«Жарандык коргонуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

0
5 696 просмотров

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2017-жылдын 29-декабры № 846

«Жарандык коргонуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. «Жарандык коргонуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
  2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
  3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри   С.Исаков

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Жарандык коргонуу жөнүндө

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуучу предмети

Ушул Мыйзам тынчтык жана согуш мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдарда Кыргыз Республикасынын калкын жана аймактарын Жарандык коргоо жагында келип чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салат.

Өзгөчө кырдаалдардан Кыргыз Республикасынын бардык жарандары, келген убактысына карабастан Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок жарандар дагы корголот.

2-берене. Негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:

Жарандык коргонуу — тынчтык жана согуш мезгилинде Кыргыз Республикасынын калкын, материалдык жана маданий баалуулуктарын жана аймактарын өзгөчө кырдаалдардан коргоого даярдоо жана коргоо боюнча жалпы мамлекеттик иш-чаралар тутумунун курамдык бөлүгү.

Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму — Кыргыз Республикасынын калкын жана аймактарын тынчтык жана согуш мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча милдетти аткаруучу, элементтери Кыргыз Республикасынын башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин жана ыктыярдуу уюмдардын күчтөрү жана каражаттары болгон жалпы мамлекеттик тутум. Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча мамлекеттик тутуму Кыргыз Республикасынын Кырсыктардын опурталын азайтуу боюнча улуттук платформасын өзүнө камтыйт.

Кыргыз Республикасынын Кырсыктардын опурталын азайтуу боюнча улуттук платформасы — кырсыктардын опурталын азайтуу чөйрөсүн координациялоочу жана стратегиялык жетектөөчү улуттук механизм, ал көп тармактуу жана дисциплиналар аралык мүнөзгө ээ, ага бардык кызыкдар тараптардын, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөрдүн, жеке сектордун жана жарандык коомдун катышуусу каралган.

Өзгөчө кырдаал — Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында адамдардын курман болуусу, адамдардын ден соолугуна же айлана-чөйрөгө зыян келүүсү, олуттуу материалдык чыгымдарга жана адамдардын жашоо шартынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген коркунучтуу табигый же техногендик кубулуштун, авариянын, катастрофанын, табигый же башка кырсыктын, заманбап кыйраткыч каражаттардын тийгизген таасирлеринин натыйжасында түзүлгөн кырдаал.

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу — өзгөчө кырдаалдардын болуу опурталын мүмкүн болушунча азайтууга, адамдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоого, алар болгондо зыянды азайтууга багытталган алдын ала жасалуучу иш-чаралардын комплекси.

Өзгөчө кырдаалдарды жоюу — өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу факторлорун чектөө жана жайылышын токтотуу, өзгөчө кырдаалдар чыккан учурда жүргүзүлчү авариялык-куткаруучу жана адамдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоого, зыяндын өлчөмүн азайтууга багытталган башка кечиктирилгис иштер.

Өзгөчө кырдаал зонасы — өзгөчө кырдаал болгон аймак.

Өзгөчө жана кризистик кырдаалдардагы коопсуздук — өлкөнүн калкын, аймактарын, объектилерин жана инфраструктурасын тынчтык жана согуш мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдын таасиринин натыйжасында пайда болуучу коркунучтардан коргоодо калктын гендердик жана демографиялык муктаждыктарын эске алуу менен биринчи кезекте жашоо-тиричиликти, объекттердин жана инфраструктуранын иштешин камсыздоочу абал.

Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары — ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) — Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу, Жарандык коргонуу жагындагы маселелерди чечүүгө атайын укук берилген Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы.

Уюмдар — коргоочу, экономикалык жана социалдык мааниге ээ, же тынчтык жана согуш мезгилинде өзгөчө кырдаалдын пайда болуу опурталы жогорку даражадагы объекттери бар уюмдар (мекемелер, ишканалар, менчигинин түрүнө карабастан чарба объекттери).

Жарандык коргонуу боюнча комиссия — Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун координациялоочу, Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды уюштурууга жана аткарууга арналган туруктуу иштөөчү органы.

Жарандык коргонуу кызматы — менчигинин түрүнө жана мекемелик тиешелүүлүгүнө (баш ийүүчүлүгүнө) карабастан мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн Жарандык коргонуунун атайын иш-чараларынын конкреттүү түрлөрүн биргеликте өткөрүүгө жарамдуу, ишинин тармагы бирдей болгон башкаруу органдарынын, күчтөрүнүн жана каражаттарынын уюштуруу-техникалык бирикмеси.

Жарандык коргонуунун күчтөрү — Жарандык коргонуунун аскерлери, түзүмдөрү жана кошуундары.

Жарандык коргонуунун каражаттары — адамдарды куткарууга, авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү үчүн арналган атайын курулмалар, техникалар, шаймандар, жабдуулар, жабдыктар, байланыш каражаттары, жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү каражаттары, материалдык-техникалык каражаттардын запастары.

Жарандык коргонуунун аскерлери жана бөлүктөрү — тынчтык жана согуш мезгилинде Жарандык коргонуунун маселелерин чечүүгө атайын даярдалган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик бөлүктөрү, түзүмдөрү жана бөлүмдөрү.

Жарандык коргонуу кошуундары — аймактык-тармактык принциби боюнча уюмдардын базасында түзүлүүчү, тынчтык жана согуш мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдарда, анын ичинде коомдук башталышта жана ыктыярдуу негизде түзүлүүчү алдын алуучу жана авариялык-куткаруучу дагы башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүү үчүн камдалган атайын техникасы жана мүлкү бар кошуундар.

Согуш мезгилинде Жарандык коргонуу боюнча топко киргизилген аймак — Жарандык коргонуу жагында олуттуу коргонуу жана экономикалык мааниге ээ болгон шаар же башка калктуу конуш жайгашкан аймак.

Өзгөчө кырдаал зонасында калктын жашоо тиричилигин биринчи кезекте камсыздоо — калктын сууга, тамак ашка, биринчи кезектеги керектүү нерселерге, медициналык кызматтарга жана каражаттарга, коммуналдык-тиричилик кызматтарына, үй-жайга, транспортко жана маалыматка болгон биринчи кезектеги муктаждыктарын камсыздоо.

