Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө мыйзамы

0
2 046 просмотров

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 1999-жылдын 17-июну N 58

Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө

(КР 2003-жылдын 28-февралындагы N 48, 2003-жылдын 1-августундагы N 168, 2014-жылдын 28-мартындагы № 53 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Ушул Мыйзам калктын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу жана айлана-чөйрөнү иондоштуруучу нурлануу булактарынын зыяндуу таасиринен коргоо жагындагы укуктук мамилелерди аныктайт.

I бөлүм
Жалпы жоболор

1-статья. Негизги түшүнүктөрдүн аныкталышы

Ушул Мыйзамдын статьяларында төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

калктын радиациялык коопсуздугу (мындан ары — радиациялык коопсуздук) — адамдардын азыркы жана келечек муундарынын, айлана-чөйрөнүн иондоштуруу нурлануунун зыяндуу таасиринен корголушунун абалы. Радиациялык коопсуздук адамдын, коомдун, мамлекеттин коопсуздугунун ажыралгыс бөлүгү болуп саналат жана укуктук, уюштуруучулук, инженер-техникалык, санитардык-гигиеналык, медициналык, тарбиялык жана билим берүү мүнөзүндөгү чаралардын комплексин ишке ашыруунун эсебинен камсыз кылынат;

иондоштуруучу нурлануу — радиоактивдүү бөлүнүү, ядролук өзгөрүү, заттардагы нурланган бөлүкчөлөр токтогон учурда түзүлүүчү нурлануу жана ал чөйрө менен өз ара аракеттенгенде ар кандай белгидеги иондорду пайда кылат;

табигый радиациялык фон — иондоштуруучу нурлануунун дозасы, ал космостук нурлануунун жана табигый бөлүнгөн жаратылыш радионуклиддеринин нурлануусунун аркасында жерде, сууда, тамак-аш азыктарында, биосферанын башка элементтеринде жана адамдын организминде пайда болот;

техногендик жактан өзгөрүлгөн радиациялык фон — адамдын иш-аракетинен улам өзгөрүлгөн табигый радиациялык фон;

радионуклиддер — энергиянын гамма-кванттар, электр менен заряддалган бета бөлүкчө же альфа бөлүкчө, же нейтрондор түрдө бөлүнүп чыгышынан улам ядросу өз алдынча түшүп калуучу атомдор;

натыйжалуу доза — радиосезимталдыгын эске алуу менен адамдын бүткүл жана анын айрым органдарынын нур алышынын соңку кесепеттери келип чыгышынын тобокелдик өлчөмү катары колдонулуучу нурлануунун иондошкон таасиринин чоңдугу;

радиоактивдүү булгануу — жеке дозасы жылына 0,001 зиверттен ашуун нурланууга алып келүүчү мүмкүн болгон техногендик радионуклиддердин айлана-чөйрөдө болуусу;

иондошкон нурланууга туштугуу — иондоштуруучу нурлануунун биологиялык объектилерге таасири, ал организмден тышкары турган булактардагы тышкы таасир этүүдөн же анын организмине кирген булактардагы ички таасир этүүдөн болушу мүмкүн;

санитардык-коргоо зонасы — аталган булакты тийиштүү шартта адамдардын нурлануу деңгээлинде иштетип, пайдалануу калк үчүн нурлануу дозасынын белгиленген чегинен ашып түшүүсү мүмкүн болгон иондошкон нурлануу булагынын айланасындагы аймак. Санитардык коргоо зонасында адамдардын туруктуу жана убактылуу жашоосуна тыюу салынат, чарба иш жүргүзүү режимин чектөө киргизилет жана радиациялык контроль жүргүзүлөт;

байкоо жүргүзүү зонасы — санитардык коргоо зонасынын чегинен тышкары жердеги радиациялык контроль жүргүзүүчү аймак;

кызматкер — иондоштуруучу нурлануунун булактары менен түздөн-түз туруктуу же убактылуу иштеген адам;

радиациялык кырсык — иондоштуруучу нурлануунун булагын башкарууну колдон чыгаруу, ал жабдуунун бузуктугунан, кызматкердин (персоналдын) туура эмес иш-аракетинен, жаратылыш кырсыктарынан же башка себептерден улам келип чыгат, булар адамдардын демейдегиден башкача нурлануусуна же айлана-чөйрөнүн чегинен ашыкча радиоактивдүү булганышына алып келиши мүмкүн же алып келет.

