Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын алдындагы Илимий-техникалык кеңеш жөнүндө буйрук

0
1 139 просмотров

Бишкек шаары

2011-жылдын 1-июну N 197-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

1. Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын алдындагы Илимий-техникалык кеңеш тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Тиркелген Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын алдындагы Илимий-техникалык кеңеш жөнүндө жобо бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-сентябрындагы N 500-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча

ведомстволор аралык комиссиясынын алдындагы

Илимий-техникалык кеңештин

КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын алдындагы Илимий-техникалык кеңештин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология илимий-изилдөө институтунун директору (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин инженердик-геологиялык партиясынын начальниги;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин алдындагы Кыргыз жер титирөөгө туруктуу курулуш илимий-изилдөө жана долбоорлоо институтунун директору;

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геомеханика жана кенди өздөштүрүү илимий-изилдөө институтунун директору (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Кыргызжолтрансдолбоор» долбоорлоо институтунун директору;

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалга мониторинг жүргүзүү, болжолдоо департаментинин директору;

Борбордук Азия Жерди изилдөө институтунун тең директору (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын геология илимий-изилдөө институтунун директору (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин атайын бөлүк, мобилизациялык резерв жана жарандык коргоо жетекчиси;

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын начальниги;

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын «Геоприбор» илимий-инженердик борборунун директору (макулдашуу боюнча);

Кыргыз-Россия Славян университетинин «Өзгөчө кырдаалдарда коргонуу» кафедрасынын башчысы (макулдашуу боюнча).

Print Friendly, PDF & Email