Жарандык коргонуунун башкаруу органдары — тынчтык жана согуш мезгилинде Жарандык коргонуу иш-чараларын жетектөөчү жана аткарылышын камсыздоочу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар.

Кырсык — адамдардын көп сандагы өлүмүнө жана масштабдуу экологиялык зыяндарга туш кылып, адамдардын зыянга учурашын күчөтүүчү, коомдун өздүк ресурстар менен сактануу мүмкүнчүлүгүнөн ашуу менен коомчулуктун жашоосунун олуттуу бузулушу.

Кырсыктардын коркунучу — кырсыктын натыйжасында өзгөчө кырдаалдар убагында адамдардын курман болушу, зордук-зомбулукка кабылуунун күчөшү, материалдык, экономикалык жана экологиялык чыгымдар менен коштолуучу мүмкүн болгон жоготуулар,

Кырсыктардын коркунучун азайтуу — гендердик жагдайды эске алуу менен калктын жана аймактардын кырсыктардын коркунучуна кабылуусун азайтуу, системалуу талдоо жана коркунуч факторлорунун себептерин көзөмөлгө алуу жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун негизинде өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жогорулатуу боюнча чаралардын жыйындысы.

Эвакуация — өзгөчө кырдаал болгон же өзгөчө кырдаал болушу ыктымалдуу аймактан калкты уюшкандыкта чыгарып кетүү (чыгаруу) жана аны күн мурунтан даярдалып коюлган коопсуз (өзгөчө кырдаалдардын кыйратуучу факторлорунун булагынын таасиринен тышкаркы) аймактарга биринчи кезектеги жашоо тиричилик шарттары менен кыска мөөнөттө жайгаштыруу боюнча иш-чаралардын комплекси.

Калкты көчүрүү — өзгөчө кырдаалдар коркунучунда жана өзгөчө кырдаал болгон учурда калкты кооптуу аймактардан коопсуз жерлерге убактылуу же туруктуу жашоочу орундарга көчүрүү боюнча иш-чаралардын комплекси.

Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо — табигый жана техногендик процесстердин, кубулуштардын абалын жана өзгөрүүлөрүн байкоого алуу, талдоо, баалоо болжолдоо жана алдын алуу багытындагы иш-чаралардын топтому.

Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун комплекстүү тутуму — өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо боюнча функциялык-тармактык түзүмдөрдү жана кызматтарды бириктирүүчү тутум.

Потенциалдуу кооптуу объект — өзгөчө кырдаалдар коркунучун реалдуу жараткан өрт жана жарылуу коркунучу бар, радиоактивдүү, коркунучтуу химиялык, биологиялык жана уулуу заттарды пайдалануучу, өндүрүүчү, иштетүүчү, сактоочу объект, ошондой эле белгилүү бир абалда өзгөчө кырдаалды реалдуу пайда кылышы мүмкүн болгон инженердик-техникалык жана башка курулмалар жана объектилер.

Авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштер — өзгөчө кырдаалдар зонасында адамдарды куткарууга жана жардам көрсөтүүгө, кырсыктын очогун чектөөгө жана жоюуга, кайра болуп кетүү коркунучун токтотууга, материалдык-маданий баалуулуктарды корууга жана сактоого багытталган кечиктирилгис жумуштар.

Элди жарандык коргонуу жагында даярдоо — калктын бардык топторуна өзгөчө кырдаалдарда жана согуштук чыр-чатактар убагында коркунучтардан сактануу боюнча билимдерди жана ыкмаларды үйрөтүүгө, ошондой эле практикалык иштерге үйрөтүү боюнча максатка багытталган ишти уюштуруу процесси.

3-берене. Жарандык коргонууну уюштуруу жана ишке ашыруу принциптери

  1. Жарандык коргонуу ишин уюштуруу жана жүргүзүү — мамлекеттин бирден бир өтө маанилүү иш-милдеттеринин бири, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун курамдык бөлүгү болуп саналат. Кыргыз Республикасында Жарандык коргонуу аймактык-тармактык принцип боюнча уюштурулат жана жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасында Жарандык коргонууну уюштуруу жана жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик тутуму тарабынан ишке ашырылат.

  1. Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды пландоо жана ишке ашыруу Жарандык коргонуунун башкаруу органдары тарабынан экономикалык, жаратылыштык жана башка шарттарды, калктын ар кандай топторунун демографиялык, гендердик, маданий өзгөчөлүктөрүн, аймактардын өзгөчөлүктөрүн жана өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу коркунучунун даражасын эске алуу менен жүргүзүлөт.

Жарандык коргонуу боюнча иш-чаралардын планы колдо болгон күчтөрдүн жана каражаттардын зарыл болгон көлөмдө жетиштүүлүгүнө жана аларды пайдалануу принциптерине жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Жарандык коргонуу боюнча иш-чаралар мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын күчтөрү жана каражаттары менен ишке ашырылат.

Согуш мезгилинде мамлекетти Жарандык коргонууга даярдоо Жарандык коргонуунун башкаруу органдары тарабынан мурдатан, тынчтык мезгилде болсо — куралдардын, согуштук техниканын жана согуштук аракеттерде же ушул аракеттердин натыйжасында пайда болуучу коркунучтардан калкты коргоо каражаттарынын өнүккөндүгүн эске алуу менен ишке ашырылат.

  1. Согуш мезгилинде Кыргыз Республикасынын аймагында же айрым жерлеринде Жарандык коргонууну киргизүү Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан согуштук абал жөнүндө жарыяланган же согушуу аракеттери иш жүзүндө башталган учурдан тартып башталат.

4-берене. Жарандык коргонуу жагындагы укуктук жөнгө салуу

Жарандык коргонуу жагындагы укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык ишке ашырылат.