2-статья. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделинет жана ушул Мыйзамдан жана башка ченемдик укуктук актылардан турат.

Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле радиациялык коопсуздук жагындагы эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналат.

(КР 2014-жылдын 28-мартындагы № 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-статья. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу принциптери

  1. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:

нормалоо принциби-иондоштуруучу нурлануунун бардык булактарынан жарандардын нурланышынын жекече дозасынын жол берилген чегинен ашпоо;

негиздөө принциби-адам жана коом үчүн алынган пайда табигый радиациялык фонго кошумча нурлануудан улам келтирилген мүмкүн болгон зыяндын тобокелинен ашпаган учурда иондоштуруучу нурлануунун булактарын колдонуу боюнча иштин бардык түрлөрүнө тыюу салуу;

ылайыктуулук принциби-экономикалык жана социалдык факторлорду эске алуу менен иондоштуруучу нурлануунун ар кандай булагын колдонууда нурлануунун жеке дозасын жана нурланып жаткан адамдардын санын мүмкүн болушунда төмөн жана жеткиликтүү деңгээлде кармоо;

ачыктык принциби-калк жашаган аймакта иондоштуруучу нурлануу, ошондой эле болгон радиациялык кырсыктар жөнүндө маалыматтын ачыктыгы жана жеткиликтүүлүгү.

  1. Радиациялык кырсык учурунда калктын радиациялык коопсуздук системасы төмөнкүдөй принциптерге негизделет:

радиациялык кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча болжолдонгон иш-чаралар зыянга караганда пайданы көбүрөөк алып келүүгө жана толук болууга тийиш;

радиациялык кырсыктын залалдарын жоюу боюнча иштердин түрлөрү жана масштабы аталган иш келтире турган зыянды кошпогондо иондоштуруучу нурлануунун дозасын азайтуудан алынган пайда максималдуу болгудай жүзөгө ашырылышы керек.

4-статья. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралар

Радиациялык коопсуздук төмөнкүлөр менен камсыз кылынат:

укуктук, уюштуруучулук, инженердик-техникалык, санитардык-гигиеналык, медициналык алдын алуу, тарбиялоо жана билим берүү мүнөзүндөгү иш-чаралардын комплексин жүргүзүү менен;

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка юридикалык жактар жана жарандар радиациялык коопсуздук жагынан эрежелерди, нормаларды жана нормативдерди сактоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырышы аркылуу;

радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жагынан калкты окутуу жана ага радиациялык кырдаал жөнүндө маалымдоо менен.

II бөлүм
Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жагындагы мамлекеттик башкаруу жана аны камсыз кылууга мамлекеттик көзөмөл жана контроль

5-статья. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлик органдарынын тутуму

  1. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат.
  2. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана көзөмөлдөө-контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

(КР 2014-жылдын 28-мартындагы № 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-статья. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жагындагы мамлекеттик программалар

  1. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чараларды пландаштыруу жана жүзөгө ашыруу үчүн улуттук жана региондук программалар иштелип чыгат.

Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жагынан улуттук программалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу менен атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан иштелип чыгат жана жүзөгө ашырылат.

  1. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жагынан региондук программалар жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары тарабынан иштелип чыгат жана атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашылат.
  2. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жагынан мамлекеттик программаларды каржылоо тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

7-статья. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик ченемдештирүү

Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ченемдештирүү санитардык эрежелердин жана ченемдердин, гигиеналык ченемдердин, радиациялык коопсуздук эрежелеринин, мамлекеттик стандарттардын, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин, эмгекти коргоо эрежелеринин маселелерин өзүнө камтыган тиешелүү техникалык регламенттер жана башка ченемдик укуктук актылар менен аныкталат.

