугунун талаптары ошол материалдардын өрт коркунучунун көрсөткүчтөрүнө карата белгиленет.

Атайын коргоочу кийимдердин материалдарынын классификациялык жалындагыч белгилерин аныктоо усулдары белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү улуттук стандарттар менен белгиленет.

  1. Атайын коргоочу кийимдердин материалдары атайын коргоочу кийимдердин типтерине жараша 5тен 40 кВт/м2 чейинки кубаттуулуктагы жылуулук агымы таасир эткенде үлгүнүн (материалдардын пакетинин) аркы бетинде 50ºС температурага жетүү убактысы менен мүнөздөлүүчү жылуулуктан коргоону камсыз кылууга тийиш.
  2. Материалдардын, коргоочу кийимдердин жылуулуктан коргоо натыйжасынын классификациялык белгилерин аныктоо усулдары белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү улуттук стандарттар менен аныкталат.
  3. Атайын коргоочу кийимдердин материалдары ачык жалындын таасирине туруктуулугу боюнча үлгүгө келген жылуулук агымынын тыгыздык мааниси 80 кВт/м2 болгондой газ берүүнүн жана анын чыгымдалышын жөнгө салуунун газ горелкасынын жалынына таасир көрсөткөндө температуранын 240ºС көбөйгөн убакыт менен мүнөздөлөт.
  4. Материалдардын, атайын коргоочу кийимдердин ачык жалындын таасирине туруктуулугунун классификациялык белгилерин аныктоо усулдары белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү улуттук стандарттарга ылайык менен белгиленет.
  5. Текстиль жана булгаары материалдарынан жасалган театрдык жумшак декларациялар өрттөн коргоочу курам менен терең сиңирилип иштетилүүгө тийиш.
  6. Текстиль жана булгаары буюмдарына карата коштомо документтерде алардын өрт коркунучу жана имараттар менен курулмаларда же ар түрдүү функционалдык арналыштагы буюмдарда колдонулушу жөнүндө маалыматты көрсөтүү зарыл.

114-берене. Оттон коргоо каражаттарынын өрт коопсуздугу жөнүндө маалыматтарга карата талаптар

  1. Оттон коргоо каражаттарына техникалык документтер колдонуу жаатын, өрт коркунучунун, үстүңкү бетти даярдоо ыкмаларын, топурактын түрлөрү менен маркаларын, корголуучу бетке жабуу ыкмаларын, кургатуу шарттарын, бул каражаттардын оттон коргоо натыйжалуулугун, атмосфералык таасирлерден коргоо ыкмаларын, оттон коргоочу жабууларды эксплуатациялоо шарттарын жана мөөнөттөрүн, ошондой эле оттон коргоо жумуштарын жүргүзүүдө коопсуздук чараларын мүнөздөөчү техникалык көрсөткүчтөрдүн номенклатурасын камтууга тийиш.
  2. Оттон коргоо каражаттарын оттон коргоочу катмарга көрк берүүчү же анын атмосфералык таасирлерге туруктуулугун камсыз кылуучу материалдар (кошумча жабуулар) менен колдонууга жол берилет. Бул учурда оттон коргоо натыйжалуулугу белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттарга ылайык аныкталууга тийиш.

29-глава. Имараттар менен курулмалардын курулуш конструкцияларына жана инженердик жабдууларына карата өрт коопсуздугунун талаптары