5-берене. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму

  1. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
  2. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун милдеттери:

— ар түрдүү топтордун демографиялык, гендердик өзгөчөлүктөрүн жана Кыргыз Республикасынын аймактарынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өзгөчө кырдаалдарда калкты коргоону камсыз кылуу боюнча укуктук ченемдерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

— өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга, өндүрүштүк жана социалдык маанидеги объекттердин өзгөчө кырдаалдарда иштөөгө туруктуулугун жогорулатууга багытталган максаттуу жана илимий-техникалык программаларды ишке ашыруу;

— Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын күчтөрүнүн жана каражаттарынын даярдыгын камсыз кылуу;

— өзгөчө кырдаалдардын социалдык-экономикалык кесепеттерин божомолдоо жана аларга баа берүү;

— Жарандык коргонуу жагындагы маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, алмашуу жана берүү;

— мамлекеттик органдардын, бардык деңгээлдердеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын жетекчилерин, кызматкерлерин даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;

— калкты өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүүгө үйрөтүү;

— өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;

— өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу үчүн финансылык жана материалдык резервдерди караштыруу;

— Жарандык коргонуу жагында мамлекеттик экспертиза жасоо, өнөр жай, кен, өрт коопсуздуктарын контролдоо жана көзөмөлдөө;

— Кыргыз Республикасынын калкын жана аймактарын өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча эл аралык кызматташуу;

— баш калканчтарды жана радиацияга каршы калканчтарды, башкаруунун кошумча пункттарын, тынчтык жана согуш мезгилинде болуучу коркунучтар тууралуу сигналдарды калкка өз убагында жеткирүү үчүн байланыш жана маалымдоо системаларын түзүү жана даяр абалда кармоо;

— өзгөчө жана кризистик кырдаалдар учурунда айыл чарба жаныбарларын, өсүмдүктөрдү, азык-түлүктөрдү, азык-түлүк заттарын, жем-чөптү, суу булактарын жана суу менен камсыз кылуу тутумдарын коргоо;

— өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу;

— калкты, материалдык жана маданий баалуулуктарды коопсуз жерлерге эвакуациялоо;

— өзгөчө кырдаалдар учурунда, ошондой эле убактылуу жайгаштыруучу жайларда аялдардын жана балдардын аялуулугун азайтуу жана зомбулукту болтурбоо;

— коммуналдык-техникалык кызматтарды жана коммуникацияларды калыбына келтирүү;

— медициналык жардам көрсөтүү, калктын турмуш-тиричилигин камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;

— өзгөчө кырдаалдар учурунда авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү;

— радиоактивдүү, химиялык, биологиялык жана башка булганууга учураган жерлерди аныктоо жана белгилөө;

— калкты, техниканы, имараттарды жана башка объекттерди зыянсыздандыруу боюнча санитардык тазалоо иш-чараларын жүргүзүү;

— жарык жана башка түрдөгү жазгырып-далдалоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү;

— мүмкүн болгон табигий жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан калкка жана аймактарга келүүчү коркунучтарын баалоо боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү;

— өзгөчө кырдаалдарды божомолдоо жана мониторинг жүргүзүү;

— Улуттук платформанын алкагында кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча иш-чараларга бардык кызыкдар тараптарды тартууну уюштуруу;

— калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо максатында башка иш-чараларды жүргүзүү.

  1. Тынчтык убагында Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун төмөнкүдөй иштөө тартиби орнотулат:

— күндөлүк иштөө режими — нормалдуу өндүрүштүк, радиациялык, химиялык, биологиялык (бактериологиялык), сейсмикалык жана гидрометеорологиялык абалда;

— күчөтүлгөн даярдык режими — өндүрүштүк, радиациялык, химиялык, биологиялык (бактериологиялык), сейсмикалык жана гидрометеорологиялык абал начарлаганда же өзгөчө кырдаалдын болушу мүмкүндүгү тууралуу божомол алынганда.

— өзгөчө кырдаал режими — өзгөчө кырдаал болгондо жана анын кесепеттерин жоюу учурунда.

Жарандык коргонуунун тынчтык жана согуш мезгилиндеги иштөө режимин киргизүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

6-берене. Жарандык коргонуунун лабораториялык байкоо жана контролдоо тармагы

Айлана-чөйрөнүн (ачык суулардын, абанын, топурактын, өсүмдүктөрдүн), тамак-аш азыктардын, азык-түлүк заттардын, жем-чөптөрдүн жана суунун радиоактивдүү, ууландыруучу жана күчтүү таасир этүүчү уу заттар, биологиялык (бактериялык) жана башка заттар менен булганышын байкоого алуу жана лабораториялык контролдоо, ошондой эле эпидемиялардын, эпизоотиялардын, эпифитотиялардын жана башка жугуштуу оорулардын чыгышын контролдоо үчүн Жарандык коргонуунун лабораториялык байкоо жана контролдоо тармагы түзүлөт.

Жарандык коргонуунун лабораториялык байкоо жана контролдоо түйүндөрүнүн курамына эпидемиологиялык жана гигиеналык борборлор, ветеринардык лабораториялык станциялар, агрохимиялык лабораториялар, айлана-чөйрөнү аналитикалык көзөмөлдөө лабораториялары, радиациялык жана химиялык көзөмөлдөө посттору ошондо эле объектилик лабораториялар жана башка уюмдар кирет.

Жарандык коргонуунун лабораториялык байкоо жана контролдоо тармагын түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

2-глава. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктары, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын, калктын укуктары жана милдеттери

7-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктары

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

— Жарандык коргонуу жагындагы мамлекеттик бирдиктүү саясатты аныктайт;

— Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, Президенттин жарлыктарынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун негизинде жана аларды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жарандык коргонуу жагындагы мамлекеттик программаларын ишке ашыруунун концепцияларын, стратегияларын жана программаларын бекитет;

— Жарандык коргонуу жагында илимий изилдөөлөрдү иштеп чыгууну жана жүргүзүүнү, атайын программаларды аткарууну уюштурат;

— Жарандык коргонуу кызматтарынын тизмесин аныктайт жана алардын милдеттерин, аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын жана уюмдардын Жарандык коргонуу жагындагы функцияларын, иштөө тартибин, укуктарын жана милдеттерин аныктайт, Жарандык коргонуунун республикалык кызматтарын түзүү жөнүндө чечим кабыл алат;

— Жарандык коргонуунун муктаждыктары үчүн мамлекеттик финансылык жана материалдык резервдерди түзүүнү камсыз кылат, ошондой эле аларды пайдалануунун тартибин аныктайт;

— республикалык бюджеттин эсебинен Жарандык коргонуунун кечиктирилгис иш-чараларын каржылоо маселесин чечет;

