Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө ЖОБО

0
1 334 просмотров

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2006-жылдын 8-августу N 154

Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө

(КР 2017-жылдын 30-январындагы N 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

(Преамбула КР 2017-жылдын 30-январындагы N 16 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

I глава
Жалпы жоболор

1-статья. Ушул Мыйзамдын максаттары

Ушул Мыйзамдын максаттары:

а) Кыргыз Республикасынын гидрометеорология тармагынын координацияланган натыйжалуу иштөөсүн укуктук жактан камсыз кылуу;

б) гидрометеорология иши жагындагы колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерин эларалык укуктук ченемдерге ылайыкташтыруу;

в) (КР 2017-жылдын 30-январындагы N 16 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2017-жылдын 30-январындагы N 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-статья. Гидрометеорология ишин жүзөгө ашыруу тартиби

Гидрометеорология иши өлкөнүн бүткүл аймагында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, ушул Мыйзамдын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде бирдиктүү тартипте жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын аймагында гидрометеорология иши жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясынын чегинде алар менен эриш-аркак жүзөгө ашырылат жана мамлекеттин, жеке жана юридикалык жактардын гидрометеорология маалыматына, ошондой эле жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн булганышы жөнүндөгү маалыматка муктаждыктарын камсыз кылууга багытталган.

(КР 2017-жылдын 30-январындагы N 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-статья. Гидрометеорология иши жагындагы ыйгарым укуктуу орган

Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши гидрометеорологиялык иш жагындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укуктуу орган тарабынан (мындан ары -атайын ыйгарым укуктуу орган) жүзөгө ашырылат.

Ыйгарым укуктуу орган метеорология, климатология, гидрология, гляциология, агрометеорология, жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн булганышынын мониторинги жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы, анын булганышы жана гидрометеорологиялык табигый кырсыктар жөнүндө маалымат берүү жагындагы иштердин комплекстерин аткарууну камсыз кылуучу өзара байланышкан уюштуруу-технология тутумун билдирет.

(КР 2017-жылдын 30-январындагы N 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр жана терминдер

Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:

гидрометеорология иши — гидрометеорология, метеорология, климатология, агрометеорология, аэрология, гидрология, гляциология, анын ичинде жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалынын жана анын булганышынын мониторинги, ошондой эле жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы жөнүндө мамлекеттин, жеке жана юридикалык жактардын керектөөлөрүн камсыз кылуу жагындагы иштин бардык түрү;

гидрометеорология ишинин катышуучусу — колдонуудагы мыйзамдарга карама-каршы келбеген, гидрометеорология жагындагы иштин бир же бир нече багыттары боюнча ишти жүзөгө ашырган юридикалык же жеке жак;

жаратылыш айлана-чөйрөсү — атмосфера, кыртыш, өсүмдүктөр, үстүңкү катмар, мөңгүлөр менен бирге кургак жердин үстүндөгү суулар;

жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалынын мониторинги — метеорология, климатология, аэрология, гидрология, гляциология, гелиогеофизика жана агрометеорология мүнөздөрү жана чен-өлчөмдөрү боюнча баа берүү максатындагы атмосфералык абанын, суунун жана кыртыштын үстүнкү абалына узак мөөнөттүү инструменталдык жана көз менен көрүп байкоо жүргүзүү;

байкоо жүргүзүү тармагы — жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалына байкоо жүргүзүүнүн туруктуу жана көчмө пункттарынын тутуму (станциялар, посттор, лабораториялар, борборлор, обсерваториялар);

мамлекеттик байкоочу тармак — ыйгарым укуктуу органдын байкоочу тармагы;

(8-абзац КР 2017-жылдын 30-январындагы N 16 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалына байкоо жүргүзүүнүн туруктуу пункту (мындан ары — байкоо жүргүзүүнүн туруктуу пункту) — жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн мүнөздөрүн жана анын булганышын аныктоого арналган приборлор менен жабдуулар орнотулган жер участогун же анын жака-белин камтыган комплекс;

жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалына байкоо жүргүзүүнүн кыймылдуу пункт (мындан ары — байкоо жүргүзүүнүн кыймылдуу пункту) — жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн мүнөздөрүн жана анын булганышын аныктоого арналган приборлор менен жабдуулар орнотулган платформаны (автомобиль транспорту, кеме же сүзүп жүрүүчү башка каражат, бир жерден экинчи жерге жетүү каражаты) өзүнө камтыган комплекс;

