“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу жөнүндө” буйругунун долбоору

0
1 828 просмотров

БУЙРУК

ПРИКАЗ

 

2018-ж.“____” __________   № ________                           Ош шаары

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-декабрындагы №846 токтому менен бекитилген “Жарандык коргоонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2018-жылдын 23-январындагы №60 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2018-жылга карата иш-чаралар Планынын 3-пунктуна ылайык,

БУЙРУК КЫЛАМЫН:

  1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорунун Тизмеси (мындан ары – Тизме) бекитилсин.
  2. Тизмеде көрсөтүлгөн жооптуу аткаруучулар:

— “Жарандык коргоонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин талаптарына ылайык документтердин пакетин даярдап, Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору менен макулдашууну өткөрүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алуусун камсыз кылышсын.

  1. Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу башкы башкармалыгы Тизмеде көрсөтүлгөн жооптуу аткаруучулар тарабынан иштелип чыгуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорунун кабыл алынуусу боюнча иш-чараларды уюштурсун жана көзөмөлгө алсын.
  2. Укуктук камсыздоо бөлүмү жооптуу аткаруучулар тарабынан иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлоруна ар тараптуу укуктук колдоо көрсөтүшсүн.
  3. Бул буйруктун аткаруу жоопкерчилиги көзөмөлдөө тармагына жараша КР ӨКМ статс-катчысы А.Мамбетовго жана министрдин орун басарлары Д.Алимбековго, полковник К.Ахматовго жана Р.Рысбаевге жүктөлсүн.
  4. Буйрук тиешелүү тараптарга жеткирилсин.

 

 Министр

генерал-майор                                       К.А.  Боронов

 

Жөнөтүлсүн: көктөмөгө, борбордук аппараттын башкармалыктарына, бөлүмдөрүнө, бардык ведомстволук жана аймактык түзүмдөргө

Виза койгондор:

А.Мамбетов                                                                                      Д.Алимбеков

К.Ахматов                                                                                        Р.Рысбаев

Т.Молдокеев                                                                                    М.Жээналиев

Т.Акматов

Print Friendly, PDF & Email