— ири масштабдуу өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга жетекчилик кылуу жана алар болгон учурда мамлекеттик жардам көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алат;

— Аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосунда жарандык коргонуу жагындагы маалыматтарды топтоо, жана алмашуу тартибин аныктайт;

— Жарандык коргонуу кошуундарын түзүүнүн жана иштөө тартибин аныктайт;

— өзгөчө жана кризистик кырдаалдар учурунда аялдарга жана балдарга карата зомбулук опурталын азайтуу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле башка уюмдардын жана жарандардын өз ара иштешүү тартибин аныктайт;

 — жашап жаткан калктын санына, өлкөнүн экономикасында орчундуу роль ойногон же калктын коопсуздугуна таасири бар уюмдардын санына, ошондой эле өлкөнүн экономикасындагы ордуна же калктын коопсуздугуна таасир этүүчү ролу боюнча уюмдардын бар экендигине жараша аймактарды Жарандык коргонуу боюнча топторго, ошондой эле уюмдарды мамлекеттин экономикасындагы ролуна же калктын коопсуздугуна тийгизген таасирине жараша Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин аныктайт;

— калкты, материалдык-маданий баалуулуктарды коопсуз райондорго эвакуациялоо жана көчүрүү тартибин аныктайт;

— Калкты Жарандык коргонуу жагында окутуунун тартибин аныктайт;

— Жарандык коргонуунун коргоочу курулмаларын жана башка объекттерин куруунун тартибин, ошондой эле Жарандык коргонуу максатында материалдык-техникалык, азык-түлүктүк, медициналык жана башка каражаттардын запастарын түзүүнүн, сактоонун жана пайдалануунун тартибин аныктайт;

— Жарандык коргонууну даярдыкка келтирүү тартибин аныктайт;

— өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун чен өлчөмдөрүн белгилейт;

— Жарандык коргонуунун аскердик түзүмдөрүнүн штаттык бирдигин жана Жарандык коргонуунун аскерлери жөнүндө жобону бекитет;

— өзгөчө кырдаалдардын опурталын жана андан болуучу чыгымдарды баалоонун тартибин аныктайт;

— өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүү жана баалоо тутумун түзүү жана иштөө тартибин аныктайт;

— авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис жумуштарды аткарууга чыгымдарды компенсациялоо тартибин аныктайт;

— Жарандык коргонуу жагындагы мамлекеттик экспертизаны, контролду жана көзөмөлдү жүргүзүү тартибин аныктайт;

— Жарандык коргонуу жагында көрсөтмөлөрдү берүү тартиби жөнүндө жобону бекитет;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жарандык коргонуу жагындагы башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

8-берене. Жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары

  1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аскердик мекеме болуп эсептелет жана аскер кызматчылары, мамлекеттик кызматчылар, кызматчылар жана кенже тейлөөчү персонал менен комплектиленет (мындан ары — Жарандык коргонуунун кызматкерлери).
  2. Жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери символикасы жана айырмалоочу белгилери бар атайын ведомстволук форма менен камсыз кылынат. Атайын техника Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү символика жана атайын сигналдар менен жабдылат.
  3. Дайыма даярдыктагы күчтөр болуп Жарандык коргонуунун аскерлери жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүктөрү эсептелет.
  4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:

— Жарандык коргонуу жагындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга катышат;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен Жарандык коргонууну уюштуруу жана жүргүзүү боюнча чараларды ишке ашырат;

— министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдар тарабынан милдеттүү түрдө аткарыла турган Жарандык коргонуу жагындагы буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү берет;

— Жарандык коргонуу жагында берилген буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү аткарбагандык фактылары боюнча күнөөлүү адамдарды жана юридикалык жактарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартат;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар учурунда Жарандык коргонуу жагындагы ченемдерди, эрежелерди жана стандарттарды бузгандыгы үчүн кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана укук коргоо органдарына сунуштарды киргизет;

— бардык деңгээлдеги мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын ишин Жарандык коргонуу жагында мамлекеттик башкарууну жана координациялоону ишке ашырат;

— Жарандык коргонуу жагындагы маалыматтарды белгиленген тартипте чогултат жана иштеп чыгат, ошондой эле аларды алмашат;

— Жарандык коргонуунун, уюмдарды башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу жагында даярдоону жана кайра даярдоону уюштурат жана координациялайт.

— өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча иш-чараларды координациялайт жана жүргүзөт;

— Жарандык коргонуу жагындагы концепцияларды, стратегияларды, максаттуу программаларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну уюштурат;

— калкты жана аймактарды коргоо боюнча атайын алдын алуу иш-чараларын, авариялык-калыбына келтирүү иштерин жана коргоо иш-чараларын жүргүзөт;

— жеке коргонуу каражаттарын, химиялык жана дозиметриялык контролдоо шаймандарын түзөт жана даярдыкта кармайт;

— табигый, техногендик жана башка коркунучтарга комплекстүү мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо тутумунун иштөөсүн уюштурат;

— калктын турмуш-тиричилигин, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын аймагында Кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча улуттук платформанын мүчөлөрүнүн ишин координациялайт жана камсыздайт;

— ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерин социалдык жактан коргоону жана камсыздандырууну мыйзамга ылайык камсыз кылат;

— Кыргыз Республикасында өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу тутумун, өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу коркунучу же пайда болгону жөнүндө кабарлоо тутумун түзөт жана ар дайым даярдыкта кармайт;

  1. Ыйгарым укуктуу органдын билим берүүчү уюму Жарандык коргонуу жагындагы адистерди окутуу, даярдоо жана кайра даярдоо максатында түзүлөт.

Ыйгарым укуктуу органдын билим берүүчү уюмунун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

— Жарандык коргонуу жагындагы адистерди окутуу, даярдоо жана кайра даярдоо;

— Жарандык коргонуу жагындагы адистердин кесиптик жактан өсүшү жана квалификациясын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү;

— Жарандык коргонуу жагындагы ишти өркүндөтүүнүн актуалдуу проблемалары боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү.

  1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын ыйгарым укуктары, укуктары жана милдеттери, алардын ченемдик жөнгө салуунун, ошондой эле Жарандык коргонуу жагындагы атайын, уруксат берүүчү, көзөмөлдөөчү жана контролдоочу иштерди аткаруусунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү ушул орган жөнүндө Жобо менен аныкталат.