жетүүгө кыйын болгон станциялар менен посттор — татаал табигый, географиялык шарттардагы шаар жана айыл конуштарынан кыйла алыста жайгашкан станциялар менен посттор;

жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы жөнүндөгү маалыматтар — айлана-чөйрөнүн жана анын булганышынын абалынын мониторингинин натыйжасында алынган кабарлар (маалыматтар);

маалымат продукциясы — жайылтууга же ишке ашырууга арналган кабарларды (маалыматтарды) жалпылоонун натыйжасында алынган маалымат;

маалымат продукциясын берүүчү — айлана-чөйрөнүн абалынын мониторингинин натыйжасында алынган жалпыланган кабарларды (маалыматтарды) салыштырып даярдоону жүзөгө ашыруучу жеке же юридикалык жак;

болжолдоо — азыркы жана мурдагы шарттарды талдоонун негизиндеги келечектеги абал жана өзгөрүүлөр жөнүндө болжолдордун илимий негиздеги түзүлүшү;

аба ырайын болжолдоо — табияттын келечектеги абалы жөнүндөгү илимий жактан негизделген болжолдорду түзүү;

коркунучтуу (табигый) гидрометеорологиялык көрүнүштөр — калктын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч келтирүүчү жана күчтүүлүгү, пайда болуучу убактысы, узактыгы жана таралган аянтына жараша айлана-чөйрөгө жана өлкөнүн улуттук экономикасына тигиндей же мындай материалдык зыян келтирген же келтирүүсү мүмкүн болгон табигый кырсыктар;

шашылыш кабар (аба ырайынын бузулушу тууралу эскертүү) — калктын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч келтириши, жаратылыш айлана-чөйрөсүнө жана өлкөнүн экономикасына зыян келтириши мүмкүн болгон жаратылыштын коркунучтуу гидрометеорологиялык көрүнүштөрү жана жаратылыш чөйрөсүнүн чукул күчтүү булганышы жөнүндө токтоосуз берилүүчү маалымат;

көпчүлүк пайдалануучу маалымат — Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте алынган жана чогултулган, иш жүзүндөгү жана болжолдуу маалымат;

адистештирилген маалымат — пайдалануучунун (керектөөчүнүн) тапшырыгы боюнча жана анын каражатынын эсебинен берилүүчү маалымат;

атайын дайындама иштери — жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде аткаруу бийлик органдарынын тапшырыгы боюнча аткарылуучу иштер жана изилдөөлөр;

активдүү таасир көрсөтүү — жөнгө салуу жана калкка жана экономикага зыян келтириши мүмкүн болгон процесстерди жөнгө салуу жана азайтуу максатындагы метеорологиялык жана башка геофизикалык процесстерге таасир этүү;

жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы, анын булганышы жөнүндөгү маалыматтар фонду — узак мөөнөттө пайдаланууга жана сакталууга тийиш болгон кабарлардын (маалыматтардын) жана маалымат продукциясынын жыйындысы;

гидрометеорология маалыматтарынын жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн булганышы жөнүндөгү маалыматтардын мамлекеттик фонду — Кыргыз Республикасынын аймагындагы инструменталдык байкоолордун ичинде жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн булганышы жөнүндөгү ретоспектүү (тарыхый) гидрометеорологиялык маалыматтар;

гидрология — жер үстүндөгү суулар жөнүндө илим;

метеорология — атмосфера, анын түзүлүшү, касиеттери жана андагы жүрүп жаткан табигый процесстер жөнүндөгү илим;

гидрометеорология — метеорологиялык жана ошондой эле гидрологиялык режимдерге тиешеси бар процесстерди караштыруучу чегара илиминин тармагы;

агрометеорология — айыл чарба маанисиндеги атмосфералык шарттарды изилдеген метеорологиялык колдонмо илимдин тармагы;

репрезентативдүүлүк — чоң аймактагы гидрологиялык жана метеорологиялык маалыматтардын мүнөздүүлүгү жана көрсөткүчтүгү;

аэрология — эркин атмосфераны изилдөөнүн методдору жөнүндөгү илим, эркин атмосфера табияты;