115-берене. Курулуш конструкцияларына карата өрт коопсуздугунун талаптары

  1. Имараттардын (курулмалардын) курулуш элементтеринин конструкциялык аткарылышы күйүүнүн имарат (курулма) боюнча тымызын таралышынын себеби болуп саналбоого тийиш.
  2. Курулуш конструкцияларынын өз ара бекүү жана жалгашуу түйүндөрүнүн отко туруктуулук чеги жалгашуучу курулуш элементтеринин отко туруктуулук чектеринен кем болбоого тийиш.
  3. Имараттардын (курулмалардын) залдарында полду жантайтуучу конструкциялык элементтери ошол имараттардын кабаттарынын ортосунун калкаларынан төмөн эмес отко туруктуулук чегине ээ болууга тийиш.
  4. Курулуш конструкцияларында кабелдер, өткөрмө түтүктөр жана башка технологиялык жабдуулар кесип өткөн жерлердеги көзөнөктөр толтурулуучу материалдар ошол конструкциялар үчүн белгиленген маанилерден төмөн эмес отко туруктуулуктун тиешелүү чегине ээ болууга тийиш.
  5. Калкалар менен жабуулардын отко туруктуулук чектерин жогорулатуу үчүн колдонулуучу асма шыптардын конструкциялык элементтеринин отко туруктуулук чеги жана өрт коркунучтуулук классы ошол калкалар менен жабуулардын отко туруктуулук чегине жана өрт коркунучунун классына карата коюлуучу талаптарга жооп берүүгө тийиш.
  6. Асма шыптуу жайлардагы өрткө каршы тосмолор алардын үстүндөгү жерди да бөлүүгө тийиш.
  7. Чатырдагы жайлардын жыгач конструкциялары, (стропила, обрешетка, тирөөчтөр жана д.у.с.) жыгач поддондор, жыгач стеллаждары оттон коргоо каражаттары менен иштетилүүгө тийиш.
  8. Асма шыптардын үстүндөгү боштуктарда күйүүчү газдарды, чаң-аба аралашмаларын, суюк жана катуу материалдарды ташуу үчүн каналдар менен өткөрмө түтүктөрдү жайгаштырууну кароого жол берилбейт.
  9. Жарылуу-өрт жана өрт коркунучу боюнча «А» жана «Б» категорияларындагы жайларда асма шыптарды кароого жол берилбейт.

116-берене. Желдетүү, кондиционерлөө жана түтүндөн коргоо тутумдарынын конструкцияларына жана жабдууларына карата өрт коопсуздугунун талаптары

  1. Ар түрдүү арналыштагы желдетүү тутумунун каналдарынын (анын ичинде аба өткөргүчтөр, коллекторлор, шахталар) конструкциялары отко туруктуу болууга жана газ өткөргүчтүгүнө карта талап кылынган тыгыздыктагы күйбөй турган материалдардан жасалууга тийиш. Желдетүү тутумдарынын каналдарынын бекитүү (илинүүчү) түйүндөрү жана алардын тосуучу курулуш конструкциялары менен кесилиштери бул каналдар үчүн талап кылынгандан төмөн эмес отко туруктуулук чектерине ээ болууга тийиш. Түтүнгө каршы желдетүүнүн тартуучу каналдары линиялык жылуулук кеңейүүлөрүнүн конпенсаторлору менен жабдылууга тийиш.

Өрткө каршы нормалдуу ачык клапандар автоматтык жана аралыктан башкарылуучу иштеткичтер менен жабдылууга тийиш. Мындай иштеткичтердин курамында жылуулукту сезгич элементтерди алмаштыргыч катары гана пайдалануу каралышы керек. Өрткө каршы нормалдуу жабык жана түтүн клапандары үчүн жылуулукту сезгич элементтери менен иштеткичти колдонууга жол берилбейт. Ар түрдүү типтеги өрткө каршы жана түтүн клапандарынын конструкцияларынын бири-бирине кыналуу тыгыздыгы түтүн-газдын өтүшүнө минималдуу зарыл каршылыкты камсыз кылууга тийиш.

Табигый түрткүдөн иштөөчү тартуучу желдеткичтин түтүн люктарынын механикалык жүктөмдү (анын ичинде шамалдын жана кардын) жеңүүсү үчүн тартуу күчүн камсыз кылуучу автоматтык жана аралыктан башкарылуучу иштеткичтерди (жылуулук элементтери менен коштоо мүмкүндүгү менен) колдонуу керек.