9-берене. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ведомстволорунун Жарандык коргонуу жагындагы милдеттери

Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана администрациялык ведомстволору аларга бөлүнгөн акча каражатынын жана штаттык сандын чегинде Жарандык коргонуу жагындагы маселелерди чечүү үчүн бөлүмдөрдү (адистерди) түзүшөт.

Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана администрациялык ведомстволору:

— тынчтык жана согуш мезгилине карата Жарандык коргонуунун иш-мерчемин иштеп чыгышат жана ишке ашырышат, аларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашат;

— бардык деңгээлдерде жана бардык түзүмдүк бөлүктөрдө Жарандык коргонуу боюнча комиссияларды түзүшөт, алардын курамын, милдеттерин аныкташат жана алардын иштерин координациялашат;

— тынчтык жана согуш мезгилинде Жарандык коргонууну жүргүзүү үчүн керектүү күчтөрдү даярдашат, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте өзгөчө кырдаалдар коркунучу учурундагы жана өзгөчө кырдаал болгондогу иш-аракеттин эрежелерине үйрөтүшөт;

— өзгөчө кырдаалдарда тармактардын иштөөсүнүн туруктуулугун жогорулатуу боюнча уюштуруучу жана инженердик-техникалык иш-чараларды иштеп чыгышат жана ишке ашырышат;

— радиациялык, химиялык, медициналык-биологиялык, жарылуу, өрт жана экологиялык коопсуздукту, суудагы коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну, ошондой эле Жарандык коргонуунун инженердик-техникалык иш-чараларын аткарууда өндүрүштүк жана социалдык багыттагы объектилерди долбоорлоодо, курууда жана ишке киргизүүдө ченемдерди жана эрежелерди сактоону камсыз кылышат;

— өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана өзгөчө кырдаал мезгилинде авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүү боюнча республикалык бюджеттин жана менчик каражаттардын эсебинен каржылоону алдын ала караштырышат;

— тынчтык жана согуш мезгилинде экономиканын туруктуу иштөөсү жана калкты коргоо үчүн зарыл болгон объектилерди сактоого багытталган иштерди аткарышат;

— Жарандык коргонууну башкаруунун техникалык тутумдарын түзүшөт жана дайыма даяр абалда кармашат;

— Жарандык коргонуу максатында тынчтык мезгилде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү материалдык-техникалык, азык-түлүктүк, медициналык жана жеке коргонуу каражаттарынын запастарын түзүшөт жана кармашат;

— тармактык чөйрөдө табигый жана техногендик процесстерге мониторинг жүргүзүү, божомолдоо боюнча иш жүргүзүшөт;

— мекемеге караштуу объектилерде пайда болуучу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрүшөт;

— өзгөчө кырдаалдарда уюмдардын кызматкерлерин коргоо, уюмдардын иштөөсүнүн коопсуздугун жана туруктуулугун арттыруу маселелерин чечүүдө усулдук жетекчиликти ишке ашырышат;

— өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу, уюмдардын кызматкерлерин жана калкты коргоо маселелери боюнча тармактык талаптарды, ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгышат жана уюмдарга маалымдашат.

10-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Жарандык коргонуу жагындагы милдеттери

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:

— Жарандык коргонуу боюнча комиссияларды түзүшөт жана алардын ишин координациялашат;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жарандык коргонуу жагындагы чечимдерди чыгарышат;

— ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен кызматташтыкта өздөрүнө караштуу аймакта өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо, кырсыктардын опурталын баалоо жана алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүшөт;

— табигый кооптуу процесстердин аймактарынан жер участокторунун бөлүнүп берилишин болтурбоо максатында турак үйлөрдү, административдик жана өндүрүштүк имараттарды жана курулмаларды курууга жер участокторун бөлүү жөнүндө чечимдерди Жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашышат;

— Жарандык коргонууну жүргүзүү үчүн зарыл болгон күчтөрдү жана каражаттарды даярдашат жана даярдыкта кармап турушат;

— ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте калкты өзгөчө кырдаалдарда коргонуу жана аракеттенүү ыкмаларына үйрөтүүнү уюштурушат;

— өзгөчө кырдаалдар коркунучунда жана өзгөчө кырдал болгондо эвакуациялык иш-чараларды жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алышат жана аларды ишке ашырууну уюштурушат;

— ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн аткарууну камсыздашат;

— табигый кооптуу процесстердин аймактарынан калкты көчүрүү боюнча комплекстүү иш-чараларды алдын ала жүргүзүшөт;

— өзгөчө кырдаалдардын чыгуу коркунучу же чыккандыгы жөнүндө калкка өз убагында кабар берүүнү камсыздашат;

— өздөрүнө караштуу объекттерде жана аймактарда болгон өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрүшөт;

— тынчтык мезгилде материалдык-техникалык, азык-түлүк, медициналык, жеке жана жамааттык коргонуу каражаттарынын запастарын түзүү жана даярдыкта кармоо үчүн жыл сайын республикалык бюджетте финансылык каражаттарды караштырышат.

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери:

— Жарандык коргонуу боюнча комиссияларды түзүшөт жана алардын ишин координациялашат;

— Жарандык коргонууну уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жооптуу кызматкерлерди дайындашат;

— өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жарандык коргонуу жагындагы чечимдерди чыгарышат;

— Жарандык коргонуу иш-пландарын иштеп чыгышат жана ишке ашырышат, аларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашат;

— мекемеге караштуу аймакта өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кырсыктардын опурталын божомолдоо, баалоо боюнча иш-чараларды жүргүзүшөт;

— табигый кооптуу процесстердин аймактарынан жер участокторунун бөлүнүп берилишин болтурбоо максатында турак үйлөрдү, административдик жана өндүрүштүк имараттарды жана курулмаларды курууга жер участокторун бөлүү жөнүндө чечимдерди Жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашат;

— Жарандык коргонууну жүргүзүү үчүн зарыл болгон күчтөрдү жана каражаттарды даярдоону жана даярдыкта кармоону ишке ашырышат;

— Жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен кызматташтыкта калкка өзгөчө кырдаалдарда коргонуу жана аракеттенүү ыкмаларын маалымдашат жана окутушат;

— өзгөчө кырдаалдардын коркунучунда жана өзгөчө кырдаал болгондо эвакуациялык иш-чараларды жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алышат жана алардын аткарылышын уюштурушат;

— калкты табигый кооптуу процесстердин аймактарынан көчүрүү боюнча комплекстүү алдын алуучу чараларды көрүшөт;

— өзгөчө кырдаалдардын чыгуу коркунучу же чыккандыгы жөнүндө калкка өз убагында кабар берүүнү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте камсыздашат;

— карамагындагы объектилерде жана аймактарда пайда болгон өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иштерди аткарышат;

— жергиликтүү бюджетте Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө финансылык каражат караштырышат жана бөлүшөт;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн аткарууну камсыз кылышат.