гляциология — мөңгүлөрдүн, алардын келип чыгышынын жана эволюциясынын табигый касиеттери жөнүндө, алардын географиялык түзүлүштүн башка курамдары менен байланыштары жөнүндөгү илим;

климат — географиялык абалына жараша ошол жер үчүн мүнөздүү болгон атмосфералык шарттардын системалык режими;

климатология — климат жөнүндөгү илим;

репердик станция — негизги станция;

аба ырайы — метеорологиялык элементтердин толук мүнөздөмөлөрүн мүнөздөгөн атмосферанын үзгүлтүксүз өзгөрүп туруучу абалы;

улуттук гидрометеорология тутуму — мамлекеттик жана ведомстволук гидрометеорологиялык уюмдардын жана кызматтардын, гидрометеорология маалыматын жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы айлана-чөйрөнүн абалы, анын булганышы жөнүндөгү маалыматтын башка өндүрүүчүлөрүнүн жыйындысы;

маалымат продукциясын керектөөчүлөр (пайдалануучулар) — Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары, анын ичинде мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле жарандыгы жок адамдар, чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар;

гидрометеорология маалыматын түзүүчүлөр — жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалына ар түрдүү мониторингди жана гидрометрология маалыматын түзүүнү жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар;

аба ырайын болжолдоо тууралуу эрте кабарлоо тутуму — юридикалык жана жеке жактарга күн мурунтан аба ырайын болжолдоо тууралуу (жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн болуп жаткан же божомолдоно турган абалы, болжолдонуучу кооптуу табият кырсыгы жана башталып жаткан табигый жаратылыш кубулушу жөнүндө) маалыматты берүүнү камсыз кылган күчтөрдүн жана аба ырайын болжолдоочу адистештирилген техникалык каражаттар менен электр байланыш түйүндөрүнүн уюштуруу-техникалык бирикмеси.

(КР 2017-жылдын 30-январындагы N 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5-статья. Гидрометеорология ишине катышуучулар

Ыйгарым укуктуу орган, анын аймактык органдары жана уюмдары, маалымат продукцияларын түзүүчүлөр жана керектөөчүлөр (пайдалануучулар) гидрометеорология ишине катышуучулар болуп саналышат.

(КР 2017-жылдын 30-январындагы N 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5-1-статья. Улуттук гидрометеорология тутуму

Улуттук гидрометеорология тутумуна төмөндөгүлөр кирет:

а) Мамлекеттик гидрометеорология кызматы — гидрометеорология жагындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган;

б) Кыргыз Республикасынын ведомстволук гидрометеорология уюмдары, кызматтары жана башка мамлекеттик органдарынын бөлүмчөлөрү;

в) маалымат продукцияларын түзүүчү жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалына жана анын булганышына ар түрдүү байкоону жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактар.

Мамлекеттик гидрометеорология кызматы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде гидрометеорология ишинин кандай болбосун түрүн жүзөгө ашырууга укуктуу. Ведомстволук гидрометеорология уюмдары жана кызматтары, юридикалык жана жеке жактар гидрометеорология ишин мамлекеттик гидрометеорология кызматы менен эриш-аркак гидрометеорология ишин жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобонун талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген маалымат продукциясын түзүүчүлөрдүн мамлекеттик реестрине ылайык жүзөгө ашырышат.

(КР 2017-жылдын 30-январындагы N 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-статья. Гидрометеорология жагындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу принциптери

Гидрометеорология жагындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруунун принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:

а) жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалына жана анын булганышына байкоо жүргүзүүнүн комплекстүүлүгү, глобалдуулугу жана үзгүлтүксүздүгү;

б) эгерде мындай гидрометеорология чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдарда же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралса, Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жерлерде байкоо жүргүзүү, маалымат чогултуу, талдоо, жалпылоо, сактоо жана таратуу процесстеринин технологиялык биримдиги;

в) жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн мониторингин мамлекеттик ички жана эл аралык гидрометеорология тутуму менен интеграциялоо;

г) жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн иш жүзүндөгү жана күтүлүүчү абалы жөнүндөгү маалыматты максималдуу натыйжалуу пайдаланууга жетишүү;

д) жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы жана анын булганышы жөнүндөгү маалыматтын аныктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.