(КР 2014-жылдын 28-мартындагы № 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

8-статья. Радиоактивдүү заттарды колдонуу жаатындагы иштерди лицензиялоо

Радиоактивдүү заттарды колдонуу жаатындагы иштерди лицензиялоо «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган тартипте жана шарттарда ишке ашырылат

(КР 2003-жылдын 1-августундагы N 168 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

9-статья. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн өндүрүштүк контроль

  1. Иондошкон нурлардын булактарынан пайдалануу ишмердигин жүзөгө ашырышкан уюмдар радиациялык коопсуздукту камсыз кылууга өндүрүштүк контроль жүргүзүшөт.
  2. Ар бир уюм үчүн алардын аткарып жаткан иштеринин өзгөчөлүктөрү жана шарттары эсепке алынуу менен өндүрүштүк контроль жүргүзүүнүн тартиби аныкталат жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.
  3. Тийиштүү уюмдар радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн өндүрүштүк контролду камсыз кылуу жагындагы бузулууларды тапкан учурда ал бузулууларды оңдогуча иондошкон нурлануу булактары менен иш жүргүзүүлөрдү токтотууга укуктуу.

(КР 2014-жылдын 28-мартындагы № 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

III бөлүм
Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жагындагы мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары

10-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

1 ) калктын, айлана-чөйрөнүн радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу;

2) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты аныктоо;

3) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктоо;

4) өз компетенциясынын чектеринде радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу, ошондой эле алардын сакталышын контролдоо, анын ичинде:

  1. a) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү өлкөлүк программаны кабыл алуу;

б) радиоактивдүү булганган зоналарда калктын жашоосунун өзгөчө режимдерин киргизүү;

в) жарандардын ден соолугуна зыян келтирүүнүн жогорку тобокелдиги жана алардын мүлкүнө радиациялык таасир көрсөтүү менен шартталган зыян келтиргендик үчүн компенсациялардын түрлөрүн жана өлчөмдөрүн аныктоонун тартибин белгилөө;

г) радиациялык кырсыктын натыйжасында жарандардын ден соолугуна келтирилген зыяндын жана алардын мүлкүнө келтирилген чыгымдардын ордун толтуруунун тартибин белгилөө.

(КР 2014-жылдын 28-мартындагы № 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары

  1. Өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү өлкөлүк программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

2) күчтүү радиоактивдүү булганууга дуушар болгон объекттерде радиациялык коопсуздуктун абалына эксперттик баа берүү;

3) радиациялык кырсыктардын келип чыгуу коркунучтары болгон учурда ыкчам иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;

4) тиешелүү аймактардагы радиациялык кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу;

5) тиешелүү аймакта радиациялык жагдай жөнүндө калкка маалымдоо;

6) өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында турган уулуу кен калдыктары көмүлгөн жерлерди жана кен таштандыларын калыбына келтирүү боюнча реабилитациялык программаларды радиациялык коопсуздуктун эл аралык критерийлерине ылайык иштеп чыгуу;

7) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу жана эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткаруу.

  1. Саламаттыкты сактоо жагындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү өлкөлүк программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;

2) иондоштуруучу нурлануунун булактары менен иштөө боюнча гигиеналык нормативдерге, эрежелерге тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;

3) тиешелүү аймактарда радиациялык кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды макулдашуу;

4) тиешелүү аймактагы радиациялык жагдай менен шартталган саламаттык абалы жөнүндө калкка маалымдоо;

5) тиешелүү аймакта радиациялык жагдайды контролдоо жана калктын нурлануу дозасын эсепке алуу;

6) Кыргыз Республикасынын аймагында уулуу кен калдыктары көмүлгөн жерлердин жана кен таштандыларынын абалын контролдоо.