11-берене. Уюмдардын милдеттери

Уюмдар өздөрүнүн объекттеринде:

— өздөрүнүн штаттарында Жарандык коргонуу боюнча адистин кызмат ордун кармашат;

— Жарандык коргонуу кошуундарын түзүшөт жана аларды Жарандык коргонуу иш-чараларын жүргүзүүгө даярдыкта кармашат;

— тынчтык жана согуш мезгилине карата Жарандык коргонуу иш-пландарын иштеп чыгышат жана ишке ашырышат;

— потенциалдуу кооптуу объектилерде кырсыктарды мониторингдөө, божомолдоо жана опурталына баа берүү боюнча иш-чараларды жүргүзүшөт;

— өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, тынчтык жана согуш мезгилинде уюмдун туруктуу иштеши боюнча иш-чараларды жүргүзүшөт;

— ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте өзүнүн кызматчыларына тынчтык жана согуштук мезгилдеринде өзгөчө кырдаалдар болгон учурда коргонуу ыкмаларын үйрөтүшөт;

— кабарлоо тутумун түзүшөт жана өзгөчө кырдаал пайда болгон учурга карата алардын туруктуу иштешин камсыздашат;

— материалдык-техникалык, азык-түлүк, медициналык, жеке жана жамааттык коргонуу каражаттарынын запастарын түзүшөт;

— потенциалдуу-опурталдуу объектилердеги кызматкерлерди жана өзгөчө кырдаал таралуусу мүмкүн болгон аймакта жашаган калкты жеке коргонуу каражаттары менен камсыздашат;

— өзгөчө кырдаал коркунучу жана өзгөчө кырдаал пайда болгону тууралуу Жарандык коргонуунун башкаруу органдарына жана калкка токтоосуз билдиришет;

— өзүнүн объекттеринин аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрүшөт.

— зарыл болгон учурда Жарандык коргонуунун башкаруу органынын чечими менен, өзүнүн менчигинде турган транспорт каражаттарын, жабдыктарын жана шаймандарын калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча тапшырмаларды аткаруу үчүн беришет.

12-берене. Кыргыз Республикасынын калкынын Жарандык коргонуу жагындагы укуктары жана милдеттери

  1. Кыргыз Республикасынын калкы төмөнкүдөй укуктарга ээ:

— өзгөчө кырдаал болгон кезде өз өмүрүн, ден соолугун жана жеке мүлкүн сактоого;

— өзгөчө кырдаалдар зонасында жүргөн учурда акысыз медициналык тейленүүгө жана дарыланууга;

— жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын Жарандык коргонуу иш-чараларын аткаруу үчүн арналган мүлктөрүн пайдаланууга;

— ыктыярдуу (коомдук) куткаруучу кошуундардын курамына кирүүгө;

— Кыргыз Республикасынын айрым бир аймактарында болгондо калк чалдыгышы мүмкүн болгон опурталдар жана керектүү коопсуздук чаралары жөнүндө маалымат алууга;

— Жарандык коргонуу иш-чараларына катышууга.

  1. Өзгөчө кырдаалды жоюуга белгиленген тартипте түздөн-түз катышкан калкка өзгөчө кырдаал зонасында иштегени үчүн компенсацияларды жана жеңилдиктерди алууга укук берилет.

Кыргыз Республикасынын калкына компенсацияларды жана жеңилдиктерди берүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

  1. Кыргыз Республикасынын калкы төмөнкүлөргө милдеттүү:

— өзгөчө кырдаал коркунучу пайда болгон учурда өзүнүн жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнүн коопсуздугун камсыздоо боюнча күн мурунтан чара көрүүгө;

— күндөлүк ишинде коопсуздук чараларын сактоого, өзгөчө кырдаалдын пайда болушуна алып келе турган эреже бузууларга жол бербөөгө;

— калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдан коргоо жолдорун, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү ыкмаларын, коргонуунун жамааттык жана жеке каражаттарын пайдалануу эрежелерин үйрөнүүгө;

— мамлекеттик бийлик органдарына жана уюмдарга өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөк көрсөтүүгө;

— Жарандык коргонуунун тиешелүү башкаруу органдарына өзгөчө кырдаалдардын коркунучу пайда болгондугу же болгондугу тууралуу маалымдоого.

3-глава. Жарандык коргонуунун башкаруу органдары, Жарандык коргонуу боюнча комиссиялар, Жарандык коргонуу кызматтары

13-берене. Жарандык коргонуунун башкаруу органдары

  1. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму үч деңгээлден турат: республикалык, аймактык жана объектилик.
  2. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумун жетектөө төмөнкүдөй ишке ашырылат:

— республикалык деңгээлде — Кыргыз Республикасынын Премьер-министри — Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун башчысы,

ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун башчысынын орун басары болуп эсептелет;

— аймактык деңгээлде — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары — өз аймактарындагы Жарандык коргонуунун башчылары. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүктөрүнүн жетекчилери аймактык деңгээлдеги Жарандык коргонуунун башчыларынын орун басарлары болуп эсептелишет;

— объектилик деңгээлде — уюмдардын жетекчилери — Жарандык коргонуунун башчылары;

— тармактык тутумдарда — аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилери — Жарандык коргонуунун башчылары.

