Кыргыз Республикасында өзгөчө жана кризистүү кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасы жөнүндө ЖОБО

0
1 486 просмотров
    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 3-январындагы
N 1 токтому менен
бекитилген

Кыргыз Республикасында өзгөчө жана кризистүү кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасы жөнүндө
ЖОБО

  1. Жалпы жоболор
  2. Бул Жобо Кыргыз Республикасында өзгөчө жана кризистүү кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасын (мындан ары — бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасы) уюштуруу жана анын иштешин камсыз кылуу тартибин аныктайт.
  3. Бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасы Жарандык коргонуусунун мамлекеттик системасынын (мындан ары — ЖКМС ) башкаруу органдарынын ишин автоматташтырууга; маалыматтык ресурстарды интеграциялоонун негизинде Жарандык коргонуу маселелери боюнча башкаруу чечимдерин кабыл алуунун оперативдүүлүгүн, ишенимдүүлүгүн, негиздүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга; ЖКМСнын күчтөрүн жана каражаттарын башкаруу процессин кеңири жана ар тараптан автоматташтырууга; өзгөчө жана кризистүү кырдаалдар жөнүндө башкаруу чечимдерин жана эрте маалымдоо сигналдарын башкаруу органдарына жана калкка жеткирүүгө арналган.
  4. Бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасы күчтөрдүн жана байланыш каражаттарынын, кабарлоонун, кабар берүү тармактарынын, системанын негизги милдеттеринин аткарылышын камсыз кылуучу жалпы пайдалануудагы байланыш тармагынын каналдарынын жана ведомстволук байланыш тармактарынын уюштуруу-техникалык бирикмесин түшүндүрөт.
  5. Бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасынын негизги милдети аткаруу бийлигинин республикалык органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын өзгөчө жана кризистүү кырдаалдарда иштөөдө тыгыз байланышууну камсыз кылуу болуп саналат.
  6. Бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасын жетектөө
  7. Республикалык масштабдагы өзгөчө кырдаалдарда жана күндөлүк ишинде бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасынын ишин координациялоо Кыргыз Республикасынын Президенти — Куралдуу Күчтөрдүн Башкы Колбашчысы тарабынан аткаруу бийлигинин республикалык органдарын, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана уюмдарды тартуу менен ишке ашырылат.

Бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасына жалпы жетекчилик кылуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри — Жарандык коргонуунун начальниги тарабынан ишке ашырылат жана аймактык-өндүрүштүк принцип боюнча уюштурулат.

Бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасынын күндөлүк ишиндеги жетекчилик Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрине — Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиясынын төрагасынын орун басарына жүктөлөт.

Аткаруу бийлигинин органдарында, уюмдарда жана кызматтарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасына жетекчилик кылууну кызмат орду боюнча аталган органдардын жана уюмдардын Жарандык коргонуусунун начальниги болуп эсептелген алардын жетекчилери ишке ашырышат.

Облустардын, райондордун, шаарлардын жана айыл округдарынын аймагында бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасына жетекчилик кылуу кызмат орду боюнча аймактык Жарандык коргонуунун начальниги болуп эсептелген жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери тарабынан ишке ашырылат.

Бардык деңгээлдеги бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасынын жетекчилери ЖКМСнын ишин башкарууну сапаттуу уюштуруу жана тиешелүү аймактардагы тармактарда жана объектилерде Жарандык коргонуу иш-чараларын ишке ашыруу үчүн жеке жоопкерчиликти өздөрүнө алышат.

  1. Бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасынын башкаруу органдары
  2. Бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасынын күндөлүк башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

— республикалык деңгээлде — Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары — КР ӨКМ) Кризистүү кырдаалдарда башкаруу борбору;

— аймактык деңгээлде — КР ӨКМнын облустук башкармалыктарынын кризистүү кырдаалдарда башкаруу борборлору жана тиешелүү диспетчердик кызматтары.

  1. Бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасынын башкаруу органдарынын иши жагдайга жараша пайдаланууга дайыма даяр абалында кармалуучу башкаруунун, кабарлоонун жана турмуш-тиричиликти камсыздоонун заманбап маалыматтык-телекоммуникациялык каражаттары менен жабдылган башкаруунун стационар же көчмө пункттарында ишке ашырылат.
  2. Инновациялык маалыматтык технологиянын негизинде түзүлгөн КР ӨКМдин Кризистүү кырдаалдарда башкаруу борбору төмөнкү тапшырмалардын комплексин чечүүнү камсыз кылат:

1). Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жагында:

— табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды болжолдоону өз убагында талдоо, мониторинг жүргүзүү жана моделдөө;

— сейсмикалык абалга, уулуу жана радиоактивдүү калдыктары бар объектилерге, транс чек аралык суу ресурстарына, анын ичинде транс чек аралык мүнөздөгү жана бийик тоолуу көлдөрдүн жырылуусуна мониторинг жүргүзүү жана кыска мөөнөттүү болжолдоо;

— окуялардын өнүгүшүн андан ары жалпылоо жана болжолдоо үчүн кооптуу табигый процесстер, өзгөчө жана кризистүү кырдаалдар жөнүндө маалыматтардын бириккен банктарын түзүү.