  1. Экология жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү өлкөлүк программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;

2) айлана-чөйрөнүн радиоактивдүү булганышынын мониторинги;

3) иондоштуруучу нурлануу булагын өндүрүүчү, пайдалануучу, кайра иштеп чыгуучу жана керектен чыгаруучу уюмдарды. мекемелерди, анын ичинде коргонуу маанисиндегилерди тиешелүү аймакка жайгаштыруу жөнүндө чечимдерди кабыл алууга катышуу;

4) тиешелүү аймакта радиациялык жагдай жөнүндө калкка маалымдоо

  1. Геология жана минералдык ресурстар жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуштарды ишке ашырууга көмөктөшүү;

2) өнөр жайлык жана экологиялык коопсуздук бөлүгүндө кен профилиндеги иштердин долбоорлорун экспертизалоо;

3) иондоштуруучу нурлануу булагын өндүрүүчү, кайра иштеп чыгуучу жана керектен чыгаруучу тоо-кен казып алуучу өндүрүштүн уюмдарын, мекемелерин тиешелүү аймакка жайгаштыруу жөнүндө чечимдерди кабыл алууга катышуу.

  1. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) радиациялык кырсыктын натыйжасында нурланууга туш болгон калкка жардам көрсөтүүнү контролдоо;

2) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында иш-чаралардын аткарылышын контролдоо;

3) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ченемдик документтердин талаптарынын сакталышына контролдоону жүзөгө ашыруу;

4) уулуу кен калдыктары көмүлгөн жерлердин радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштелип чыккан иш-чаралардын аткарылышын контролдоо;

5) Кыргыз Республикасынын аймагында турган уулуу кен калдыктары көмүлгөн жерлерди жана кен таштандыларынын абалын контролдоо;

6) иондоштуруучу нурлануу булагын өндүрүүчү, пайдалануучу кайра иштеп чыгуучу жана керектен чыгаруучу уюмдарды, мекемелерди, анын ичинде коргонуу маанисиндегилерди тиешелүү аймакка жайгаштыруу жөнүндө чечимдерди кабыл алууга катышуу;

7) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен бирдикте радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү контролдоону жана көзөмөлдөөнү уюштуруу жана жүргүзүү маселелери боюнча эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу;

8) радиактивдүү материалдарды тиешелүү аймакка алып келүүнү, аларды тиешелүү аймактын чегинен тышкары алып кетүүнү жана алардын транзитин контролдоо.

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) радиациялык кырсыктардын болуу коркунучу жана алардын кесепеттерин жоюу учурунда ыкчам иш-чараларды жүргүзүү;

2) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жеке жана юридикалык жактардын ишин экономикалык стимулдаштыруу жагында мамлекеттик саясатты жүргүзүү;

3) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чараларды ведомстволук аймактарда уюштуруу.

  1. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипке ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында радиациялык контролдоо жүргүзүү кирет.

(КР 2014-жылдын 28-мартындагы № 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-статья. Радиациялык коопсуздуктун абалын баалоо

  1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле иондошкон нурлануу булактарын пайдалануу менен ишкердик кылышкан уюмдар радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында чечимдерди кабыл алууда, радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чараларды пландаштыруу жана өткөрүү алдында радиациялык коопсуздукка баа берүү жүргүзүлөт.
  2. Радиациялык коопсуздукка баа берүү төмөнкү негизги көрсөткүчтөр боюнча:

айлана-чөйрөнү радиоактивдүү булгоолорду мүнөздөө;

радиациялык коопсуздук тармагындагы аткаруу ченемдерине жана эрежелерине гигиеналык ченемдерге жана радиациялык коопсуздук боюнча иш-чараларды камсыз кылууга талдоо жүргүзүү;

радиациялык кырсыктар жана алардын камтыган чөйрөсүнө божомолдоо;

радиациялык кырсыктардын жана алардын кесепеттерин жоюунун натыйжалуулугунун даярдык даражасын аныктоо;

иондошкон нурлануунун бардык булактарынан калктын айрым топторунун алган нурланууларынын дозасын талдоо;

белгиленген дозанын чегинен жогору нурланууга дуушар болгон адамдардын саны боюнча жүзөгө ашырылат.