Имараттар менен курулмалардын түтүндөн коргоо системаларынын тартуучу желдеткичтери күйүүнүн жогорку температуралуу продуктуларынын орун которууларында адамдарды эвакуациялоо үчүн (эвакуация жолдорунда адамдарды коргоодо) зарыл болгон убакыт ичинде же өрттүн күчөө жана өчүрүү мезгилинде (адамдарды өрттөн коопсуз зоналарда коргоодо) иштөө жөндөмдүүлүгүн сактоого тийиш.

Өрткө каршы түтүн-газ өткөрбөөчү эшиктер бири-бири менен кыналуу жерлеринде талап кылынган отко туруктуулук чектеринде түтүн-газдын өтүшүнө жол бербеген зарыл минимумдук маанисин камсыз кылуучу тыгыздоо түйүндөрү менен жабдылууга тийиш.

Түтүнгө каршы экрандар (шторалар, тосмо көшөгөлөр) автоматтык жана аралыктан башкарылуучу иштеткичтер (жылуулук элементтерисиз) менен жабдылууга жана кызмат бөлүгүнүн чыгарылган узундугу өрт учурунда бөлмөдө пайда болуучу түтүн катмарынын калыңдыгынан кем болбогон күйбөй турган материалдардан жасалууга тийиш.

  1. Желдетүү, кондиционерлөө жана түтүндөн коргоо тутумдарынын иш жүзүндөгү мааниси (анын ичинде отко туруктуулук чектери жана түтүн-газдын өтүшүнө каршылык көрсөтүүсү) тиешелүү ченемдик укуктук актылар, курулуш ченемдери жана эрежелери менен белгиленет.

117-берене. Таштанды чыгаруу тутумдарынын конструкцияларына жана жабдууларына карата өрт коопсуздугунун талаптары

  1. Таштанды чыгаруу тутумдарынын найлары күйбөй турган материалдардан жасалууга жана талап кылынган отко туруктуулук жана түтүн-газдын өтүшүнө каршылык көрсөтүү чектерин камсыз кылууга тийиш. Таштанды чыгаруу тутумунун найларынын конструкцияларынын курамына өрттө жарылуу менен бузулууга жөндөмдүү материалдарды колдонууга жол берилбейт.
  2. Таштанды чыгаруучу найлардын жүктөөчү клапандары күйбөөчү материалдардан жасалууга жана түтүн-газдын өтүшүнө жол бербеген зарыл минимумдук маанилерин камсыз кылууга тийиш.
  3. Таштанды чыгаруучу найлардын таштанды жыйналуучу камераларга орнотулуучу тосмолору өрттө өзү жабылуучу иштеткич менен жабдылууга тийиш. Мындай тосмолордун талап кылынган отко туруктуулук чектери таштанды чыгаруучу найлар үчүн белгиленгенден кем болбоого тийиш.
  4. Таштанды жыйналуучу камера бардык аянты боюнча спринклердик суу түтүктөр менен корголгон болууга тийиш. Суу түтүктөрүнүн суу бөлүштүрүүчү участогу айланма түрдө болууга, имараттын чарбалык суу ичүү тутумуна кошулууга, суу түтүктөрүнүн сырты күйбөй турган, жылуулукту сактоочу материалдар менен капталууга тийиш. Камеранын эшиги жылууланган болууга тийиш.

118-берене. Лифттерге карата өрт коопсуздугунун талаптары

  1. Кыймылынын ылдамдыгы 1 м/сек жана андан ашык болгон автоматтык жылма эшиктери бар жүргүнчүлөр лифттеринин имараттын автоматтык өрт сигнализация тутумдарынан келген сигнал боюнча ишке киришүүчү жана кабинанын кыймылын жүккө жана багытка карабастан, анын негизги токтоочу аянтчасына кайтып келүүсүн, кабинанын жана шахтанын ачылышын жана эшиктердин ачылышын жана ачык абалда кармалып турушун камсыз кылган «өрт коркунучу» иш режими болууга тийиш.