2). Өзгөчө кырдаалдарга оперативдүү чара көрүү жана кесепеттерин жоюу жагында:

— өзгөчө кырдаалдын коркунучу же пайда болуу фактысы жөнүндө оперативдүү маалыматты байланыштын бардык түрү боюнча чогултуу;

— бардык келип түшкөн маалыматты талдоо, анын тууралыгын же өзгөчө кырдаалдын көлөмүн аныктоо;

— чара көрүү жана кабарлоо үчүн зарыл болгон күчтөрдү жана каражаттарды тиешелүү бөлүмдөр менен бирдикте аныктоо;

— өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча операцияларды ыкчам пландаштыруу жана башкаруу;

— улуттук жана аймактык деңгээлде ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү уюштуруу, министрликтер менен ведомстволордун, авариялык-куткаруу командаларынын жана шашылыш кызматтардын оперативдүү топторунун аракеттерин координациялоо.

  1. Кыргыз Республикасындагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча Жарандык коргонуу жетекчилерин жана калкты маалыматтык камсыздоо жана кабарлоо бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасынын ажырагыс курамдык бөлүгү болуп саналган калкты маалымдоо жана кабарлоо жалпы мамлекеттик комплекстүү системасын (мындан ары — КМКЖКТ) колдонуу менен ишке ашырылат.

Кризистүү кырдаалдардын келип чыгуу коркунучу жөнүндө калкты маалымдоону жана кабарлоону өркүндөтүү; Жарандык коргонуу жагында калктын даярдыгынын натыйжалуулугун жогорулатуу; өрт коопсуздугун жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу; жарандарды өзгөчө кырдаалдар жана террористтик акциялардын коркунучу жөнүндө жарандарды өз убагында кабарлоо жана оперативдүү маалымдоо; заманбап техникалык каражаттарды жана технологияларды пайдалануунун негизинде эл көп болуучу жайлардагы укуктук тартиптин жагдайына жана абалына мониторинг жүргүзүү КМКЖКТны түзүүнүн максаты болуп саналат.

  1. КМКЖКТга төмөнкү негизги милдеттерди чечүү жүктөлгөн:

1) өзгөчө кырдаалдар жөнүндө кепилдик берүүчү кабарлоо мөөнөтүн кыскартуу;

2) өзгөчө кырдаалдардын коркунучунда жана келип чыккан убактысында калктын коопсуз жүрүм-турум эрежелери боюнча маалымдоонун оперативдүүлүгүн жогорулатуу;

3) жашоо тиричиликтин коопсуздугу тармагында калктын даярдыгынын деңгээлин жогорулатуу;

4) жашоо тиричилик коопсуздугунун маданиятынын деңгээлин жогорулатуу;

5) өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен жабыр тарткан калкты тез арада калыбына келтирүү максатында маалыматтык таасир кылуунун иштиктүүлүгүн арттыруу;

6) эл көп болуучу жайлардагы укуктук тартиптин абалына, радиациялык жана химиялык жагдайга мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу.

  1. ЖКМТнын бардык деңгээлдеги кабарлоонун маселелерин чечүү үчүн кабарлоонун борбордоштурулган атайын системалары түзүлөт жана 118 — бирдиктүү шыр байланыш мүмкүнчүлүктөрү пайдаланылат. Келечекте бул байланыш (Бирдиктүү мамлекеттик диспетчердик-нөөмөт кызматына — 101 (БМДНК) кайра өзгөртүп түзүлөт.

Кабарлоонун системасы түзүлгөн ЖКМТнын бир нече деңгээлин айырмалашат — республикалык, аймактык, жергиликтүү жана объекттик. Калкты түздөн-түз кабарлоо менен байланышкан негизги деңгээлдер болуп аймактык, жергиликтүү жана объекттик деңгээлдер эсептелет.

Кабарлоону уюштуруу жана иш жүзүнө ашыруу үчүн жоопкерчилик кызмат орду боюнча тиешелүү деңгээлдеги Жарандык коргонуунун начальниги болуп саналган аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерине жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын башчыларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жүктөлөт.

  1. 118 — бирдиктүү шыр байланыш төмөнкүлөр үчүн арналган:

— башкаруу сигналдарын жана ЖКМТнын аймактык системасынын иштөө режиминин өзгөрүүсүнө сигналдарды кабыл алуу-берүү;

— калктан жана уюмдардан өрт, кыйроолор, бүлгүндөр, табигый кырсыктар жана башка өзгөчө кырдаалдар жөнүндө билдирүүлөрдү кабыл алуу;

— ведомстволук диспетчердик-нөөмөт кызматтарынын биргелешкен аракеттерине оперативдүү чара көрүү жана координациялоо;

— өрттөн сактоо гарнизонунун күчтөрүн жана каражаттарын, дайыма даярдыктагы Жарандык коргонуунун авариялык-куткаруу, издөө-куткаруу жана башка күчтөрүн оперативдүү башкаруу.

  1. Бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасын каржылоо
  2. Бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасын каржылоо ар бир деңгээлде уюмдардын тиешелүү бюджетинин эсебинен ишке ашырылат.

Калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жана бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасынын туруктуу иштөөсүн камсыздоо боюнча максаттуу программаларды каржылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.

КР ӨКМнын Кризистүү кырдаалдарды башкаруу борборун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кырдаалдар залын түзүү жана өнүктүрүү эл аралык финансы институттарынын техникалык жардамын тартуу жана Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен тең каржылоо аркылуу ишке ашырылат.

КР ӨКМнын Кризистүү кырдаалдарды башкаруу борборун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кырдаалдар залын каржылоо жана материалдык камсыздоо тиешелүү уюмдардын бюджетинин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.

Бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча милдеттерди этабы менен чечүү максатында табигый кырсыктардын жана бүлгүндөрдүн коркунучун кыскартуу маселелери менен алектенген эл аралык жана башка уюмдардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн чечими боюнча белгиленген тартипте демөөрчүлүк жана кайрымдуулук салымдары пайдаланышы мүмкүн.

Print Friendly, PDF & Email