Баалоолордун жыйынтыгы жыл сайын уюмдардын, аймактардын экологиялык паспортуна жазылат.

IV-бөлүм
Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы талаптар

13-статья. Иондоштуруучу нурлануунун булактары менен иш жүргүзүүдө радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптар

Иондоштуруучу нурлануунун булактары менен иш жүргүзүүдө уюмдар төмөнкүлөргө милдеттүү:

радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жагынан бул Мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоого;

радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чараларды пландаштырууга жана жүзөгө ашырууга;

адамдын ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн иондоштуруучу нурлануунун булактары болуп саналган жаңы (өркүндөтүлүп жаткан) продукциянын, материалдардын жана заттардын, технологиялык процесстердин жана өндүрүштөрдүн радиациялык коопсуздугун негиздөө боюнча иштерди жүргүзүүгө;

жумуш орундарындагы, имарат-жайлардагы, уюмдардын аймактарындагы, санитардык-коргоо зоналарындагы жана байкоо жүргүзүү зоналарындагы радиациялык кырдаалга, ошондой эле радиоактивдүү заттардын сыртка ташталышына жана агып чыгышына туруктуу өндүрүштүк контролду жүзөгө ашырууга;

кызматкерлердин нурлануусунун жекече дозаларына контролдук кылууга жана эсепке алууга;

иондоштуруучу нурлануунун булактары жагынан иштерди туруктуу же убактылуу аткарган өндүрүштүк контролдоо кызматтарынын жетекчилерин жана иштерди аткаруучуларын, адистерин, башка адамдарды радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча даярдоого жана аттестациялоого;

кызматкерлерге (персоналдарга) алдын ала (жумушка кирип жатканда) жана мезгил-мезгили менен медициналык текшерүүлөрдү жүргүзүүнү уюштурууга;

кызматкерлердин (персоналдардын) иш ордундагы иондоштуруучу нурлануунун деңгээли жөнүндө жана алар дуушарланган иондоштуруучу нурлануунун чоңдугу жөнүндө аларга дайыма маалымдап турууга;

радиациялык коопсуздукка коркунуч келтирген кырсыктуу кырдаалдар жөнүндө, технологиялык регламентти бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга өз учурунда маалымдоого;

радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жагынан мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү көзөмөлдөөнү жана контролдоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын токтомдорун, милдеттендирүүчү каттарын аткарууга;

радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагындагы жарандардын укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу.

(КР 2014-жылдын 28-мартындагы № 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

14-статья. Тамак-аш азыктарын чыгарууда жана ичилүүчү сууну керектөөдө радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу

Азык-түлүк сырьесу, тамак-аш азыктары, ичилүүчү суу жана материалдар менен буюмдарды даярдоо, сактоо, ташуу жана сатып өткөрүү процессинде аны менен катнашта болгон азыктар радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу талаптарына жооп берүүгө жана ушул Мыйзамга ылайык өндүрүштүк контролго алынууга тийиш.

15-статья. Табигый радионуклиддердин таасири астында радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу

  1. Турак жайларда жана өндүрүштүк жайларда калктын жана кызматкерлердин табигый радионуклиддер менен нурлануусу белгиленген нормадан ашпоого тийиш.
  2. Калкты жана кызматкерлерди табигый радионуклиддерден коргоо максатында төмөнкүлөр жасалууга тийиш:

имараттарды жана курулуштарды куруу үчүн жер участкаларын гамма-нурлануунун деңгээлин эске алуу менен тандоо;

табигый радионуклиддердин жана гамма-нурлануунун катышынын деңгээлин эске алуу менен курулуш материалдарын өндүрүштүк контролдоо, имараттарды жана курулуштарды пайдаланууга кабыл алуу;

табигый радионуклиддердин гамма-нурлануунун катышынын деңгээлин эсепке алуу менен имараттарды жана жайларды эксплуатациялоо.

  1. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптарына жооп бербеген курулуш материалдар менен буюмдарын пайдаланууга тыюу салынат.