Лифт шахталарындагы эшиктердин өрткө каршылыгы 2-типтен төмөн болбоого тийиш.

  1. Бийиктиги 50 метрден жогору турак жай имараттарында өрт кызматынын бөлүмдөрүн ташууга арналган лифттер каралууга тийиш жана алардын коопсуздугун камсыз кылууга жана атайын талаптарга жооп берүүгө тийиш.
  2. Лифт жабдууларына, түзүлүштөрүнө, отко туруктуулугуна, материалдарына, ошондой эле башкаруу, сигнализация, байланыш жана энергия менен камсыздоо тутумдарына карата талаптар тиешелүү ченемдик укуктук актылардын, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин талаптарына жооп берүүгө тийиш.

30-глава. Электр техникалык продукцияга карата өрт коопсуздугунун талаптары

119-берене. Электр техникалык продукциянын өрт коркунучу жөнүндө маалыматынан карата талаптар

  1. Электр техникалык продукцияны өндүрүүчү бул продукциянын коопсуз колдонулушу үчүн зарыл маалыматты камтыган эксплуатациялоо документтерин иштеп чыгууга милдеттүү.
  2. Электр техникалык продукцияга эксплуатациялоо документтери (анын ичинде паспорттор жана эксплуатациялоо боюнча колдонмо жана д.у.с.) анын өрт коркунучу жөнүндө маалыматты камтууга тийиш.
  3. Электр техникалык продукция коргоо даражасынын класстары боюнча аны колдонуу жаатына ылайык келүүгө тийиш.

120-берене. Электр техникалык продукциянын өрт коопсуздугуна карата талаптар

  1. Электр техникалык продукция тутандыруу булагы болбоого тийиш жана күйүүнүн анын чегинен сырткары таралуусун болтурбоого тийиш.
  2. Электр техникалык продукцияга карата өрт коопсуздугунун талаптары алардын конструкциялык өзгөчөлүктөрүнө жана колдонуу жаатына негизденүү менен тиешелүү ченемдик укуктук актылар жана белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттар менен белгиленет.

Электр техникалык продукцияда пайдаланылуучу конструкциянын элементтери жалындын, ысыган элементтердин, электр жааларынын, кошуучу бириктирүүлөрдөгү жана ток өткөрүүчү көпүрөчөлөрдөгү ысуунун таасирине туруктуу болууга тийиш (трекинг туруктуулук).

Электр техникалык продукция иштин авариялык режимдеринде (чукул туташуу, ашыкча күч келүү) күйүүнүн келип чыгышына жана таралышына бөгөт коюуга тийиш.

Электр техникалык продукциянын кабыгын күйүүнүн ошол кабыктын чегинен тышкары таралышынан коргоо даражасы продукциянын колдонуу жааты менен аныкталышы керек.

Коргоо аппараттары иштин авариялык режимдери келип чыкканда күйүү пайда болгонго чейин электр тармагынын участкасын электр энергиясынын булагынан ажыратууга тийиш.

  1. Электр техникалык продукциянын конкреттүү түрлөрүнө карата өрт коопсуздугунун талаптары белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү улуттук стандарттар менен белгиленет.

121-берене. Электр жабдуусуна карата өрт коопсуздугунун талаптары

Электр жабдуусу күйүүнүн келип чыгышына жана таралышына туруктуу болууга, өрттүн чыгып кетүү ыктымалын жокко чыгарууга жана белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттарга ылайык келүүгө тийиш.