(КР 2017-жылдын 30-январындагы N 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

II глава
Гидрометеорологиялык кызматтын ишинин укуктук негиздери

7-статья. Маалымат берүү

(1-бөлүк КР 2017-жылдын 30-январындагы N 16 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(2-бөлүк КР 2017-жылдын 30-январындагы N 16 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(3-бөлүк КР 2017-жылдын 30-январындагы N 16 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(4-бөлүк КР 2017-жылдын 30-январындагы N 16 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Шашылыш (бороон-чапкын) гидрометеорологиялык маалыматты билдирүүнү ыйгарым укуктуу орган гана жүзөгө ашырат.

Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жайылтылуучу гидрометеорология продукциясынын божомолдору жана башка маалыматтары ыйгарым укуктуу орган тарабынан гана чыгарылат.

(КР 2017-жылдын 30-январындагы N 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

III глава
Гидрометеорология жагындагы ишти мамлекеттик жөнгө салуу

8-статья. Гидрометеорология жагындагы мамлекеттик ишти жөнгө салууну жүзөгө ашыруунун тартиби

(КР 2017-жылдын 30-январындагы N 16 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

9-статья. Ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктары

Ыйгарым укуктуу органдын гидрометеорология ишиндеги ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

а) калкты гидрометеорологиялык табигый көрүнүштөрдөн коргоо, алар тарабынан келтирилиши мүмкүн болгон залалдын алдын алуу же төмөндөтүү үчүн жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн мониторингин жүзөгө ашыруу;

б) калктын, экономиканын жана аткаруу бийлик органдарынын гидрометеорология маалыматына жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн булганышы жөнүндө маалыматка болгон керектөөлөрүн канааттандыруу;

в) өнөр жай-чарбачылык объекттерин долбоорлоону, курууну жана пайдаланууну, улуттук экономиканын узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн стратегиясын иштеп чыгууну гидрометеорологиялык негиздөө үчүн керектүү гидрометеорология маалыматтарынын Мамлекеттик фондун түзүү жана башкаруу;

г) байкоо жүргүзүү тармагын гидрометеорология маалыматын алууну, чогултууну, иштеп чыгууну жана таратууну камсыз кылуучу приборлор жана жабдуулар менен жабдуу;

д) Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлүп жаткан метеорология, агрометеорология жана гидрология шарттары жөнүндө, ошондой эле жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн булганышы жөнүндө маалыматтарга дайыма талдоо жүргүзүү жана жалпылоо, режимдик жана маалымат материалдарын даярдоону жана басып чыгарууну камсыз кылуу;

е) гидрометеорология жагында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;

ж) жер үстүндөгү суу ресурстарын (сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрү боюнча) жана аларды бирдиктүү тутум боюнча пайдаланууну мамлекеттик эсепке алууну жүзөгө ашыруу, суу кадастрын киргизүү;

з) мөңгүлөрдүн, кар көчкүлөрүнүн мамлекеттик мониторингин жүргүзүүнү жана эсепке алууну жүзөгө ашыруу, алардын кадастрларын жүргүзүү;

и) метеорология жана стандартташтыруу эрежелеринин сакталышын камсыз кылуу, өлчөө каражаттарына ички метрологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу;

й) тапшырыкчылардын табыштамалары боюнча келишимдик негизде адистештирилген маалыматтарды берүү;

к) гидрометеорологиялык байкоо жүргүзүүнүн бүткүл дүйнөлүк тутумунун алкагында эл аралык маалымат алмашууга катышуу;

л) улуттук гидрометеорология тутумун калыптандыруу, иштешин жана өнүгүүсүн камсыз кылуу жана мамлекеттик гидрометеорология кызматынын тутумуна кирбеген, бирок жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалына жана анын булганышына байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырган гидрометеорология ишинин катышуучуларынын ишин координациялоо, маалымат продукциясын түзүүчүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү;

м) гидрометеорология маалыматын жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы, анын булганышы жөнүндө маалыматты түзүү жана аларды чогултуунун, иштеп чыгуунун, талдоонун, сактоонун жана пайдалануунун бирдиктүү, өз ара байланышкан мамлекеттик чакан тутумунун иштешин камсыз кылуу;

н) эл аралык, улуттук, региондук жана жергиликтүү деңгээлдердеги гидрометеорология иштеринин тизмегин аныктоо, алардын аткарылышын камсыз кылуу жана расмий болжолдорду, башка гидрометеорология продукцияларын, жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалын жана анын булганышын баалоо боюнча маалыматтарды берүү;

о) байкоо жүргүзүүнүн, эсептөөлөрдүн, болжолдоолордун методдорунун, маалыматтардын жана продукциянын, гидрометеорология иштеринин аткарылышын контролдоо каражаттарынын биримдигин жана салыштырылышын камсыз кылуу.