  1. Жарандык коргонуунун башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

— республикалык деңгээлде — ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ошондой эле аткаруу бийлигинин борбордук органдарынын Жарандык коргонуу боюнча бөлүмдөрү (кызматкерлери);

— аймактык деңгээлде — ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү, ошондой эле облустардагы, шаарлардагы аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Жарандык коргонуу бөлүмдөрү (кызматкерлери);

— объектилик деңгээлде (уюмдарда) — уюмдун жетекчисине түздөн-түз баш ийген, Жарандык коргонуу жагындагы тапшырмаларды аткаруучу атайын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүктөр (өзүнчө кызматкерлер).

Жарандык коргонуунун тармактык тутумдарында ушул сыяктуу башкаруу органдары менчигинин түрүнө карабастан жетекчинин буйругу менен түзүлөт.

14-берене. Жарандык коргонуу боюнча комиссиялар

  1. Тиешелүү деңгээлдеги, тармактагы жана объектилердеги Жарандык коргонуу боюнча комиссиялар Жарандык коргонуунун туруктуу иштөөчү координациялык органы болуп эсептелишет.

Жарандык коргонуу боюнча комиссия өзүнүн ишин тиешелүү аймакта жайгашкан уюмдардын администрациялары, коомдук уюмдар же алардын калктын, экономиканын, айлана-чөйрөнүн коопсуздугу боюнча түзүлүштөрү менен тыгыз иштешүү принцибинде жүргүзөт.

  1. Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдери ведомстволук тиешелүүлүгүнө жана менчигинин уюштуруу-укуктук формасына карабастан баардык ведомстволук уюмдар же тиешелүү аймакта жайгашкан уюмдар, ошондой эле ошол аймакта жашаган калк тарабынан аткарылууга милдеттүү.
  2. Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын түзүмү жана курамы, анын функциялары ага тапшырылуучу милдеттерди, мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана уюмдун штаттык санын эске алуу менен, ошондой эле тиешелүү аймакта жайгашкан опурталдуу объектилердин санына, өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу коркунучуна жана алардын мүмкүн болуучу кесепеттерине жана башка өзгөчөлүктөрүнө жараша белгиленет.

Жарандык коргонуу боюнча комиссиялар жөнүндө типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

15-берене. Жарандык коргонуу кызматтары

  1. Тынчтык жана согуш мезгилдеринде Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды аткаруу үчүн Жарандык коргонуунун республикалык, облустук, райондук жана шаардык кызматтары түзүлөт.
  2. Жарандык коргонуу кызматтары төмөнкүлөр үчүн арналат:

— Жарандык коргонуунун инженердик-техникалык, медициналык жана башка атайын иш-чараларын аткаруу;

— өздөрүнүн күчтөрүн жана каражаттарын даярдоо;

— авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүдө Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн иш-аракетин камсыз кылуу;

— Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын чечимине ылайык атайын тапшырмаларды аткаруу үчүн.

  1. Жарандык коргонуу кызматтарын түзүү жөнүндө чечимдер, алардын тизмеси жана жоболору тиешелүү деңгээлде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана ыйгарым укуктарына ылайык уюмдардын жетекчилери тарабынан кабыл алынат.

4-глава Жарандык коргонуунун күчтөрү

16-берене. Жарандык коргонуунун күчтөрү

  1. Жарандык коргонуунун аскерлери жана бөлүктөрү көп тармактуу, жогорку натыйжалуу, оптималдуу сандагы, куткаруучу күчтөрдүн уюштуруучу өзөгүн түзүүчү куткаруучу тутум болуп саналат.
  2. Жарандык коргонуунун аскерлеринин жана бөлүктөрүнүн милдеттери:

— Жарандык коргонуунун аскерлерин жана бөлүмдөрүн өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, чара көрүү жана кесепеттерин жоюу боюнча тапшырмаларды аткарууга дайыма даярдыкта кармоо;

— Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы менен биргеликте согуш мезгилине карата даярдык жана жайгаштыруу боюнча мобилизациялык иш-чараларды уюштуруу жана жүргүзүү;

— ыктыярдуу жана профессионал куткаруучу түзүмдөрдү түзүү жана даярдоо;

— курал-жаракты, техниканы, тынчтык жана согуш мезгилинде авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүүгө арналган башка материалдык-техникалык каражаттарды топтоо, жайгаштыруу, сактоо жана өз убагында жаңылоо;

— өзгөчө кырдаал зоналарында жана аларга алып баруучу багыттарда чалгындоонун ар кандай түрлөрүн жүргүзүү;

— Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык чет мамлекеттердин аймактарында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуучу, авариялык-куткаруучу жана аларды чектөө жана кесепеттерин жоюу боюнча ар кандай мүнөздөгү башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү;

— жабыр тарткан калкты жашоо-тиричиликке биринчи кезектеги керектүү каражаттар менен камсыздоого катышуу;

— ведомстволук, ыктыярдуу өрт өчүрүүчү, кен кырсыгынан, суудагы кырсыктардан куткаруучу түзүмдөрдү, ошондой эле авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштерге тартылуучу күчтөрдү жана каражаттарды оперативдүү башкаруу;

— мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар менен авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүгө алардын күчтөрүн жана каражаттарын тартуу үчүн биргелешип аракеттенүү;

— авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү жагында илимий-изилдөөчү жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди жүргүзүүгө катышуу жана иш жүзүнө ашыруу;

— Жарандык коргонуу аскерлеринин жана бөлүктөрүнүн кадрларын даярдоону жана кайра даярдоону, алардын квалификациясын жана кесиптик чеберчилигин жогорулатууну уюштуруу жана ишке ашыруу, окуу процессин программалык-методикалык жактан камсыздоо;

— Жарандык коргонуу аскерлеринин жана бөлүктөрүнүн аскердик жана атайын даярдыгын өркүндөтүүгө багытталган эл аралык машыгууларга, мелдештерге, жыйындарга, семинарларга жана башка иш-чараларга катышуу.

— ушул Мыйзамдын 5-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган Жарандык коргонуу жагындагы башка милдеттерди аткаруу.