VII БӨЛҮМ. КОРГОО ОБЪЕКТТЕРИНИН ӨРТ КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ КЫЛУУНУН ЖАНА АЛАРДЫН ӨРТ КООПСУЗДУГУНУН ТАЛАПТАРЫНА ЫЛАЙЫКТЫГЫН АНЫКТООНУН НЕГИЗГИ ФОРМАЛАРЫ ЖАНА УСУЛДАРЫ

31-глава. Коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуунун жана алардын өрт коопсуздугунун талаптарына ылайыктыгын аныктоонун негизги формалары жана усулдары

122-берене. Коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуунун жана алардын өрт коопсуздугунун талаптарына ылайыктыгын аныктоонун негизги формалары жана усулдары

Коргоо объекттеринин, продукциянын, долбоорлоо, өндүрүш, курулуш, монтаждоо, жөнгө салуу, эксплуатациялоо, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуунун негизги формалары жана усулдары жана алардын ушул Мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин, ошондой эле белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттардын талаптарына ылайыктыгын аныктоо төмөнкүлөр болуп саналат:

1) өрткө каршы мамлекеттик алдын алуу;

2) экспертиза;

3) мамлекеттик өрт көзөмөлү;

4) объекттерди кабыл алуу жана эксплуатациялоого киргизүү;

5) өндүрүштүк контролдоо;

6) ылайыктуулугун ырастоо;

7) сыноо жана изилдөө;

8) өрт коопсуздугу жаатындагы иштердин айрым түрлөрүн лицензиялоо.

123-берене. Өрткө каршы мамлекеттик алдын алуу

  1. Өрткө каршы мамлекеттик алдын алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тартипте жүзөгө ашырылат жана төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:

1) өрт коопсуздугу жаатындагы негиз болуучу ченемдик укуктук актыларды, шаардык жана айылдык калктуу конуштардын, ошондой эле чарба жүргүзүү объекттеринин өрт коопсуздугун жогорулатуу боюнча негизделген сунуштоолорду иштеп чыгууну;

2) өрттөрдүн келип чыгуу себептерин жоюуга багытталган иш-чараларды жүзөгө ашырууну;

3) мүмкүн болуучу өрттөрдүн таралышын чектөөнү, өрт чыккан учурда адамдарды жана мүлктү ийгиликтүү эвакуациялоо үчүн шарттарды түзүүнү;

4) келип чыккан өрттү өз убагында табууну жана өрт жөнүндө адамдарга тез маалымдоону камсыз кылууну;

5) өрткө каршы кызматтын бөлүмдөрүнүн ыкчам чакырылышын камсыз кылууну жана өрттү ийгиликтүү өчүрүү үчүн шарт түзүүнү.

  1. Өрткө каршы мамлекеттик алдын алуу төмөнкү жолдор менен жүзөгө ашырылат:

1) өрт коопсуздугу жаатында илимий изилдөөлөрдүн жүргүзүлүшүн координациялоо жана уюштуруу;

2) өрттөрдү жана аларга байланыштуу кокустук учурларды териштирүү жана алгачкы текшерүү, болгон өрттөр боюнча эсепке алууну, статистиканы жана тиешелүү талдоону жүргүзүү;

3) окуу сабактарын, тактикалык машыгууларды өткөрүү, кадрларды даярдоо, бөлүмдөргө, ведомстволук жана ыктыярдуу өрттөн коргоо уюмдарына өрттүн алдын алуу иштерин жана күжүрмөн даярдыкты уюштурууга жардам көрсөтүү;

4) өрт коопсуздугу жаатында үгүттөө жана пропагандалоо үчүн багытталган окуу куралдарын жана плакаттарды, буклеттерди, китепчелерди иштеп чыгуу, басып чыгаруу, видеороликтерди, фильмдерди жана анимациялык фильмдерди тартууларды жүргүзүү.