(КР 2017-жылдын 30-январындагы N 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

IV глава
Гидрометеорология ишин каржылоо

10-статья. Гидрометеорология жагындагы ишти финансы жагынан камсыз кылуу тартиби

Гидрометеорология тармагындагы иш:

а) мамлекеттик бюджеттин;

б) атайын каражаттардын (адистештирилген маалыматтарды керектөөчүлөрдүн төлөмдөрүнөн) эсебинен каржыланат.

  1. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен улуттук мааниге ээ болгон гидрометеорология ишинин түрлөрү, бүткүл дүйнөлүк метеорология уюмуна, гидрометерология жагындагы мамлекеттер аралык дагы башка уюмдарга төлөмдөр, табигый, ошондой эле жаратылыш кырсыктарынын, авариялардын жана кыйроолордун табигый кесепеттерин жоюу боюнча атайын иштер каржыланат.
  2. Гидрометеорология ишин каржылоонун көлөмү республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен аныкталат.
  3. Гидрометеорология иши бюджеттик каражаттардын эсебинен каржылануучу иштерди аткарууга зыян келтирбеген юридикалык жана жеке жактардын тапшырыктары боюнча келишимдик негизде жүзөгө ашырылышы мүмкүн, ошондой эле жаратылышты коргоо программаларын аткаруунун алкагында экологиялык жана башка фонддордун эсебинен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
  4. Гидрометеорология жагындагы башка иштер республикалык бюджеттин эсебинен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан каржыланышы мүмкүн.

11-статья. Гидрометеорология жагында пайдаланылуучу мүлктү коргоо

  1. Ыйгарым укуктуу органдын станцияларын жана постторун жайгаштыруу үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте жер участкалары пайдаланууга берилет.
  2. Гидрометеорологиялык станциялардын жана посттордун тегерегинде репрезентативдик жана үзбөй байкоо жүргүзүү максатында мыйзамдарда белгиленген тартипте коргоо аймактары орнотулат.
  3. Гидрометеорологиялык станциялардын жана посттордун коргоо аймактарынын чегинде жайгашкан жер участоктору жана суу мейкиндиктери жер пайдалануучулардан жана суу пайдалануучулардан тартып алынбайт, алар ушул аймактарда иштерди аткаруу эрежелерине ылайык пайдаланылат.
  4. Репердик (негизги) жана эзелтен берки гидрометеорологиялык жор участоктору жана посттору тартып алынууга тийиш эмес. Гидрометеорологиялык станцияларга жана постторго бекитилип берилген жер участоктору мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн өзгөчө учурларда алынып коюлушу мүмкүн, мында байкоо жүргүзүүчү пунктту көчүрүү жана кызматтык (кызмат — турак жай) имаратты куруу участокту алып жаткан уюмдар менен ведомстволордун күчтөрү жана каражаттары менен жүзөгө ашырылат.
  5. Гидрометеорология жагында пайдаланылып жана айлана-чөйрөнүн абалына байкоо жүргүзүүнүн бирдиктүү технологиялык процессинин, ошондой эле байкоо жүргүзүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды чогултуунун, салыштырып даярдоонун, сактоонун жана жайылтуунун биримдигин камсыз кылган мамлекеттик менчиктин карамагындагы мүлктөрдү менчиктештирүүгө жол берилбейт.

(КР 2017-жылдын 30-январындагы N 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-1-статья. Мамлекеттик гидрометеорологиялык кызматтын айрым категориядагы кызматкерлерине берилүүчү кепилдиктер

Мамлекеттик гидрометеорологиялык кызматтын татаал климаттык шарттарда, алыскы жана жетүүгө кыйын болгон жерлерде иштеген кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ченемдерге ылайык акысыз азык-түлүктөр, же болбосо азык-түлүктөрдүн наркында акчалай компенсациялар менен камсыз кылынат.