16-статья. Медициналык рентгенорадиологиялык текшерүү жүргүзүүдө жарандардын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу

  1. Медициналык рентгенорадиологиялык текшерүү жүргүзүүдө жарандарды (оорулууларды) коргоо каражаттарын колдонуу керек.

Медициналык рентгенорадиологиялык текшерүү жүргүзүүдө жарандардын (оорулуулардын) нурлануу дозасы радиациялык коопсуздук жагындагы нормаларга ылайык келиши керек.

  1. Жарандын (оорулуунун) талабы боюнча ал алышы мүмкүн болгон же алган нурлануу дозасы жөнүндө жана медициналык рентгенорадиологиялык текшерүү жүргүзүүнүн мүмкүн болуучу залалдары жөнүндө толук маалымат берилиши керек.
  2. Жаран (оорулуу) эпидемиологиялык жактан коркунучтуу ооруну аныктоо максатында өткөрүлгөн алдын алуу изилдөөлөрүнөн тышкары медициналык рентгенорадиологиялык текшерүү жүргүзүүдөн баш тартууга акылуу.

17-статья. Нурлануунун жекече дозасын контролдоо жана эсепке алуу

Кызматкерлер жана калк ион нурлануу булактарын пайдаланууда, медициналык рентгенорадиологиялык текшерүү жүргүзүүдө, ошондой эле радиациялык фондун табигый радиациялык жана техногендик өзгөрүүсүнөн улам алган жекече дозаны контролдоо жана эсепке алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган нурлануунун жекече дозасын контролдоонун жана эсепке алуунун бирдиктүү мамлекеттик тутумунун негизинде жүргүзүлөт.

18-статья. Калкты жана кызматкерлерди (персоналдарды) радиациялык кырсыктан коргоо

Радиациялык кырсык болушу мүмкүн болгон уюмдарда:

потенциалдуу радиациялык кырсыктардын залалдарын жана радиациялык кырдаалды божомолдоо менен бирге алардын тизмеси;

радиациялык кырсык чыккан учурда чечим кабыл алуунун критерийлери;

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары. радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган кызматкерлерди (персоналдарды) жана калкты радиациялык кырсыктан жана анын кесепеттеринен коргоо боюнча иш-чаралардын планы;

радиациялык кырсыкты кабарлоочу жана анын залалдарын жоюуну камсыз кылуучу каражаттар;

радиациялык нурлануудан жекече коргонуу каражаттары;

радиациялык жабыркоону алдын алуунун медициналык каражаттары жана радиациялык кырсык болгондо жабыр тарткандарга медициналык жардам көрсөтүү каражаттары;

кызматкерлерден (персоналдардан) түзүлгөн кырсыктан куткаруу түзүлүштөрү сөзсүз болууга тийиш.

(КР 2014-жылдын 28-мартындагы № 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

19-статья. Ион нурлануу булактарын колдонуу менен иштеген уюмдардын радиациялык кырсык болгондо радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттери

Радиациялык кырсык болгон учурда ион нурлануу булактарын колдонуу менен иштеген уюмдар:

кызматкерлерди (персоналдарды) жана калкты радиациялык кырсыктан жана анын залалдарынан коргоо боюнча иш-чараларды аткарууну камсыз кылууга;

өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрацияны, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, нурлануу жогору болушу мүмкүн болгон аймактагы калкты радиациялык кырсык жөнүндө маалымдар кылууга;

радиациялык кырсыктан жапа чеккендерге медициналык жардам көрсөтүү боюнча чара көрүүгө;

радиоактивдүү булгануу очокторун жоюу жана радиоактивдүү заттардын айлана-чөйрөгө таркашын болтурбоого;

анализ алып жана радиациялык кырсыктын өнүгүшүн жана радиациялык кырсык болгондо радиациялык кырдаалдын өзгөрүшүн болжолдоого;

радиациялык кырсык жоюлгандан кийин ион нурлануу булактарын колдонуу менен иштеген уюмдардын аймагында радиациялык кырдаалды калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

(КР 2014-жылдын 28-мартындагы № 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