  1. Өрткө каршы мамлекеттик алдын алуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

1) курулушка жер участогун бөлүп берүү, коргоо объекттерин долбоорлоо, куруу, багытын кайра өзгөртүү, кайра пландоо, реконструкциялоо, капиталдык оңдоо, техникалык жактан кайрадан жабдуу жана функционалдык арналышын өзгөртүү стадиясында «Өрткө каршы иш-чаралар» долбоордук документтер бөлүмүн милдеттүү макулдашуу жолу менен андан ары долбоорлоо жана куруу үчүн тиешелүү корутунду берүү менен;

2) чарба жүргүзүү жана турак жай объекттерин эксплуатациялоо стадиясында жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, өлкөбүздөгү өрткө каршы жагдай жөнүндө калкты маалымдоо жолу менен;

3) өрткө каршы коргоонун автоматтык тутумдарын долбоорлоо стадиясында долбоордук документтерди макулдашуу жолу менен, ошондой эле аларды туташтыруу жөнүндө тиешелүү актыны жана ошол тутумдарды сыноо протоколун түзүү жолу менен «101» ыкчам шашылыш кызматынын борбордук пунктуна милдеттүү туташтырууда.

124-берене. Экспертиза

  1. Коргоо объекттеринин, өрткө каршы коргоо тутумдарынын, өрт техникасынын, өрткө каршы жабдуулардын жана өрт-техникалык куралдарын өндүрүш, эксплуатациялоо, сактоо, ташуу, сатып өткөрүү жана утилдештирүү процесстеринин (эксплуатациялоодон чыгаруунун) долбоордук документтеринин экспертизасы шаардык жана айылдык калктуу конуштарды пландоодо, имараттарды, курулмаларды, жеке турак үйлөрдү жана башка коргоо объекттерин долбоорлоодо ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин, белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттардын талаптарына ылайыктуулугуна жүргүзүлөт.
  2. Коргоо объекттерин, коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуу тутумдарын, өндүрүш, эксплуатациялоо, сактоо, ташуу, сатып өткөрүү жана утилдештирүү (эксплуатациялоодон чыгаруу) процесстерин ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин, белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттардын талаптарына ылайыктыгын баалоо үчүн экспертизалар, текшерүүлөр, изилдөөлөр, сыноолор төмөнкүлөр тарабынан жүргүзүлөт:

1) өрткө каршы мамлекеттик алдын алуу органдары;

2) мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн органдары;

3) өрт коопсуздугу жаатындагы аккредитацияланган сыноо лабораториялары.

  1. Жер астындагы иштетүүлөр жана шахталар объекттеринде, темир жол объекттеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан эксаймактык объекттерде коргоонун, улуттук коопсуздуктун, жазык-аткаруу тутумунун, мамлекеттик чек араны коргоонун маселелерин караган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын коргоо объекттеринин, алардын өрт коопсуздугун камсыз кылуу тутумдарынын, өндүрүш, эксплуатациялоо, сактоо, ташуу, сатып өткөрүү жана утилдештирүү процесстеринин экспертизалары, текшерүүлөрү, изилдөөлөрү жана сыноолору тиешелүү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.

125-берене. Өрт коопсуздугунун талаптарын сактоого мамлекеттик өрт көзөмөлү

  1. Өрт коопсуздугун сактоого мамлекеттик өрт көзөмөлү, ушул Мыйзамдын жана өрт коопсуздугу жаатындагы башка ченемдик укуктук актылардын, улуттук стандарттардын, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин талаптарынын менчиктик түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар, чарба жүргүзүү объекттери тарабынан аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
  2. Мамлекеттик өрт көзөмөлү төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

1) коргоо объектин куруу, багытын кайра өзгөртүү, кайра пландоо, реконструкциялоо, капиталдык оңдоо, техникалык кайра жабдуу жана функционалдык арналышын өзгөртүү стадиясында алардын ушул Мыйзамга, өрт коопсуздугу жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларга, улуттук стандарттарга, курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык келүүсүн аныктоо жолу менен, ошондой эле долбоордук документтерди макулдашуу боюнча корутундуларда жана талап каттарда баяндалган чараларды аткаруу жолу менен. Мамлекеттик өрт көзөмөлүн жүргүзүүдө курулуш объекттерин долбоорлоо документтери инспекцияланат.