(КР 2017-жылдын 30-январындагы N 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

V глава
Жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн жана маалымат продукциясынын абалы жөнүндөгү маалыматты пайдалануу

12-статья. Гидрометеорология маалыматтарынын жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн булганышы жөнүндөгү маалыматтардын Мамлекеттик фонду

  1. Ыйгарым укуктуу орган Гидрометеорологиялык маалыматтардын мамлекеттик фондун түзөт жана башкарат.
  2. Гидрометеорология маалыматтарынын жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн булганышы жөнүндөгү маалыматтардын Мамлекеттик фонду жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы жана анын булганышы жөнүндө документтештирилген маалыматтарды чогултуунун, салыштырып даярдоонун, эсепке алуунун, сактоонун жана жайылтуунун негизинде түзүлөт.
  3. Жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы жөнүндөгү документтештирилген маалыматтардын курамы жана түзүмү аны толуктоонун тартибин эске алуунун, сактоонун жана пайдалануунун тартибин, ошондой эле гидрометеорология маалыматтары жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн булганышы жөнүндөгү Мамлекеттик фондду түзүүнүн жана башкаруунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
  4. Кыргыз Республикасынын Архив фондунун түзүмүнө белгиленген тартипте киргизилген гидрометеорология маалыматтарынын жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн маалыматтарынын Мамлекеттик фондунун документтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негиздерине ылайык Кыргыз Республикасынын Архив фондунда жана архивдеринде сакталат.
  5. Жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы жана анын булганышы жөнүндөгү көпчүлүк пайдалануучу маалымат Кыргыз Республикасынын маалымат ресурстарына кирет.
  6. Жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы жана анын булганышы жөнүндөгү маалымат, чектелген категорияга киргизилгенден тышкары маалыматтардан башкасы, ачык жана көпчүлүк ала тургандай болуп саналат.

(КР 2017-жылдын 30-январындагы N 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

13-статья. Жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы жана анын булганышы жөнүндө маалыматтарды түзүүчүлөрдүн укуктары жана милдеттери

  1. Жалпыга багытталган гидрометеорологиялык болжолдоолор массалык маалымат каражаттары аркылуу таратылат.
  2. Шашылыш гидрометеорология маалыматы (аба ырайынын бузулушу тууралуу эскертүү) гидрометеорология ишинин катышуучуларына токтоосуз жеткирилет.
  3. Маалымат түзүүчүлөр алардын уюштуруу-укуктук түрүнө жана менчиктин түрүнө карабастан айлана-чөйрөнүн абалына байкоо жүргүзүүнүн натыйжаларын жана маалымат продукцияларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте берүүгө милдеттүү.
  4. Юридикалык жана жеке жактар жаратылыш айлана-чөйрөсүнө терс таасирин тийгизген, тийгизип жаткан же тийгизиши мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте токтоосуз берүүгө милдеттүү.
  5. Маалымат продукциясын түзүүчүлөр байкоолорду жүргүзүүдө, гидрометеорология маалыматтарын жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы жана анын булганышы жөнүндө маалыматтарды чогултууда, жалпылоодо, талдоодо, сактоодо жана пайдаланууда, жалпыга багытталган маалымат продукциясын түзүүдө методикаларды, колдонуудагы мамлекеттер аралык жана улуттук стандарттарды, ченемдерди сактоого милдеттүү.
  6. Гидрометеорологиялык байкоолорду жүргүзүүнү түзүү үчүн колдонулуучу өлчөө каражаттары өлчөнүн бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө мыйзамдарга ылайык метрологиялык контролго алынууга тийиш.

(КР 2017-жылдын 30-январындагы N 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

14-статья. Жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы жана анын булганышы жөнүндөгү маалыматтын укуктук режими

Жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы, анын булганышы жөнүндөгү маалымат жана маалымат продукциясы керектөөчүлөргө (пайдалануучуларга) ушул Мыйзамга ылайык келишимдердин негизинде берилет.

  1. Бериле турган маалыматтардын түрлөрү:

— шашылыш (аба ырайынын бузулушу) маалымат;

— мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жайылтылуучу жаратылыш айлана-чөйрөсүндө болуп жаткан же божомолдоно турган маалымат;

— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын иштешин камсыз кылуу үчүн даярдалган маалыматтар жана маалымат продукциялары;

— атайын адистештирилген маалыматтар.