20-статья. Радиациялык кырсыктын залалдарын жоюу үчүн тартылган жарандардын нурлануусунун пландуу түрдө жогорулашы

  1. Радиациялык кырсыктын залалдарын жоюуга тартылган жарандардын нурлануусунун пландуу түрдө жогорулашына алардын ыктыярдуу макулдугу менен нурлануунун мүмкүн болуучу дозасы жана ден соолукту тобокелге салуу жөнүндө алдын ала маалымдоо менен өмүрүндө бир ирет жол берилет.
  2. Радиациялык кырсыктын залалдарын жоюуга тартылган жарандарды окутуу кызматкерлер (персоналдар) үчүн окутуунун негизги гигиеналык нормативдеринин орточо жылдык ченеминен 10 эседен ашпоого тийиш.
  3. Аталган иштерди аткарууга тартылган адамдардын өтө жогору тобокелге баргандыгы үчүн жана радиациялык таасир тийгизүүдөн адамдардын ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруунун түрлөрү жана өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.

V бөлүм
Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жарандардын жана юридикалык жактардын укуктары жана милдеттери. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптарды аткарбай койгондук үчүн жоопкерчилик

21-статья. Жарандардын радиациялык коопсуздукту алууга болгон укугу

Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын аймагында жашап жаткан чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар радиациялык коопсуздукка укуктуу. Бул укук адамдын организмине иондоштуруучу нурлануунун белгиленген нормадан, эрежеден жана нормативден жогору болгон радиациялык таасир тийгизишин болтурбоо боюнча иш-чаралардын комплексин жүргүзүү, иондоштуруучу нурлануу булактарын колдонуу менен иштеген жарандардын жана уюмдардын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу талаптарын аткарышы менен камсыз кылынат.

22-статья. Жарандардын жана юридикалык жактардын маалымат алууга болгон укугу

Жарандар жана юридикалык жактар иондоштуруучу нурлануу булактарын колдонуу менен иштеген уюмдардан алар аткарган функциялардын чегинде радиациялык кырдаал жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө объективдүү маалымат алууга укуктуу.

Юридикалык жактардын өкүлдөрү ион нурлануу булактарын колдонуу менен иштеген уюмдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана шартта кирүүгө укуктуу.

23-статья. Иондоштуруучу нурлануу булактарын колдонуу менен иштеген уюмдарга жамаатташ аймакта жашаган жарандарды социалдык жактан коргоо

Иондоштуруучу нурлануу булактарын колдонуу менен иштеген жана негизги дозанын чеги белгиленген санитардык нормалардан ашышы мүмкүн болгон уюмдарга жамаатташ аймакта жашаган жарандар социалдык жактан коргоого укуктуу. Социалдык жактан коргоо чараларын берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.

24-статья. Иондоштуруучу нурлануусу менен шартталган, ошондой эле радиациялык кырсыктан улам өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун жана тарткан чыгымдын ордун толтуртууга жарандардын укуктары

  1. Жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык негизги дозанын чеги белгиленген санитардык нормалардан ашык иондоштуруучу нурлануу менен шартталгандан улам өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун жана (же) алар тарткан чыгымдын ордун толтуртууга укуктуу.
  2. Радиациялык кырсык болгон учурда жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун жана алар тарткан чыгымдын ордун толтуртууга укуктуу.

25-статья. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жарандардын милдеттери

Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча радиациялык коопсуздукту камсыз кылуунун талаптарын сактоого жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын талаптарын аткарууга милдеттүү.

(КР 2014-жылдын 28-мартындагы № 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

26-статья. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптарын аткарбагандык же бузгандык үчүн жоопкерчилик

Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуунун талаптарын аткарбагандыгы же бузгандыгы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте администрациялык; жазык жана материалдык жоопкерчиликке тартылышат.

27-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

«Эркин Тоо» газетасынын 1999-жылдын 30-июнунда N 52 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти   А.Акаев
     
1999-жылдын 18-майында   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган
Print Friendly, PDF & Email