2) коргоо объекттерин эксплуатациялоонун (турак жай фондун, анын ичинде дачалык багбанчылык бирикмелерин кошпогондо), ошондой эле аларды өрт коопсуздугуна жана ишке жөндөмдүү абалга келтирүү боюнча чараларды көрүү менен өрт-техникалык текшерүүлөрдү жүргүзүү жолу менен өрт коопсуздугун камсыз кылуунун автоматтык тутумдарын эксплуатациялоонун стадиясында. Өрткө каршы коргоонун автоматтык тутумдары эксплуатацияга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилеген тартипте кабыл алынат.

  1. Ушул Мыйзамда, өрт коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларында белгиленген ченемдерди бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жана администрациялык жоопкерчиликке алып келет.
  2. Өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо үчүн төмөнкүлөр жоопкерчилик тартышат:

1) долбоорлоодо — объектти түздөн түз долбоорлогон адамдар жана долбоорлоо уюму;

2) долбоорлоо документтерине мамлекеттик өрт-техникалык экспертизасын жүргүзүүдө — экспертиза жүргүзгөн адам жана экспертиза жүргүзгөн мамлекеттик органдын жетекчилиги;

3) курууда — курулуш уюму, архитектуралык-курулуш жана өрт көзөмөлүн жүзөгө ашырган мамлекеттик органдар жана бул көзөмөлдү түздөн түз жүзөгө ашыруучу адам;

4) эксплуатациялоодо — жеке жак, чарба жүргүзүүчү субъект, объектти эксплуатациялоочу адам, мамлекеттик өрт көзөмөлүн жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган жана бул көзөмөлдү түздөн түз жүзөгө ашыруучу адам.

126-берене. Коргоо объекттерин кабыл алуу жана эксплуатациялоого киргизүү

  1. Коргоо объекттерин кабыл алуу жана эксплуатациялоого киргизүү мамлекеттик комиссиянын эксплуатациялоого кабыл алуу актысынын негизинде жүзөгө ашырылат, анын курамы жана иш тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
  2. Коргоо объекттерин кабыл алууда жана эксплуатациялоого киргизүүдө ушул Мыйзамдын талаптарынын, ошондой эле өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдар тарабынан берилген корутундулардын жана талап каттардын аткарылышы текшерилет.
  3. Коргоо объекттерин кабыл алуу жана эксплуатациялоого киргизүү тартиби жана жол-жобосу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

127-берене. Өрт коопсуздугунун талаптарын сактоого өндүрүштүк контроль

  1. Продукцияны өндүрүү, сактоо, ташуу жана сатып өткөрүү, жумуш аткаруу жана кызмат көрсөтүүлөр процессинде ушул Мыйзамдын жана өрт коопсуздугу жаатындагы башка ченемдердин жана эрежелердин, техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын өндүрүштүк контролдоо жеке ишкерлер жана менчигинин формасына карабастан, мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын жооптуу адамдары тарабынан өз алдынча жүзөгө ашырылууга тийиш.
  2. Коргоо объекттеринде өндүрүштүк контролдоо төмөнкү максаттарда жүзөгө ашырылууга тийиш:

1) өрт коопсуздугунун абалын баалоо;

2) өрттөн коргоо тутумдарынын, жабдуулардын жана инвентарлардын иштешин аныктоо;

3) продукциянын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн, аларды өндүрүү процесстеринин өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештиги ылайыктыгын камсыз кылуу;

4) өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо;

5) мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн талап каттарында каралган иш-чараларды аткаруу.