  1. Көпчүлүк пайдалануучу маалымат керектөөчүлөргө (пайдалануучуларга) почта, жалпыга маалымдоо каражаттары, телеграф, электрондук байланыш түйүндөрү аркылуу суроо-талап боюнча үзбөй кабар берип туруу режиминде текст жана таблица — графика түрүндө жеткирилет.

2-1. Ыйгарым укуктуу орган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте аба ырайын болжолдоо тууралуу эрте кабарландыруу тутумун киргизет.

Аба ырайын болжолдоо тууралуу эрте кабарлоо тутумун уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

  1. (КР 2017-жылдын 30-январындагы N 16 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
  2. Шашылыш маалымат (аба ырайынын бузулушу) жана жалпыга багытталган маалымат бир сутка мурда эртелеп бекер берилет. Шашылыш маалыматтын (аба ырайынын бузулушу), жалпыга багытталган маалыматтын, жеткиликтүүлүгү чектелген категорияга киргизилген маалыматтын курамы, ошондой эле атайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан гидрометеорология маалыматын мындай маалыматты керектөөчүлөгө берүү тартиби гидрометеорология боюнча атайын ыйгарым укуктуу органдын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Адистештирилген гидрометеорология маалыматы атайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан гидрометеорология иши жагындагы кызмат көрсөтүүлөргө келишимдин негизинде акы төлөтүү менен берилет.

(КР 2017-жылдын 30-январындагы N 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

VI глава
Ушул мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик

15-статья. Ушул Мыйзамдын жоболорун бузгандык үчүн жоопкерчилик

Юридикалык жана жеке жактар ушул Мыйзамдын жоболорун бузгандыгы үчүн, ошондой эле төмөнкүдөй учурларда жарандык, администрациялык жана жазык жоопкерчиликтерине тартылат:

а) гидрометеорология объекттерин бүлүндүрсө, бузса, бул обьекттердеги приборлорду жана жабдууларды иштен чыгарса, уурдаса;

б) Гидрометеорологиялык станциялардын жана посттордун коргоо аймактарында иштерди аткаруу эрежелерин бузса;

в) гидрометеорологиялык байкоолорду жүргүзүүнү түзүүнүн эрежелерин жана талаптарын, жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалына жана анын булганышына байкоолорду жүргүзүүнү жана керектөөчүлөргө гидрометеорология маалыматын жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы жана анын булганышы жөнүндө аны менен байланышкан маалыматты чогултуу, иштетүү, талдоо, сактоо жана берүү боюнча иштерди бузса;

г) шашылыш маалыматтарды, авариялык кырдаалдар жөнүндө, жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн зыяндуу заттар жана калдыктар менен булганышынын табылган очоктору жөнүндө кабарларды бурмаласа, кечиктирсе же жеткирбесе.

(КР 2017-жылдын 30-январындагы N 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

VII глава
Кыргыз Республикасынын гидрометеорология жагындагы эларалык кызматташтыгы

16-статья. Эларалык кызматташтык

Гидрометеорология жагындагы, климатология, гидрология, агрометеорология, гляциология, жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн булганышынын мониторингин кошкондогу эларалык кызматташтык Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасы жалпы эларалык глобалдык жана регионалдык байкоо жүргүзүүнүн гидрометеорологиялык жана аны менен байланышкан геофизикалык тутумдарын жана маалымат алмашууну калыптандырууга жана өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

(КР 2017-жылдын 30-январындагы N 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-статья. Гидрометеорология жагындагы Эларалык уюмдарда Кыргыз Республикасынын таламдарын билдирүү жана коргоо

(КР 2017-жылдын 30-январындагы N 16 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

18-статья. Гидрометеорология жагындагы эларалык кызматташууга катышуунун тартиби

(КР 2017-жылдын 30-январындагы N 16 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

VIII глава
Корутунду жоболор

19-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

«Эркин Тоо» газетасынын 2006-жылдын 22-августунда N 62 жарыяланды

20-статья. Ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти   К.Бакиев
     
2006-жылдын 8-июнунда   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Print Friendly, PDF & Email