  1. Жарандык коргонуу аскерлеринин согуш мезгилиндеги иш-аракетинин өзгөчөлүктөрү:

— бөлүктөрдү жана бирикмелерди согуш мезгилиндеги штат боюнча мобилизациялоо жана жайгаштыруу;

— согуштук иш-аракет жүргүзүүнүн натыйжасында болгон кыйроо очокторуна жана өзгөчө кырдаал зоналарына Жарандык коргонуунун күчтөрүн киргизүүнү камсыз кылуу;

— Жарандык коргонуу күчтөрү жүрүүчү багыттарда жана өзгөчө кырдаал зоналарында чалгындоонун ар кандай түрлөрүн жүргүзүү;

— калктын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу объектилерди калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүгө катышуу, аэродромдорду, жолдорду, өткөөлдөрдү, ооруктун жана ооруктун инфратүзүмүнүн башка маанилүү элементтерин калыбына келтирүүгө байланышкан аймактык коргонуунун айрым тапшырмаларын аткаруу;

— курман болгондорду көмүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү.

  1. Согуштук аракеттер жүргүзүлүп жаткан убакта Жарандык коргонуунун аскерлеринин өздүк курамы Жарандык коргонууну жүргүзүү маселесине байланышпаган башка бир аскердик милдеттерди аткарууга тартылбайт. Жарандык коргонуунун аскерлери жана анда кызмат өтөп жүргөн аскер кызматчылары жарандык, аймактык жана жергиликтүү коргонуу тапшырмаларынан башка тикелей согуштук иш-аракетке катышышпайт жана башка тапшырмаларды аткарышпайт.
  2. Жарандык коргонуу аскерлеринин бөлүктөрүнүн жана бөлүмдөрүнүн штаттык-уюштуруу түзүмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген сандын чегинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилет.

17-берене. Жарандык коргонуунун түзүмдөрү

  1. Базасында Жарандык коргонуу кошуундары түзүлүүчү уюмдардын тизмеси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү тарабынан аныкталат жана Жарандык коргонуунун тиешелүү башчысы тарабынан бекитилет.
  2. Жарандык коргонуу кошуундарына Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандары кире алышат:

— 18 жаштан 60 жашка чейинки эркектер;

— 18 жаштан 55 жашка чейинки аялдар, мобилизациялык тапшырмасы бар аскерге милдеттүүлөрдөн, 1, 2 же 3 топтогу майыптардан (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардан), кош бойлуу аялдардан, 8 жашка чейинки балдары бар аялдардан, ошондой эле орто же жогорку медициналык билимдүү, 3 жашка чейинки балдары бар аялдардан башкалары.

5-глава. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу

18-берене. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу

  1. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иш-чаралар алардын пайда болуу ыктымалын жана болжолдуу чыгымын эске алуу менен күн мурунтан жүргүзүлөт. Зарыл болгон учурда калк коопсуз аймактарга эвакуацияланат жана/же көчүрүлөт.

Калкты эвакуациялоо жана/же көчүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү тартиби ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

  1. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иш чараларды пландоо жана ишке ашыруу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын башкаруу органдарына жана күчтөрүнө алардын Жарандык коргонуу жагындагы функцияларына, милдеттерине, ыйгарым укуктарына жана милдеттерине ылайык жүктөлөт.

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иш-чараларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган координациялайт.

  1. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга жетекчилик кылуу өзгөчө кырдаалдын кимдин аймагында болгондугуна жана анын оордугунун даражасына жараша, Жарандык коргонуу жагында аларга тапшырылган функцияларга, тапшырмаларга, ыйгарым укуктарга жана милдеттерге ылайык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана менчигинин формасына карабастан уюмдардын жетекчилерине жүктөлөт.

Республикалык жана транс-чегаралык өзгөчө кырдаал болгондо анын кесепеттерин жоюуга жетекчилик кылууну ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси өзүнө алат.

Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча иштердин жетекчиси өзүнүн буйругу менен өзгөчө кырдаалдын зонасынын чектерин, авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүүнүн, өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча аракеттердин тартибин белгилейт, ошондой эле зарыл болгон учурда калкты коопсуз аймактарга эвакуациялайт жана/же көчүрөт.

Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча иштердин жетекчисинин чечими, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, өзгөчө кырдаал зонасында жүргөн бардык жарандар жана уюмдар үчүн милдеттүү болот.

  1. Мамлекеттик бийликтин бардык органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын калкы жана мекемелери өзгөчө кырдаал зонасына күчтөрдү жана каражаттарды, гуманитардык жардамды тоскоолдуксуз өткөрүүгө жана ар тараптуу жардам көрсөтүүгө милдеттүү.
  2. Авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүгө каражат тартуунун жана аларды компенсациялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

6-глава. Жарандык коргонуу жагындагы мамлекеттик экспертиза, көзөмөл жана контроль

19-берене. Жарандык коргонуу жагындагы мамлекеттик экспертиза, көзөмөл жана контроль

Жарандык коргонуу жагындагы мамлекеттик экспертиза, көзөмөл жана контроль Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумуна жүктөлгөн милдеттерге жараша мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылат.

7-глава. Жарандык коргонуу жагындагы эл аралык кызматташуу жана эл аралык келишимдер

20-берене. Жарандык коргонуу жагындагы эл аралык кызматташуу жана эл аралык келишимдер

Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен Жарандык коргонуу жагында эл аралык кызматташуусу мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык ишке ашырылат.

8-глава. Жарандык коргонуу иш-чараларын каржылоо

21-берене. Жарандык коргонуу иш-чараларын каржылоо

  1. Жарандык коргонуу жагындагы иш-чаралар Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактар тарабынан каржыланат.
  2. Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө чыгымдар республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте төлөнөт.

Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды каржылоо мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринде жыл сайын бекитилчү бюджеттин каражаттарынын чегинде каралат.

22-берене. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн финансылык жана материалдык резервдерди түзүү жана пайдалануу

Финансылык жана материалдык резервдерди түзүүнүн, пайдалануунун жана ордун толтуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

23-берене. Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жагындагы мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

Кыргыз Республикасынын кызмат адамдары жана калкы тарабынан Жарандык коргонуу жагындагы милдеттерди аткарбоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке кириптер кылат.

24-берене. Корутунду жоболор

  1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
  3. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

— Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 239 «Жарандык коргонуу жөнүндө» Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 13-июлундагы № 108 «Кыргыз Республикасынын «Жарандык коргонуу жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамы.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Print Friendly, PDF & Email