  1. Өндүрүштүк контролдоо төмөнкүлөрдү караган программа боюнча жүргүзүлөт:

1) уюмдарда алардын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл өрт коопсуздугу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын, расмий басып чыгарылган жана актуалдаштырылган версияларынын болушун;

2) зарыл сыноолорду (лабораториялык изилдөөлөрдү) жүргүзүүнү;

3) чийки заттардын, жарым фабрикаттардын, даяр продукциянын өндүрүү, сактоо, ташуу, сатып өткөрүү жана утилдештирүү процесстеринин ушул Мыйзамдын, башка ченемдик укуктук актылардын жана белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттардын талаптарына ылайык келүүсүн;

4) ылайыктыгын баалоонун тиешелүү формаларынын натыйжалары боюнча зарыл документтердин (продукциянын катталгандыгы жөнүндө күбөлүктөрдүн, сыноо протоколдорунун, ылайыктыгы жөнүндө декларациянын, өрт коопсуздугуна декларацияларынын, сертификаттарынын жана белгилүү продукция үчүн аныкталган ылайыктыгы жөнүндө башка күбөлүктөрдүн) болушун;

5) кызмат адамдарына жана жумушчуларга өрт коопсуздугунун чараларын үйрөтүүнү уюштурууну жана алардын белгиленген талаптарга ылайыктыгын аттестациялоону;

6) эвакуациялоо боюнча, айрыкча мектепке чейинки жана билим берүү мекемелеринде, ооруканаларда, администрациялык жана коомдук ири имараттарда окуу айгайын өткөрүүнү;

7) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттарга ылайык өрт коопсуздугун камсыз кылуу жаатында эсеп жүргүзүүнү жана отчеттуулукту.

  1. Өндүрүштүк контролду жүзөгө ашыруучу адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, анын өз убагында жүргүзүлүшү, толуктугу жана аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартылат.

128-берене. Ылайыктыгын ырастоо

  1. Кыргыз Республикасынын аймагында коргоо объекттеринин өрт коопсуздугунун талаптарына ылайыктыгын ырастоо Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы мыйзамдарында белгиленген тартипте ыктыярдуу же милдеттүү тартипте жүзөгө ашырылат.
  2. Өрт коркунучу бар продукция, коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуу тутумдары жана каражаттары, имараттар менен курулмалардын конструкциялык жана көлөмдүк-пландык чечилиштери, өрт техникасы, жабдуулар жана өрт-техникалык куралдар өрт коопсуздугунун талаптарына ылайыктыгына милдеттүү түрдө ырасталууга тийиш, буларга карата талаптар ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы башка ченемдик укуктук актылары, курулуш ченемдери жана эрежелери, ошондой эле белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттар менен белгиленет.

Кыргыз Республикасынын аймагында ушул бөлүктө көрсөтүлбөгөн коргоо объекттеринин өрт коопсуздугунун талаптарына ылайыктыгын ырастоо Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы мыйзамдары аныктаган тартипте ыктыярдуу тартипте жүзөгө ашырылат.

  1. Коргоо объекттеринин, продукциянын жана жабдуулардын ылайыктыгын ырастоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

129-берене. Изилдөө (сыноо)

Изилдөө (сыноо) өрт-жарылуу коркунучу жана өрт кооптуулугу бар заттар менен материалдардын; курулуш, текстиль жана булгаары материалдарынын көрсөткүчтөрүн жана классификациясын аныктоого багытталган техникалык иш-чаралардын комплексин; курулуш конструкцияларынын, өрткө каршы бөгөттөрдүн өрт-техникалык классификациясын; өрт коопсуздугун камсыз кылуу тутумдарынын колдонуудагы стандарттарга жана ченемдерге ылайыктыгын аныктоону; ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларына жана белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттарга ылайык илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүнү өзүнө кашыйт.

130-берене. Лицензиялоо

Өрт коопсуздугу жаатындагы иш процессинде иштин айрым түрлөрүн жана иш-аракеттерди лицензиялоо Кыргыз Республикасынын лицензиялык уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

32-глава. Корутунду жоболор

131-берене. Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу

Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) «Өрт коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламент» Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 142 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1045-ст.);

2) «Өрт коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламент» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 2-июлундагы № 109 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 685-ст.).

132-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин Тоо» газетасынын 2016-жылдын 17-июнунда N 53 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти   А.Атамбаев
     
2016-жылдын 28-апрелинде   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

Print Friendly, PDF & Email